Переводчик Translate.kg

КИРИШ СӨЗ

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
«КИРИШ СӨЗ» — Б. Юнусалиевдин «Манас» эпосунун курама вариантына (Курама варианты) жазган баш макаласы («Манас», 1-бөлүк, 1-китеп, Фр., 1958). Макалада Курама варианты түрүндө басмадан чыгаруунун зарылдыгы, максаты, мааниси жана эпосту окурмандардын кеңири чөйрөсүнө арнап чыгаруунун, бастырууга кире турган эпизоддорду тандап алуунун, жалпы эле текстти басмага даярдоонун принциптери жөнүндөгү илимий ойлор кеңири айтылган. Айрыкча «Манас» эпосуна арналган Бүткүл союздук илимий конференциядан (1952, 6—10-июнь) кийин эпос боюнча топтолгон материалдарды системага салып, басмага даярдоо жана илимий изилдөө багытындагы иштер жүзөгө ашкан. Натыйжада «Манас» үчилтигинин Курама вариантынын төрт китеби («Манас» 1—2, «Семетей», «Сейтек») жарыкка чыкты.
«Манас» өңдүү улуу эпостун көптөгөн илимий проблемаларынын ичинен анын зор көлөмү илимпоздордун көңүлүн бөтөнчө буруп келгендиги биринчиден, элдин көркөм сөз өнөрүнүн бөтөнчө өнүккөндүгү, экинчиден, элдин тилинин чексиз байлыгын айгинелейт. Анткени, «жүздөгөн жылдар бою кыргыздар үчүн бул эпос таалим алуучу роман китептин, таасирдүү сахнанын, түстүү экрандын, өткөндү эске салуучу тарых китебинин милдетин аткарган». Эпос менен тарыхтын байланышы жөнүндө фольклористика илиминде бири-бирине карама-каршы пикирлердин жашагандыгы белгилүү. Айрым окумуштуулар эпосто көркөм чагылдырылган тарыхый окуяларды бир беткей карашып, эпосту тарыхтын жыйнагы катары баалашып, анын көркөм чыгарма экендигин унутуп коюшат. Бул маанилүү маселе боюнча Б. Юнусалиевдин пикири негиздүү экендигин окумуштуунун төмөнкү сөздөрү ачык далилдеп турат. «Эпос тарых эмес, бирок «Манас» эпосунун кыргыз элинин тарыхына байланыштуу экенин танууга болбойт». «Манас» эпосунда элдин байыркы мезгилдеги коомго, жаратылышка болгон мамилелери, түшүнүктөрү кеңири көркөм баяндалгандыгын белгилеп, кыргыздардын диний түшүнүктөрү, мифтик, фантастикалык ой жүгүртүүлөрү арбын кезигерин айтат. Кыргыздын көркөм мурасы «Манасты» жараткан, сактаган, өнүктүргөн манасчылардын варианттарынан кыскартып түзүлгөн Курама вариантынын негизин Саякбай Каралаевдин варианты түзөрүн белгилеп, андагы окуяларды мүнөздөгөн. Ошондой эле окуяларынын молдугу, күлүк ой жүгүртүүлөр, апыртуулардын кеңирилиги чыгармага зор масштабдуулук мүнөз бергенин каармандары да дээрлик эпикалык өмүр баяны бар образдардан экенин көрсөтүп образдар системасына кеңири талдоо жүргүзгөн.
«Манас» эпосунун жаралуу доору боюнча да Б. Юнусалиевдин негиздүү илимий божомолу бар. Бул олуттуу проблеманы туура чечүү эпостун идеялык мазмумун, образдар системасын, көркөм поэтикасын туура түшүнүп, туура баа берүүгө өбөлгө болорун белгилейт да, эпостогу тарыхый, этнографиялык, лингвистикалык, географиялык маалыматтарга таянып, «Манас» эпосу Алтай доорунда (9—11-к.) пайда болгон деген пикирди айтат. Эбегейсиз зор эпостун саясий, тарыхый жана көркөмдүк жагынан маанисинин чоң экенин баса белгилеп, келечекте эпостон орун алган тарыхый окуяларды, мотивдерди, этнографиялык жана мифологиялык элементтерди, эпостун тилин, стилин, образ системасын, сюжеттик сызыгын, варианттарындагы айырмаларын, эпостогу окуялар менен граждандык тарыхтын байланыштарын терең изилдөө керектигин сергек баамдап, туура илимий жыйынтык чыгарган.
Б. Юнусалиев «К. с-дө» кыргыз эли үчүн зор сыймык, кубанычтуу окуя болгон Курама вариантына талдоо жүргүзүп, тексттеринин тарыхта биринчи мертебе жарыяланышына чоң баа берген.
Ж. Сагынов


