Переводчик Translate.kg

каргы

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
I зат. Иттин мойнуна байлап, чынжыр, жип тагуучу кайыш. Алгыр болсо тайганың, алтындан алып каргы так (макал). Күмүштөн каргы чаптырып, Жез чагарак тактырып, Жез билекке байлаган (Токтогул).
КАРГЫ II этиш. Секирүү, ыргуу. Аста басып аңдыды, Түйүлүп түлкү каргыды (Тоголок Молдо). Ыргыштаган Тайбуурул, Каргып барып тик түшөт («Семетей»).

каргы

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
каргы I
ошейник;
алгыр болсо тайганың, алтындан алып, каргы так фольк. если борзая у тебя с хорошей хваткой, надень на неё золотой ошейник.
каргы- II
прыгать, вспрыгивать;
үстүнө каргып минди он вспрыгнул на него и сел верхом.

каргы

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
каргы (зат а.)

КАРГЫ

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (ky-ky)
тайгандын моюнуна тагылуучу кур. Чеберлер аны булгаарыдан же кайыштан узундугу 30—35 см, туурасы 3—5 см, эки учуна тегерек темир же чагарак, же дөңгөлөк бекитет. Кыраан тайгандар үчүн сырткы бетине ар түрдүү күмүш чөгөрүшөт. Оюм-чийим түшүрүп, ар кандайча кооздойт. Уучулар жетелеп жүрүүгө кыргынын чагарактан ичке кайыш боо-тартма (сыдырма, жүгүртмө, танап) өткөрүп, алгыр тайганды кыраан куштардай көпчүлүк тааныгандай көркөмдөө өнөрү да болгон.

каргы

Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
collar ‘колэ
каргылдан каргылдант каргылдануу каргыт каргыш каргы каргыт- каргы каргыл каргыла- каргылдан- каргылуу каргыма каргымак каргыш каргыш каргыш айт каргыштуу каргыш каргышчы, каргы каргы- каргыл каргыла- каргылдан- каргылдант- каргылдануу каргылуу каргыма каргыт- каргытуу каргыш каргыш каргыш каргышчыл каргы каргыш