Переводчик Translate.kg

КАПИЯ

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
КАПИЯ — эпизоддук кейипкер. Каныкейге күйөөлөп барган Манас ордодо үстүнө киши кирбей эки күн ачка калып, каарданып отурганда кырк-элүү аял жанына жолдош кошуп берип, К-ны баатыр күйөөнү көрүп келүүгө жиберишет. Манастын ыраңын көрө сала эси ооп, эшиктин алдына жыгылып калган К-ны жөлөп-таяп Санирабигага алпарышса, эр көрбөгөн экенсиңер деп күлөт (Сагымбай Орозбаков, 2. 405, 407). Кайнына келген күйөөнү көрүү салты ошондон калган экен делет эпосто.

капия

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
сын. Кысталыш, кыйынчылык, капилет. Капияда сөз тапкан, Караңгы түндө көз тапкан.. Учма билген кары бар («Сейтек»).

капия

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
то же, что купуя.
капия капия