Переводчик Translate.kg

каалга

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
каалга

каалга

Кыргызча-орусча сөздүк (Асанов Э.) (ky-ru)
дверь

КААЛГА

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (ky-ky)
(боз үйдүн каалгасы) — Үй жыгачынын бир бөлүгү. Бул топтоосуз, мыксыз эле баш босого менен аяк босогого ашталып бекитилген эки бөлүктөн турган тактайча. Түндүк босого менен бут босогодогу тегерек чуңкурчага каалганын баш-аяккы эки-үч элидей уурчугу өзү эле элпек кирип, элпек ачылып-жабылат.
      Эшик каалгага, босого-таякка түшкөн көркөм оюм-чийимдер үкөктөн, сандыктан анча айырмаланат. Үкөккө «мүйүз», «кыял», «бармак боочу» оюмдарын беттеп «табак оюмду» берүү шарттуу болсо, каалгага «мүйүз», «ит куйрук», «карга тырмак» оюмдарын үзүл-кесилсиз «жалпы оюм» кылып чийүүбүз көрктүү көрсөтөт. Боз үйдүн каалгасына үкөктөй эмес эле тактайдын бир учунан баштап эч жеринен өөн чыгарбай узун чийип алып, ага көркөм оюмду кынаптап түшүрүү салты сакталган. Ага түшкөн кооздуктар босого-таякка үндөшөт да, жыгач оюмунун бир бүтүмүн түзөт. Босого-таякка жана каалгага заводдон чыккан химиялык боекторду сүртүүгө болбойт. Коюу тартылган сыр үйдүн ички жасалгасын өзүнө жутуп алат. Дегенкиси жыгач буюмдарынын — үй эмеректеринин өңүн өзгөртүү оюм-чийим түшүрүүдөн кийин гана жүзөгө ашат. Эгер мүмкүн болсо оюм-чийим түшкөн жыгач буюмдарына кичине жошону сүртсө болот. Жошо жыгач улам эскирген сайын жүзүн ачат. Каалганын ортосунда үкөктүкүндөй кулпу салгыч болот.
      Жыгачка көркөм оюм түшүрүүдө көбүнчө шырдакка түшүрүлүүчү элдик оюмдар көрүнөт. Чыныгы чеберчилик абалы — оюмду тактай бетине чийип алуу. Буга оюм түшүрүүдө чебер өзү жасаган аспаптарын колдонот. Мында жыгачтын ички касиеттерин тааный билүү зарыл. Жыгач оюмдарына терек мыкты болот. Карагайдын жаш өзгөчөлүктөрүнө байланыштуу муунактары, сызыктары бар. Чайырдуу келип, бутактары арбын аны иштетүү татаал. Тактай беттери темгил-темгил келет. Натыйжада, ага көркөм оюм түшүрүү дааналанбайт. Терек бети аппак, ойдогудай иштетүүгө жумшак, чеберге шык берип турат. Азыр жергиликтүү теректер арбын пайдаланылууда.
      Жүк такта, сабаа такта, үкөк өңдүү салттуу буюмдардын түп нускаларына назар ташталып, чанда гана жыгаччылардын колдорунан тама турган мындай үлгүлөр азыр эки максатты тең көздөп, колдонмолук да, жасалгалык да мааниге ээ болот.
      Бул буюмдарга «кыял», «табак», «мүйүз» оюмдарынын элементтерин табакча-табакча жана жалпы оюм менен так
      жана төп түшүрүү менен боеп-сырдоонун эски элдик ыкмалары пайдаланылат.

каалга

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. Короого, үйгө кирүүчү жердеги ачылып-жабылып туруучу жыгачтан же темирден жасалган эшик. Кудаке сырттан кыйкырат: «Каалганы ачкын» — деп (Үсөнбаев). Кан Манастын ордосу, Жыйын курчу ак сарай, Каалгасы сом калай («Манас»).

каалга

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
1. (ср. эшик) деревянная створчатая дверь юрты;
2. сев. ворота.
каалга каалгалуу каалгасыз каалга каалга каалга