КИРИШ СӨЗ

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
«КИРИШ СӨЗ» — Б. Керимжанованын «Манас» эпосунун курама вариантынын экинчи бөлүгү «Семетей» (Фр., 1959) эпосуна жазган баш макаласы. Макала эпостун вариантында чагылдырылган доордун мүнөзүн жана генеологиялык циклдешүү принцибинин өзгөчөлүгүн иликтөөгө арналган. Ушул максатта эпостогу байыркы элементтер каралып, жомоктук-мифтик катмарлардын орун алышы тийиштүү деңгээлде көрсөтүлөт. Чыгарманын сюжеттик канвасы жана чагылдырылган доору талданат. Генеологиялык циклдештирүүнүн классикалык үлгүсү болгон «Семетей» эпосунун айрым сюжеттик мотивдери, образдары, поэтикасы сөзгө алынат. Эпос биринчиден, эл-жер үчүн ички жана тышкы душмандар менен күрөшүү — баатырдык темасы, экинчиден, романтикалык сүйүү темасына бөлүнөт. Ал темалар бири-бири менен айкалышып, поэманын сюжетин түзөт жана ал сюжеттик окуялар Семетейдин кыймыл-аракети, ой-дүйнөсү, турмуштук көз караштары менен ажырагыс байланышта өнүгөт. Аны ички жана сырткы душмандарга каршы жүргүзгөн күрөшүнөн баамдайбыз. Эч себепсиз эле бөтөн элди чаап алуу поэманын духуна жат. Ал эми Семетейдин Коңурбайга каршы аттануусу эки себепке негизделген. Биринчиден, алыстагы Коңурбай капылеттен кол салбасын деген тактикалык максат, экинчиден, ата-бабаларынын өткөн өчүн, кеткен кегин алуу экендиги белгиленет.
«Семетей» поэмасынын экинчи сюжеттик өзөгүн лирикалык тема түзүп, махабат мамилелери орчундуу орун ээлейт. Семетей менен Айчүрөк табиятынан эле бири-бирине ылайык жаралгандай, ата салты боюнча да, тунук махабаттын салтанаты боюнча да үйлөнүү поэмада оригиналдуу чечилген. Жыйынтыктап айтканда эпостун вариантынын бардык тутумдук бөлүктөрү өз жайын тапкан. Сүрөттөлгөн окуялар, көрүнүштөр ырааттуу берилген — органикалык ички биримдик бекем сакталган, өзүнчө бүткөн. «Семетей» поэмасы кыргыз элинин нечен кылымдар бою башынан өткөргөн тарыхый, социалдык турмушун, прогрессивдүү ой-тилегин, патриоттук күрөшүн жогорку пафосто, чебер сүрөттөп берген көркөм чыгарма катары бааланат.
Ж. Сагынов


