Переводчик Translate.kg

кайчы

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. 1. Эки миздүү тарабы бири-бирине айкаштырыла бекитилген, кармоого ылайыкталган тегерекчелери бар, бир нерсени кесүү, кыркуу үчүн колдонула. турган курал. Дарбазанын эшигине керилген кызыл лента кайчы менен кыркылды (Аалы). Оң колуна кайчы алган, Сол колуна барча алган (Тоголок Молдо). Отуздай кыркмачы келишип, кайчыларын чыртылдатып.. бошогон койду карашат (Жантөшев).
2. өт. Каршы, карама-каршы. [Жамила менен Айша].. кулк-мүнөздөрү жагынан бири-бирине кайчы келишпесе да,.. экөөнүн көңүлдөрү жакын эле (Баялинов). Кайчы өтүп кетишти.
¨ Кайчы куда к. куда. Кайчы кулак — ичке жана тик кулак (көбүнчө жылкыга карата). Эрлер минген асыл аттар бизде бар, Куран моюн, кайчы кулак, кулжа сан (Аалы).

кайчы

Майкрософттун компьютердик терминдер сөздүгү (ky-ru)
фрагмент

кайчы

Майкрософттун компьютердик терминдердин түшүндүрмө сөздүгү (2016-ж.), (ky-en)
snip (noun)
The area at the top of a Windows Journal note where you can write a title. The title appears as the suggested file name when you save the note.

кайчы

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
ножницы;
кайчы кап мешочек для ножниц;
кайчы өтүш- то же, что кайчылаш- II 2;
кайчы өтүштүк мы разъехались, разошлись (не встретились);
кайчы кел- идти вразрез с чем-л.;
кайчы куда см. куда I;
багыбызга кайчы см. бак II.

кайчы

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Sagynbaeva) (ky-tr)
kayçı
makas

кайчы

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
кайчы
кайчы бакалар (зоол.)
кайчы гүлдүүлөр
кайчы куда
кайчы кулак
кайчы тумшук (зоол.)

кайчы

Кыргызча-орусча сөздүк (Асанов Э.) (ky-ru)
ножницы

КАЙЧЫ

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (ky-ky)
1). Чеберлердин уздук жана устачылык куралы. Күмүштү жана күмүш ордуна колдонуучу жезди, мисти, колону, калайды, нейзилберди, мельхиорду, датчалбасты жана башка заттарды кертүү-кесүү үчүн колдонулат. Анын эки жаагы калыңыраак темирден тандалат да, бир аз катуу келип, ал элпек кайчылоого шартташкан. Кайчынын кармай турган жагы баш бармак менен сөөмөйгө илингендей шакекче келип турат. Муну зергерлер «күмүш кайчы» деп да коюшат.
      2). Узчулук куралы. Жумшак нерселерди (кийиз, кездеме, тери, таар) кесүүчү кайчылардын жаагы элпегирээк келет да, сыйдараак жасалат. Кайчынын кармай турган жаагы тегерек шакекче болуп, баш бармак менен сөөмөйгө илинет. (Кайчы жаактарынын карама-каршы тургандыгынан «кайчыла» дегенден ушундай аталышы мүмкүн).

кайчы

Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
scissors ‘сизэз
кайчылоо кайчы кайчыла кайчылат кайчылаш кайчылаштыр кайчылаштыруу кайчылашкан сызыктар кайчылаш жаткан бурчтар кайчы кайчылаш-функциялуу блок-схема кайчылаш-функциялуу блок-схема кайчы кайчылаштыруу кайчылашуу кайчы кайчыла- кайчылат- кайчылаш кайчылаштык кайчылаштыр- кайчы кайчы кайчыла- кайчылан- кайчылант- кайчылат- кайчылатуу кайчылаш кайчылаш- кайчылаштык кайчылаштыр- кайчылаштыруу кайчылашуу кайчылоо кайчылуу кайчысыз кайчы кайчы пикир кайчы устун (кур.) кайчылаш кайчылаш ажыраткыч кайчылаш ажырым кайчылаш ийкемдүүлүк кайчылаш кошмок кайчылаш өткөргүч кайчы кайчы кел-