Переводчик Translate.kg

көк

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
III зат. Малдын чылгый терисинен тилинип, бир нерсени (мисалы, чокойду, керегени) көктөш, бекитиш үчүн колдонулуучу ичке тасма.
КӨК IV сын. Заттын булутсуз ачык асман сыяктуу түсү. Көк жоолук. Көк боёк.
¨ Көк кашка — таза, тунук. Жутсаң көңүл ачылган Жайлоонун суусу көк кашка (Осмонов). Көк көйнөк к. көйнөк. Көк жөтөл к. жөтөл. Көк мончок к. мончок. Көк желке к. желке. Көк каргак. карга. Көк боор к. боор. Көк соору — анча чоң , эмес, башынын үстү саргыч, калган денеси ачык көк түстөгү келгин куш. Көк шалкы — кичинекей жапайы чымчыктын бир түрү. Көк кытан к. кытан. Көк мээ — 1) койдун мээ оорусу; 2) келесоо, кеңкелес, кейбир, макоо. Көк таш — катуу, көк түстөгү химиялык элемент. Көк башы — суу бөлүштүрүүчү, сууну тейлөөчү, мурап. Көк башы Актан ата көрүндү (Бейшеналиев). Көк шилти болуу - абдан арыктоо, мүңкүрөө. Көк шилти болуп өлөйүн деп жүрөт. Көк муштум болуу — көгөрүп үшүү, аябай үшүү. Көк муштум болуп колдору камтууга келбей калыптыр (Убукеев). Көк жашык - абдан арык; даамы жок (арык эт жөнүндө). Көк жал к. жал I. Көк ала — 1) көгү бар, ала-була, көк менен ак аралашкан түс; 2) жанчылып урулуудан көгөрүп түшкөн так. Ажардын бүткөн бою көк ала (Жантөшев).

көк

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
V сын. Өжөр, айтканын, ойлогонун бербеген, айтканынан кайтпаган. Эр болсоң көк бол, сөзүңө бек бол (макал). Бир ыйласа басылбаган, таарынса жазылбаган көк бала турбайбы («Жаш ленинчи»).

көк

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
I зат. Асман. Ат аяган жер карайт, куш аяган көк карайт (макал). Учкун аралаш түтүн көккө көтөрүлөт («Ала-Тоо»).
¨ Күлүн көккө сапыруу — талкалоо, кыйратуу, таш-талканын чыгаруу. Бирдиктин күчү фашисттин, Күлүн көккө сапырды (Осмонкул). Эл жегичти жоготуп, Күлүн көккө сапырды (Токтогул). Төбөсү көккө жетүү к. төбө.

