Переводчик Translate.kg

кереге

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. 1. Төрт чарчы көздөрү бар, сыртынан чий, кийиз каланып, үстүңкү кырына ууктарды бекитүү үчүн жасалган боз үйдүн каптал жыгачтары. Чоко мылтыгын керегенин башына кыстарды (Жантөшев).
2. Тамдын же башка курулуштардын капталы, дубалы. Сүлүктү шахталарынын керегелеринде: «Өлкө үчүн көп көмүр берелик!» — деген плакаттар илинип турат (Сасыкбаев). Керегеси сокмо.. боз там (Сыдыкбеков).
¨ Кызыл кереге кылуу же кызыл кереге кылып талоо — басып алган жерин эч нерсесин койбой алуу. Акарат кылышса, өздөрүн жүндөй сабап, айлын кызыл кереге кылып талап келгиле [деди] (Аалы).

кереге

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
1. кереге (деревянная решётка цилиндрической части юрты);
керегем, сага айтам, келиним, сен ук погов. тебе, кереге, говорю, а ты, сноха моя, слушай; кошку бьют, а невестке наветки дают;
керегенин башы верхняя часть кереге;
керегенин аягы нижняя часть кереге;
жетимиш кемпир жер тиштейт загадка семьдесят старух землю кусают (отгадка керегенин аягы нижние концы кереге);
керегенин көгү
1) кожаная сшивка для кереге;
2) место скрещения отдельных палок кереге и соединения их посредством топчу (см. топчу II 1);
кереге чалгыч тесьма, проходящая по верхней части кереге (между кереге и туурдук'ом, см.);
кереге жай- или кереге тарт- ставить кереге;
кереге тартып, үй тигип фольк. поставив кереге и сделав юрту;
кереге көктө скреплять отдельные части кереге;
керегени баса көктө-
1) скреплять кереге, надавливая;
2) перен. действовать, применяя нажим, силу, угрозу;
керегени басып көктөгөндөй кылбагыла вы не действуйте нажимом;
2. стена;
керегелери бийик, терезелери чоң, беш бөлмөлүү дардайган курулуш огромная постройка в пять комнат, с высокими стенами и большими окнами;
үйдүн керегесин кирпичтен көтөрүп жатат стены дома он кладёт из кирпича;
кереге газета уст. стенная газета;
кереге сакал окладистая борода;
керегеге бутуңду артпа не безобразничай, не забывайся (букв. не задирай ноги на кереге);
кереге көз клетчатый (напр. о материи);
айыл кызыл кереге болду аул разгромлен и разграблен;
керегеси май болду у него всего стало в изобилии (букв. кереге покрылось жиром; в старом быту запасы мяса развешивались на кереге).

кереге

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
кереге
кереге-уук
кереге гезит (эск.)

