Переводчик Translate.kg

каармандык

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
геройство, героизм.

каармандык

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
kahramanlık.

каармандык

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
каармандык, каармандыгы, каармандыкка

каармандык

Кыргызча-орусча сөздүк (Асанов Э.) (ky-ru)
героизм

КААРМАНДЫК

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
КААРМАНДЫК «Манас» эпосунда эстетикалык көрүнүш катары өтө маанилүү, орчундуу орунду ээлейт. Бул жагдай кыргыз элинин көп кылымдык тарыхый жолундагы «жоокерчилик заман» деп аталган урунттуу окуяларды, жалпы эле жашоо үчүн күрөшкө жык толгон турмушун чагылдыруу менен тыгыз байланышкан. К. — эстетикалык категория катары адамдар жамаатынан (социалдык топ, тап, эл) чымырканган рухий жана кара күчтү, кайраттуулукту, жан аябастыкты талап кылган коомдук мааниси бар зор иштердин аткарылышын түшүндүрөт. Турмуштук көрүнүш катары булар «Манас» эпосунда конкреттүү сүрөттөөлөргө ээ. Эпостун мазмунунда элдин бийик максатка, тилеген тилекке, эң жогорку гуманисттик идеалдарга умтулушу баатырдык жан аябастык, тайманбастык, эрдик, жалтанбастык, ноюбастык, кайраттуулук, жанын кыюу менен коштолуп келип, кеңири планда көрсөтүлөт. Нукура К., эрдик, кайраттуулук, кайра тартпастык асыресе Манаска, анын чоролоруна өтө мүнөздүү. Мындай баатырдык белгилер башкы каарман Манаска туулгандан эле ыйгарыла баштайт. Анын алгачкы К-ы калмактар Жакыпты кордоп, жылкысын тийип жаткан учурда мындай зомбулукка чыдап тура албай, аларды тике качырып кирип, башчысы Кортукту кошуп калмактардын катыгын бериши, Манастын мүнөзүндөгү К-тын калыптанышы ушул алгачкы эрдиктен башталат. Оңойго турбаган ушул К-тан соң ал атасынан кыргыз уруулары кантип талкаланып, таланып туш-туш тарапка айдалып, өсүп-өнгөн жеринен, мекенинен алыста жүрүшкөндүктөрү тууралуу угуп, намыс-арына келип, элине мурункудай эркиндикти, күнкорсуздукту алып берүүнү өз алдына максат кылып коёт.
Манастын нукура баатырдыгы, жекече эрдиги, майышпас кайраттуулугу анын Эсенкан жиберген калмак-кытай колу менен согуштарында ачык көрүнөт. Анын:
Тегерегин карабай,
Теги жанын аябай,
Кыдырата карабай,
Кылча жанын аябай,
Күрдөөлдүү башым барында
Күлүгүм кантип берейин,
Күчөгөн экен бул калмак,
Мен бир күлжүктөшүп көрөйүн (Саякбай Каралаев, 1.72),