көк

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
көк I
1. кожаная тесьма (употребляется вместо дратвы); кожаная сшивка для кереге;
2. тонкие ремешки, тонкие кожаные тесёмки (напр. приготовленные для плетения).
көк II
1. небо;
көк көгүчкөн көктө ойнойт сизый голубь играет в небе;
асман менен көгүнүн тирөөсү элең, кан төрөм фольк. ты, мой хан господин, был (там) опорой небу и небесам (т.е. был всесильным);
төбөсү ачык көк урсун! форма клятвы да покарает (меня) небо с открытым верхом!;
көк карап калды
1) он стал смотреть на небо, вверх;
2) перен. он нос задрал;
көктү көңтөрүп жатасын уж очень ты преувеличиваешь (букв. небо переворачиваешь);
2. синий, голубой;
көк асман голубое небо;
көк көз серые глаза, сероглазый; голубые глаза, голубоглазый (глаза голубые и серые считаются у киргизов некрасивыми);
мала көк светло-голубой;
3. южн. синька;
4. (о растениях) зелёный, незрелый; зелёная трава;
көк жалбырак зелёный лист, зелёные листья;
көк алма зелёное, незрелое яблоко;
көк-сөк сев. овощи (сюда же входят картофель и бахчевые);
көк-сөк бышканда когда поспеют овощи;
аш көк укроп;
ак-көк продукты молочного хозяйства и земледелия;
күз келди, аккөктү жыйнадык наступила осень, мы наготовили молочных и хлебных продуктов;
5. ист. цвет траура (синий) по умершему феодалу, манапу;
6. (о масти) серый, сивый;
көк ат
1) серая лошадь;
2) южн. то же, что көк кызыл ат (см. кызыл 3);
көк ала (или көгала)
1) серый в светлых яблоках (масть);
көк ала сакал борода с проседью;
көк ала сакалдуу киши человек, у которого борода с проседью;
2) перен. синяк;
бетин көк ала кылды он ему насадил синяков;
кара көк тёмно-серый (масть);
кара көк тартып перен. сильно обозлившись;
көк башы ист. лицо, регулировавшее вопросы водопользования;
көк жал
1) сивогривый (эпитет волка);
2) храбрый, бесстрашный (эпитет эпического богатыря);
көк жалдык храбрость, бесстрашие;
көк менен жердей как небо и земля или как небо от земли;
кокко чык- достигнуть полного расцвета, благоденствия, быть в полном довольстве (букв. вознестись на небо);
төбөсү көккө жетти он на верху блаженства (букв. его макушка достигла неба);
көккө чыгара макта- или көккө көтөрүп макта- превозносить до небес;
көк келтек или көк союл или көк таяк дубинка;
кары-көк стар и млад;
көк кашка булак прозрачный родник; родник с чистой, прозрачной водой;
көк шилти сильно изнурённый, обессилевший;
көк шилти болуп, өлөйүн деп жүрөт он так изнурён, что вот-вот умрёт;
көк желе радуга;
көк муштум см. муш I;
көк чоку см. чоку I;
көк жеке см. жеке II 1;
көк чеке см. чеке I 1;
көк мончок см. мончок 2;
көк бөрү см. көкбөрү;
көк мелтей см. мелтей I.
көк III
упрямый, упорный; настойчивый;
эр болсон, көк бол, айткан сөзгө бек бол погов. если ты молодец, будь настойчив, в слове будь твёрд;
көк бала упрямый ребёнок;
көк бет надутый, насупившийся и упрямый (гл. обр. о женщинах и детях);
сырга көк строго хранящий секрет;
убадага көк твёрдо держащий обещание;
кара көк
1) напористый, упрямый;
2) храбрый, бесстрашный;
эрдиги эпсиз, кара көк фольк. храбрость его безмерна, он бесстрашен;
арамдыкка көк в гнусности он не знает предела;
көк тил болтун, пустомеля;
көк мээ то же, что көкмөө.

көк

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Sagynbaeva) (ky-tr)
kök
mavi, gök rengi

көк

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
I gök.

көк

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
II gök.

көк

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
көк (асман), көгү, көккө
көк желе
көк мелжи-
көк тире

көк

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
көк (өжөр)
көк бет
көк беттик
көк желке
көк мелтей
көк сүт
көк тил

көк

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
көк ( түс)
көк ала
көк базин (бот.)
көк боор
көк бөрү
көк бөрүчү
көк бөрүчүл
көк жал
көк жалдык
көк жалтаң
көк жашык
көк жашыл
көк жеке (эск.)
көк желке
көк жөтөл
көк жылтыр
көк заңкер
көк кажыр
көк кашка
көк көйнөк
көк кылтыр
көк кытан
көк майса, көк майсан
көк мончок
көк муштум
көк мээ (көкмөө эмес)
көк мээлик
көк сагыз (бот.)
көк серек
көк соору
көк союл
көк сүт
көк таш
көк тумшук
көктү кароо
көктүн суусу
көк чаар
көк чай
көк чай чөп
көк чеке
көк чоку
көк чулдук (канаттуу)
көк шалкы (канаттуу)
көк шилти
көк шыбак

көк

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
көк (ичке тасма)

