Переводчик Translate.kg

кажы

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
кажы I
кажы-кужу
1) ссора, препирательство;
2) гомон, шумные разговоры;
биринин сөзүн бири укпай, кээлери бир айтканын миң айтып, кажы-кужу боло баштаган начался гомон: один не слушает, что говорит другой, некоторые повторяют тысячу раз одно и то же;
кайдан келди билбеймин, кажы-кужу үн чыгат стих. откуда, не знаю, доносятся звуки шумного говора.
кажы- II
проявлять слабость, усталость; ослабевать;
ээр кажып калыптыр седло расхлябалось;
ишимден кажымак эмесмин мне моё дело не надоест; меня моё дело не утомит.

кажы

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
кажы: кажы-кужу

кажы

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
кажы: (эбинен кетүү)

кажы

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
I этиш. 1. Эби-сынынан таюу, мурдагыдай болбой калуу (көбүнчө жыгачтан жасалган нерселер жөнүндө). Кажып калган каалга.
2. Чарчоо, чаалыгуу, алы кетүү. Кажыбай май чыгарып иштегендер Дүйнөдө эмгектин бал даамын татат (Маликов). Токсондоп мүшкүл келсе да, Кайрат байлап кажыбай, Кабелтең буун белиңди (Жантөшев).
КАЖЫ II: кажы-кужу зат. Туш-туштан тартипсиз сүйлөшкөн сөздөр, бириникин бири укпай чаржайыт чыккан дуулдак, уу-дуу. бака-шака. Кажы-кужу сөздөрүнүн кайсы экенин ажыратуу кыйын (Жантөшев).
кажы кажыбас кажыгыр кажылда- кажылдак кажылдат- кажылдаш- кажыр кажырдуу, кажыт- кажыбастык кажы кажы кажы- кажыбас кажыбастык кажыгыр кажылда- кажылдак кажылдат- кажылдатуу кажылдаш- кажылдашуу кажылдоо кажыр кажыр кажырлуу кажыт- кажытуу кажыш кажылдаш кажылда кажылдак кажылдат кажыбас кажылдоо кажыр кажы