— деп турушу өз элинин чыныгы патриоту экендигин жеке керт башынын эмес, асыресе жалпы кыргыз эли үчүн, анын эркиндигин коргоого анык бел байлап чыккандыгы, ал үчүн өмүрүн да кыюуга даяр экендигин айгинелейт.
Келечекте Манастан катуу сокку жээрин билген Эсенкан аны жок кылуу үчүн нечен ирет тыңчыларын, аскерлерин жөнөтөт. Бул кырчылдашкан согуштарда Манас өзүнүн жеке эрдигин аскер ишине жетекчилигин айкын далилдейт. Манастын мүнөзүндөгү К. бөтөнчө «Чоң казат» «Кичи казат», окуяларында даана көрүнөт. Ал теңдешсиз салгылашууда кытайлардан болгон жеңилүүнү эч калтаарыбастан, өтө кайраттуулук менен кабыл алат. Эң акыркы кармаштарда жаралуу экенине карабастан Манас чоролоруна аралаша жүрүп дем берип, алардын окко учуп набыт болгондугун терең кайгыруу менен элге угузат. Мейли согуштук кырдаалда, мейли байкерчилик турмушта болсун Манастын айкөлдүгү менен Кынын айкалышып турушу анын ыймандык бийик сапатын айгинелейт.
К. мүнөз эпосто Кошой, Алмамбет, Сыргак, Чубак, Бакай, Каныкей, Семетей, Айчүрөк, Сейтек жана башкалар көптөгөн каармандарга тийиштүү. Мисалы, мындай сапат Каныкейде анын акылмандыгында, кыраакылыгында, уздугунда гана эмес, жекече көрсөткөн баатырдык, эрдик, ноюбастык аракеттеринен да көрүнөт. Чындыгында, Манасты Манас кылган Каныкей. Анын ок өтпөс тону — Аколпок баш болгон жоо кийимдери Каныкейдин колунан чыккан, Каныкейдин берген туура кеңештери Манасты көптөгөн кыйын абалдардан куткарат. Ал керек учурда Манастан кем калбаган эрдик иштерди жасайт. Бир нече жолу Манасты өлүмдөн куткарып (мисалы, Көзкамандардан жана башкалар), кыйын кезеңде Семетейди сактап калып, тарбиялап, эрезеге жеткирүү үчүн жасаган албан иштери — накта кайраткерликтин белгиси. Семетейдин Таласка келип, атасы Манастын ишин улантуу үчүн болгон кыйын күрөшүндө да Каныкейдин ролу өтө зор. Мында Каныкей баласынын кеңешчиси, насаатчысы гана эмес, ошондой эле жоо жарагын байланып, колуна курал алып, душманга каршы чыккан жоокер катары да көрүнөт. Манастын жогунан пайдаланып, элди оңду-солду бийлеп калган Абыке, Көбөштөр Семетейдин тынчтык, ынтымак менен бийликти алышына каршы туруп, кырк чорону баш кылып кол курап, анын ордосуна кол салат. Ошондо:
Берен энең Каныкей
Алмамбеттин Сырбараң
Ала коюп колуна
Оңго ооп бир атып,
Он эчесин сулатып.
Солго ооп бир атып,
Солтондорун кулатып,
Катындыгын билгизбей
Абыке, Көбөш иттерди
Ал ордого киргизбей
Эпсиз эрдик кылды эми (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1.321).

