Переводчик Translate.kg

калкала

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
этиш. 1. Далдалоо, бир нерсени далдалап тосуу. Чал карады буларга, Чекеге колун калкалап (Жантөшев).
2. өт. Сактоо, коргоо. Түбү жок терең дайрадан Сүзүп чыкты чалкалап, Жолдошторун калууга Жоодон аман калкалап (Осмонкул). Канат болчу калкыңды Калкалаган жакшы экен (Барпы).
¨ Баш калкалоо баш маана кылуу. Алардын баш калкалап мында келишин бул жердегилер жаман көргөн жок (Жантөшев).
калкала- калкалан- калкалаш- калкала- калкалан- калкалант- калкалантуу калкалануу калкалат- калкалачу калкалаш калкалама калкаланган аймактар калкалан калкалат калкала