Переводчик Translate.kg

какша

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
этиш. 1. Зарланып, муңканып ыйлоо, боздоо. Көзүнүн жашын көл кылып, Какшап ыйлап боздоду (Жантөшев). Кан соргуч байдын колунда Какшап жүрүп өтөмбү (Осмонкул).
  1. 2.                  Үздүксүз, токтоосуз сүйлөй берүү, талбай айта берүү, ырдоо. Какшадым ырдап талыкпай, Калк чогулган неченге (Токтогул).
  2. 3.                  Катуу үшүү, муздоо, муздап сыздоо. Мамбеткул.. сууктан какшаган тизелерин улам кымтылайт (Абдумомунов).
  3. 4.                  Зыркырап-сыздап ооруу. Зайнанын илбийген жиликчелери какшай түшүп бүткөн бою ичиркенген («Жаш ленинчи»).
какша- какшаал какшан- какшант- какшат- какшама какшама какша- какшаал какшан- какшант- какшантуу какшат- какшатуу какшаткан оору какшаал какшан какшат какша