Каныкейдин бүткүл турпаты бардык жагынан К. аракеттер менен каныктырылган. Мындай ыймандык сапат тигил же бул даражада эпостогу башка аялдардын образдарында да учурайт (Сайкал, Куялы жана башкалар). Эпостогу К. тууралуу айтканда Бакайды унутууга болбойт. Ал — эпостун «Манас», «Семетей», «Сейтек» бөлүмдөрүнүн дээрлик бардык окуяларына катышкан негизги каарман. Бакай эпосто Манастын жоокер чоролорунун бири гана эмес, эң башкысы — элдик акылман катары ага туура жол көрсөткөн, туура кеңеш берген, турмуштун жаман-жакшысына, ысык-суугунда да кыябынан жазбаган көсөм, насаатчы экендиги менен баалуу. Манастын Манас болушунда Каныкей сыяктуу эле Бакайдын да ролу чоң. Жеке турмушунда да, ички жана тышкы душмандар менен айыгышкан күрөштөрүндө да ал Манастын жаңылыштыктарын өз учурунда эскертип, туура жолго салып турат. «Каныкей алсаң оңосуң, Калкка бааша болосуң» (Саякбай Каралаев, 1.235),— деп Манастын Каныкейди алышына себепчи болгон да Бакай, Манасты чабабыз деп күүлөнүп келген алты кандын колу менен Манастын кырк чоросунун ортосунда боло турган кандуу кагылышты да Бакай токтотот. Бакайдын акылмандыгы, гумандуулугу канатташ жашаган же жеңилген элдердин мал-мүлкүн тартып алууга дайыма каршы тургандыгынан, алар менен ынтымакта жашоого умтулгандыгынан да таасын байкалат.
Ал согуштарда жекече эрдиктерди да көрсөтөт. Бирок, анын аскердик татаал иштерди акыл менен абдан таразалап, калыс чеЧе билгендиги көпчүлүк учурларда накта эрдикке тете. Маселен, Чоң казатка бараткан жолдо Чубак менен Алмамбеттин чатагын басуудагы ролу, жалпы эле баатырлардын стратегиялык жактан кетирип жаткан жаңылыштыктарын ишенимдүү далилдеп көрсөтүүсү чыныгы К. болуп саналат. Бакайдын «алты ай келер азапты» алдын ала билип, аны болтурбай коюу кудурети, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, ийрини түзөгөн ашкере ишкердүүлүгү — накта баатырдыктын белгиси. Ал ушуну менен гана чектелбей, жоо кийимин кийинип, курал-жарагын байланып, дайыма окуялардын кайнаган жеринде жүргөн кармаштардан кайра тартпаган жоокер десең жоокер, кысталышта айла тапкыч айлакер, ички, тышкы душмандар менен болгон чыр-чатактарын, кагылышууларын кан чыгарбай, эки жакты тең абыгер чекпегендей адилеттүү жайгаштыра алган акылман десең акылман, эртеңки күндө, келечекте эмне болорун алдын ала билген көсөм десең көсөм. Бакайдын К-ы асыресе кыргыз элинин биримдигин бекемдөө, көз каранды эместигин чыңдоо үчүн күрөшкөн Манас, Семетей, Сейтекке да чоң өбөлгө болуп бергенинен ачык көрүнөт. Бакай өзүнүн бүткүл эмүрүндө аларга ак кызмат өтөдү. Бул анын жалпы кыргыз эли үчүн жан аябай эмгектенгендиги катары бааланат.
Эпосто мейли окуяларды сүрөттөөдө, мейли образдарды сыпаттоодо болсун дайыма К. аракеттер үстөмдүк кылып турат. Мунун өзү кыргыз элинин байыртадан башынан кечирип жаткан жоокердик, баатырдык турмушу менен шартталып олтурат. Жашоо үчүн болгон күрөш жоокерчилик заман ошол мезгилде эркекти да, аялды да, жашты да, карыны да кыйынчылыктарга дайыма даяр турууга үйрөткөндүктөн, душмандан кайра тартпоо, эрдик кылуу аларга көнүмүш болуп, улам кийинки урпактарга сакталып келе берген. Эр жүрөктүүлүк, тайманбастык, Ата журт үчүн курман болууга даяр туруу, башка түшкөн ар кандай кыйынчылыктарга моюн сунбай, жеңе билүү сыяктуу сапаттар элдик рухий күчкө, ноюбас тирекке айланган.
К. көрүнүштөр, башкача айтканда жоокердик дух менен жашоо, күжүрмөн даярдыкта туруу эпосто жалаң эле согуш учурларында эмес, тынч эмгек өкүм сүргөн, кадимки турмуш-тиричилик шарданында да таасын байкалат. Маселен, Манастын Каныкейге үйлөнүшү же Көкөтөйдүн ашы сыяктуу окуяларда адамдардын мыкты сапаттары даңазаланат. Көкөтөйдүн ашындагы кеңири көрсөтүлгөн жамбы атуу, эр сайыш, балбан күрөш, ат чабыш сыяктуу улуттук оюндар курч өткөндүгү, адамдардан шамдагайлыкты, туруктуулукту, кажыбас кайратты, баатырдыкты талап кылгандыгы менен айырмаланат. Мындагы таймашуулар согуштагы эрегишүүлөрдөн, карама-каршылыктардан кем калган эмес. Мөрөй, жеңиш үчүн, намысты алдырбоо үчүн керек болсо кээде өмүрдү кыюуга чейин барган учурлар кезигет. Манас менен Коңурбайдын сайышында Манас, Кошой менен Жолойдун күрөшүндө Кошой өздөрүнүн каршылаштарын шамдагайлыгы, ыктуулугу, күчтүүлүгү менен гана эмес, намыс үчүн жан аябаган рухий тырышчаактык артыкчылыгы менен жеңишет. Манастын ордо ойногон кырк чоросунун өз ара мелдештериндеги таймашуулар кээде чыныгы сагылаштарга да окшоп кетет.
Кыргыз эли уул-кыздарын дайыма «эл четинде, жоо бетинде» болууга тарбиялап келген. Ар бир үйдө жоокердик куралдардын илинип, жоокердик аттардын токулуу даяр турушу жашоонун, турмуштун көнүмүш көрүнүшү болгон. Мына ушундай шарттардын негизинде элдин аң-сезиминен орун алган, ишенимине айланган каармандын ишмердүүлүк жөнүндөгү ой-пикирлери калыптанган. Жыйынтыктап айтканда, адамдын эң жогорку жетиктиги, кажыбас кайраттуулугу, тайманбастыгы тууралуу түшүнүк катары «Манас» эпосунда кеңири чагылдырылат. К. өзүнүн мазмуну боюнча коомдук болумушту, адамдардын социалдык багытталгандыгын аныктап турат.
О. Исмаилов

каармандык

Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
courage ‘кариж;
fortitude ‘фоотитйууд

каармандык

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. Баатырдык, эрдик. Айыл чарба кызматкерлеринин эмгектеги зор каармандыгын өзгөчө белгилөө керек («Советтик Кыргызстан»).
каармандык каармандык каармандык каармандык каармандык каармандык