Переводчик Translate.kg

көбөө

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
көбөө (көбө эмес)

КӨБӨӨ

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (ky-ky)
баш жана бут кийимдердин жакасынын, жеңинин, тегинин, багалегинин: талаасынын, кырбуусунун, кончунун жээгине, ошондой эле жууркан, төшөк, төр көрпө, көлдөлөң, кийиз күзгү кап, аяк кап, баштык, тердик ж.б. буюмдардын четине бастырылып тигилген башка түстөгү кездеме, таар, көрпө, кийиз. Көбөөнү кыйык деп да коет. Жасалган буюмга ылайыкталып айрым көбөөлөр атайын саймаланып, «ала мончоктолуп» да тигилет. Көрпө, териден жасалган буюм кечектер кездеме менен көбөөлөнөт. Элде: «Көбөө келсе көйкөлөт, жака келсе жайкалат» — деген кеп бар.

көбөө

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. Тондун этек, жеңдеринин жана тери шымдын багалектеринин сыртынан тегерете карматылган анча жазы эмес кездеме же көрпө. Карыяны кубанткан, Карыш көбөө карматып, Калдайтып кийген тон болот (Осмонкул).

көбөө

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
көбөө I
подшивка по краям полы и подола или по полям головного убора (обычно - полоска чёрного бархата или плиса, реже - меховая оторочка);
кара баркыттан көбөө карматып отделав чёрным бархатом;
көбөөсү кундуз выдровая оторочка.
көбөө II
то же, что көбөөл;
көбөөсүнөн бийик жардын, үнү угулат бабыргандын стих. из промоины высокого обрыва слышен голос сыча.
көбөөл көбөө көбөөл көбөөлө- көбөөлөн- көбөөлөө көбөөлөт- көбөөлөтүү көбөөлөш көбөөрүт- көбөөт көбөө көбөөл көбөөлө көбөөлөө көбөөлөт көбөөн көбөөт көбөөрү- көбөөлө- көбөө көбөөлөт- көбөөрүт-