Переводчик Translate.kg

көгөр

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
I этиш. 1. Көк болуу, көк тартуу, көк түскө өтүү. Түпсүз деңиздей түнкү асман көгөрөт (Жантөшев). Көлү турат көгөргөн, Күзгүдөн тунук мелтиреп (Үмөталиев).
  1. 2.                  Көктөө, өсүү (өсүмдүктөр жөнүндө). Көктөй бер, көгөрө бер кең талаалар, Кем эмес, сага жетер чамабыз бар (Осмонов). [Тикенек] күзгө чейин көгөрүп турат (Сыдыкбеков).
  2. 3.                  өт. Өсүп-өнүү, өркүндөө. Октябрдын жалынынан төрөлгөн, Жаңы кыргыз өнүп, өсүп көгөргөн (Аалы).

¨ Көшөгөң көгөрсүн к. көшөгө.
КӨГӨР II этиш. Билгенин, беттегенин, ойлогонун, айтканын бербей тырышуу, өжөрлөнүү. Көгөрүп Манас күчөдү, Кайраты эрдин түтөдү («Манас»). Бир көгөрүп бет алса, Айтканынан тайбаган (Жантөшев).

көгөр

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
göğer, yeşer, morar.
көгөргөн жер көгөрг көгөрүү көгөр көгөр- көгөрүңкү көгөрт- көгөрүү көгөр көгөр- көгөр- көгөрт- көгөртүү көгөрүңкү көгөрүү