КИРИШ СӨЗ

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
«КИРИШ СӨЗ» — К. Асаналиевдин «Манас» эпосунун курама вариантынын үчүнчү бөлүгү «Сейтек» (Фр., 1959) китебине жазган баш макаласы.
«Сейтек» эпосу — «Манас» үчилтигин бардык жагынан жыйынтыктаган бөлүм. Автор «Сейтек» эпосунун үчилтиктеги орду, мааниси, тема, идея, образдардын талкууланышы, салттуулук менен жеке айтуучулук чеберчиликтин карым-катышын талдоого алат. «Сейтек» сюжеттик жана композициялык түзүлүшү, каармандардын көркөм элестеринин ачылышы, идеялык мазмунунун толуктугу боюнча оригиналдуу, өз алдынча чыгарма. Поэманын «Манас» менен «Семетейдей» эле эл арасына кеңири таралган бир нече варианттары бар. Алардын арасынан көркөм сюжеттери жетер жерине чейин иштетилиши, окуялардын нагыз эпикалык арымда сүрөттөлүшү, образдардын даана ачылыш жагынан Саякбай Карала уулунун вариантына башка варианттардын эч бири тете келбейт. Ошондуктан ар кыл идеялык-көркөмдүктө айтылган варианттардан кыскартылып, куралып түзүлгөн «Манас» менен «Семетейден» айырмасы, «Сейтек» бир гана Саякбай Карала уулунун вариантынын негизинде берилген. Кириш сөздө «Манас», «Семетей» варианттарындагы идеялык-көркөмдүк системасын кайталабастыгын айтуу менен «Сейтек» бөлүмү да мурдагы сюжеттик теманы кайталабастан, жаңы идеялык-тематикалык негиздери улантылат, акыр аягына чыгарып, бүт эпосту тыянактайт. «Сейтек» да «Семетей» сыяктуу эле кыргыз элинин бүлүнүшүн, каармандарынын жеңилишин, азап чегишин сүрөттөө менен башталат. Бөлүмдүн эң күчтүү жактарынын бири — салттык сюжеттик мотивдердин жаңыча чечилгендигинде. Андагы фантастиканы, гиперболалаштырууну, мифтик учурларды каармандардын турмуштук абалдарынан ажыратууга болбойт. «Эмне үчүн Бакай өлбөйт», «Эмне үчүн Айчүрөк сулуулугунан өчпөйт», анткени элдик таланттар бул касиетти аларга «түбөлүк» берген. Чыгарманын бүткүл идеялык-көркөмдүк негизинин арымы да, кеңдиги да анда ар түрдүү каармандардын турмушу, тагдыры бардык тараптан сүрөттөлгөнүнө байланыштуу. Каармандын мүнөзүн сенейтип койбостон ага жаңы түс берип, түрдүү кыймылдарга, кубулуштарга туш келтирет. Мисалы, Күлчоро «Семетейде» шайыр, ачык жигит, кийинки башка турмуштук кырдаалда анын мүнөзү да, кыялы да өзгөргөн. Күлчоро менен Канчоро бири-бирине карама-каршы образдар. Күлчоро адилеттүүлүктүн, адамгерчиликтин, ал эми Канчоро арамзалыктын, кара ниеттүүлүктүн элесин берет. Бул «Сейтек» бөлүмүндө ачылат. Поэманын сюжеттик негизин анын баш каарманы Сейтек түзөт. «Семетейде» баатырдык мотив күчтүү болсо, «Сейтекте» элдин турмушу,. тагдыры көбүрөөк баяндалат. Дээрлик бардык варианттарда Сейтек күчтүү душман менен согушуп, аны жеңет. «Сейтектин» толук вариантын түзүүдө Саякбай Карала уулунун чыгармачылыгы чоң орунду ээлейт. «Манас» үчилтиги атайы «Сөз башы» менен башталат. Анда элдик жомоктун нечен замандан бери укумдан-тукумга өтүп келе жаткандыгы айтылат. Үчүнчү бөлүм «Сейтек» поэмасында «Сөз аягы» берилет. «Сөз аягында» душман биротоло жеңилгенден кийин Семетей, Күлчоро, Айчүрөк, Бакай, Каныкейлердин алыс сапар кеткени айтылат. Чыгарманын мындай бүтүшү элдин акылмандыгынын күбөсү. Анткени, эл өзүнүн сүйүктүү каармандарына өлүмдү каалаган эмес. Ошондуктан эл арасында алардын сапар чегип жүргөндүгү жөнүндө уламыш кеңири таралган.
Ж. Сагынов

кириш сөз

Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
foreword ‘фооуөөд;
preface ‘прэфис
кириш сөз