Переводчик Translate.kg

көмүркөй

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
көмүркөй, көмүркөйү

КӨМҮРКӨЙ

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (ky-ky)
«Көңүлү менен болтуруп, Көмүркөйүн толтуруп» (Элдик ооз эки адабияттан). Ал — аспап-куралдар сакталуучу сандыкча. Бул — темирден да, жыгачтан да, шириден болот, ар кандай көлөмдө жасалат. Көмүркөйдө усталардын зергерчиликке, ат жабдыктарына, жыгаччылыкка жана теричиликке, өрүмчүлүккө, таш чегүүчүлүккө байланыштуу узана турган ар кандай аспап-куралдары менен жасала турган буюмдардын жердиктери сакталат.

көмүркөй

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. Аспап, майда-чуйда буюм-теримдер салына турган сандыкча. Кычан темир көмүркөйдү ачты (Бейшеналиев). Көмүркөйдүн ичинен.. Керкимди да таба кел!.. (Турусбеков).

көмүркөй

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
небольшой сундучок (чаще из верблюжьей кожи - для хранения ценных вещей, мелких инструментов);
көпкөк болгон көмүркөй, көп күмүшкө толтурду фольк. синий-синий сундучок он наполнил серебром;
көмүр түшүп, от жанып, көмүркөй күйүп кетиптир фольк. попал уголь, загорелся огонь, и сундучок сгорел.
көмүркөй көмүркөй көмүркөй