Переводчик Translate.kg

киндик

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
киндик, киндиги, кин дикке
киндик ата
киндик кан тамган жер
киндик сепсиси
киндик эне

киндик

Словарь пользователя
тех. сердечник

киндик

Словарь пользователя
тех. сердечник

киндик

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. 1. Адамдын жана жаныбарлардын жатынындагы бала түйүлдүгү менен эненин денесин бириктирип туруучу, аны азыктандыруу үчүн кызмат кылуучу курсактын орто бөлүгүндөгү трубка, туулгандан кийин ошол трубканын курсактын орто бөлүгүндө сакталган калдыгы, орду. Баланын киндигин сен кескин, кагылайын (Сыдыкбеков).
2. өт. Негизи, түбү, борбору. Киндиги бир карттык менен өлүмдүн, Сен аларга Геркулестей көрүнгүн (Аалы).
¨ Киндик эне — төрөлгөн баланын киндигин кескен аял. Киндик ата — киндик кескен аялдын күйөөсү Сенин киндик атаң Бөлөкбай («Манас»). Менин уулумдун киндик атасы Сергей («Ала-Тоо»). Киндик кесип, кир жууган жер же киндик каны тамган жер — туулуп өскөн жер, эл-журт. Киндик кесип, кир жууган Артта калды жерибиз (Каралаев). Мал киндиги катканда — туут мезгили өткөн, бүткөн учурда. Мал киндиги катканда, Магдырап көчмөн жатканда (Тоголок Молдо).

киндик

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
1. пуп; пуповина;
киндик кес- отрезать пуповину;
киндик буу- завязать пуповину;
киндик кескен жер или киндик канын бууган жер родные места (букв. место, где была обрезана пуповина или где остановлена кровь пуповины);
көйнөгүм кирин жууган жер, киндигим канын бууган жер фольк. место, где стиралась моя рубашка, место, где остановили кровь моей пуповины;
боор оорусу киңдик толгойт погов. боль печени шевелит пуп (напр. о переживаниях родителей за сына, о переживаниях за родича);
киндик эне женщина, обрезающая новорождённому пуповину;
киндик ата муж женщины, обрезающей новорождённому пуповину;
сенин киндик атаң Бөлөкбай, мына шону айтып таштайын фольк. твой киндик ата Болекбай, вот о нём я скажу;
2. перен. уст. центр;
киндик комитети центральный комитет;
кудайдын киндигинен түштүңбу? ты из божьего пупа вывалился, что ли? (о человеке непомерно заносчивом, чванливом, высокомерном);
эмне, силер эле жерге киндик, элге тутка болмок белеңер? что вы пупом земли и опорой народа являетесь, что ли? (что вы так нос задрали?);
эркек киндик азамат молодец энергичный, сильный;
мал киндиги өрүш тучное горное пастбище;
мал киндиги катканда в конце весны (букв. когда у скота (приплода) затвердевает пуповина);
экөөнүн киндигин бекем түйүштүрүп коюшкан они оба между собой связаны неразрывно;
ар киндик (о человеке, животном) малорослый;
сенин уулуң ар киндик тура да ведь твой сын маленького роста;
ар киндиктин арымы жок болот у человека малорослого шаг короткий;
жыпар киндик см. жыпар.

киндик

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Sagynbaeva) (ky-tr)
kindik
göbek
киндиктүү киндик киндиктеш киндик киндик киндиктеш киндик киндик киндиктеш киндиктүү киндик киндик эне