көк

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
көк (чөп)
көк-сөк

көк

Кыргызча-орусча сөздүк (Асанов Э.) (ky-ru)
  • голубой
  • синий
  • КӨК

    Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (ky-ky)
    өрүм (өрмө) буюмдардынын жердиги. Жүнү жылытылып, челденген чылгый тери жана андан тилинген талдар. Ал — тери буюмдарын көктөйт, бекитет. Камчы көгү жалпысынан «тасма» деп айтат. Көк тилүү — өрүмдү баштоо аракети. Татаал өрүмдөрдүн жердиги көбүнчө кийиктин терисинен болот. Ал камчы өрүмүнө бир өңчөйлүк кылат да, мунун тилинин текши келет да, өрүмү таасын түшөт.
          Чеберлер тайлактын, кийиктин, торпок-музоонун жана эчкинин сыйрылган терилерин нымдуу жайга коет, же шар сууга үч күндөй бастырат да, жүнүн бычак менен шыпырат. Тегиз жерге тоборсутуп керип, суу бүркүп жумшартып тилсе, «көктүн талы» делинет. Көк менен кайыштан жасалуучу буюмдарды тигүүнү «көктөө» дейбиз.
          Көк камчы өрүмдөй эле «эшик чий» согууда, керегени, бут кийимди көктөөдө да кадимкидей колдонулат. Бодонун терилеринин бир жери калың болот. Бир жери жука көрүнүп, текшилиги бирдей эмес. Илгери өрүмчүлөр даакысы түшкөн арык тайдын терисин камчы өрүмдүн негизги жердиги кылышкан.
          Айрымдар көк үчүн жаңы союлган кулундун, жабагынын жана музоонун терилерин алат. Негизги тайдын териси калыңдык кылат. Анын боорунан тилип алса болот.
          Көккө керектей турган терини жылуулай бойдон жылуу сууга салуу зарыл. Же терини шар аккан сууга байлоо керек. Ал бир жумага жетпей, колго келбей жыдыйт. Муну түз жерге кергенде тери калдайып, тегиз кургап катат.
          Мында көктү тилүүнүн эки ыкмасы бар. Адегенде жөнөкөй эле бычак аркылуу тал-тал тилип алат. Анан аларды сындырыкка салып өткөрүү керек. Мында көк текшиленип, көк талдары сыйда келет. Ошону үчүн анын өрүмү кооз көрүнөт.

    көк

    Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
    I. (асман) heaven ‘хэвн

    көк

    Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
    II. (өжөр) dogged ‘догид

    көк

    Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
    III. blue блуу
    көксөө көкүл көкүрөктүү көкүт көксө көкөмерен көкөлөт көкөлөө көкүрөк көктөш көктүк көктүү көкү көкүлдүү көкбөрүчү көкнарчы көкөй көктөт көктөм көктөө көксөт көктө көкөлө көк. көк көкбөрү көк көк көк желе көкөмерен көкмээ көкөлөн- көкөлөтүү көк көкнар көкбөрү көкбөрүчүл көкө көкөбүр көкөлө- көкөлөө көкөлөт- көкөмсү- көкөн көкжал көкжеке көкү- көкүл көкүлдүү көкүлдүүлө- көкүлдүрүк көкүнө көкүрөк көкүрөкчө көкүт- көкмелтей көкчүл көкмөө көкмөөлүк көкмөк көкмөл көкмөлдүр көкнары көкнарычы көкпөрү көксаңкер көксө көксөө көкташ көктө- көктөө көктөөлү көктөл- көктөм көктөмө көктөможу көктөн- көктөт- көктүү көктүк көкшал көкшалда- көкшүн көк көк 1 (асман) көк 2 (кам) көк майса көктөм көкүл көкүрөк көкүрөк көк көк көк жүзү көкүл көкүлдүү көкү- көкнар көктөш- көкөй көкүрөктүү көксөш- көксүт- көктал көкшалкы көк көк көкшүн көк көк көк көкмөк көкмөк көкнар көкнарчы көкө көкөй көкөлө- көкөлөн- көкөлөө көкөлөт- көкөлөтүү көкөмерен көкөмсү- көксө көксө- көксөө көксөө көксөөлүк көксөт- көксөтүү көксөш көксү- көксүт- көктө- көктө- көктөл- көктөм көктөмө көктөн- көктөө көктөө көктөө көктөт- көктөтүү көктөш көктүк көкүлдүрүк көкүлдүү көкүрөк көкүрөксүз көкүрөктүү көкүрөктүүлүк көкүрөктүүрөөк көкүрөкчө көкүт- көкүттүр- көкүттүрүү көкүтүү көкүтүүчү көкүтүш көкүтчү көкүтчү - көкчүл көкшал көкшүн көктүү көкүл көк көк боор көк жакалар көкжал көкмайсан көктөм көктөмө көктөмө барактарынын сан-эсеби тууралуу жазма көктөмө тизмектеринин реестри көктөмөлөрдү архивканадан берүү китеби көктөмөлөрдү кабылдоо-өткөрүү көктөмөлөрдү кутуларга салуу көктөмөнү күбөлөндүрчү барак көктөмөнүн соңку даталары көкүрөк көкүрөк оорулар бөлүмү көкүрөк оорулар хирургиясы көк көк көк көк желе көк кытан көк мээ көкүл көкүрөк