кереге

Кыргызча-орусча сөздүк (Асанов Э.) (ky-ru)
стена

КЕРЕГЕ

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (ky-ky)
«Керегесин кынадың, Керүүдөн туруп сынадың» (Жеңижок). Бул — үй жыгачынын негизги бөлүгү. Кереге боз үй жыгачынын уук бекитилүүчү төмөнкү бөлүгү. Мисалы, талаптагыдай боз үйдүн керегесинин дм 2,6—3,7 см, узундугу 235—305 см, баш-аягы бирдей жумуру (52—62-даана) саканактардан (таякчалардан) турат. Алардын баары бир аз ичин көздөй ийилип, уук байланчу баш жагынын 15—20 см. жери сыртын көздөй кайкалай маталат. Саканактардын ар бири 14—15—15—19 см. аралыкта бири-бири менен кайчылашкандай кылып, эки жагы түйүлгөн көк менен бекитилет. Кереге жайылганда саканактардын кайчылашуусунан төрт жагы бирдей көзчөлөр пайда болот. Саканактардын баш (жоон) жагынан 70— 80—72—82 см. жеринин ички бети алакандалып (жалпайтылып), ага 6—12 издүү сай салынат. Керегенин ар бир канаты — узуну боюнча 18—20 көздөн, бийиктиги (туурасы) боюнча 10 көздөн турат. Жыйылган керегенин бийиктиги эки метрдей, эни 75 см. болот. Жазганда бийиктиги кичине төмөндөп, эни 2—2,5 метрге жетет. Керегенин уук байланчу жогорку ачакейлери — «кереге башы», анын карама-каршы төмөнкү бөлүгү — «керегенин аягы» деп аталат. Кереге канаттарын бириктиргендей, алардын четки саканактары бири-бирине дал келип ашталгандай, «канат боо» менен орой чалып байлайт.
      Канат боо — жайылган керегени тыкандап байлай турган эшме жип же сызма. Боз үйдүн чоңдугу кереге канаттарынын санына, уук баштарына жараша болот. Айрым жерлерде «арзан көз» кереге деп аталат. Бат жайылып тигилип, тез жыйналып, жазылышы үчүн «жел көз» керегелер да болот. Ал көчүп-конууга жеңил да, оңой да келет. Жыгач аз чыгымдалат. Илгери кышында «тор көз» керегелер тигилчү. Анын көзүнөн муштум араң батат. Кенендиги сөөмгө да жетпейт. Калын кар түшкөн кезде ошол керегелер чыдамдуу келген.
      «Уук-кереге» деп эгиз айтылат. Анткени, ал ар бир гана адамдын колунан жаралат. Айрым чеберлер керегелерди үчкө бөлүп узанышат. «Тор көз» керегенин көктөлгөн көктөрүнүн аралыгы 16 смге, «Орто көз» керегеники 18 смге, «жел көздүкү» 20 смге барабар. Ал эми кереге бүктөлгөн чакта — үчөөнүкү 32—30—40 см болот. Керегенин талынын жазылыгы үч см, туурасы эки жарым см, дм 11 см, керегенин жыйылгандагы узундугу — 75 баштуу үйдүкү эки метр 10 см, 65—66 баштуунуку эки метр болот. Керегенин башы ортосуна чейин 20 см. бүкүрөйүп турат. Башы болсо 50 см. чалкалайт. Кереге башы-аягы 10 см, кереге кайчысынын аралыгы 8—10 см ди түзөт. Кереге аягы да 8—10 смге барабар. Мында керегени босого-таякка аштоодо эки кереге кыйгач кесилип, бирөө босого-таякты түз олтургузат.
      Айрым аймакта үйдүн жыгачтарын сырдоодо жошого май кошуп кайнаткан да, ал эки жолу боелгон.
      Боз үйдүн ушундай формасында үй эмеректери сыйымдуу келет.
      Усталар керегенин жыгачынын ийриликтерин аныктоо үчүн анын жыйылып жана жайылып калышкандагы мыйзамченемдүүлүктү даана билишет. Ошондуктан, бөйрөктүү болгондуктан, «Боз үй тигели, эл көп батат» дешип, боз үй тигүүбүз да бекеринен эмес. Чакан боз үй үчүн керегенин жыгачтарынын ийрилигин усталар атайын өтө чоң кылып маташат. Ушундан улам боз үйлөрдүн симметриялуулугу (төптүгү), көркөмдүгү (тактыгы) келип чыгат. Натыйжада, чоң боз үйдүн жыгачын кичине боз үйгө тигүүгө болбойт. Усталар жасалуучу боз үй чоң келсе, анын жыгачынын ийрилигин кичине, ал эми кичине боз үйдүн жыгачынын ийрилигин чоң кылып жасашкан.
      Кереге эки жерден, уук бир жерден маталат. Демек, ууктун билегин төрт кере карыш кылып койсо, үй көрктүү да, көптүү да тигилет. Өйдө жагы түптүз болсо, кийиз тегиз тиет. «Учаарыңды жел, конооруңду сай билет» дегендей устанын кармаган үлгүлөрүн эл тааныйт да, эл калыс таразалайт. Жыгачтардын бири-биринен айырмаланган ички касиеттерин, ал эмнеге жарактуу, кайсы жыгачтан кандай буюм жаратууга болорун чеберлер так, ачык жооп бере алышат.
кереге кереге керегей керегелүү керегей керегер кереге керегей керегелүү керегесиз кереге керегеч