Переводчик Translate.kg

көнчөк

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
көнчөк, көнчөгү, көнчөк кө

көнчөк

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. 1. Кулак калканынын астыңкы жумшак бөлүгү (сөйкө тагыла турган жери). Эки кулагынын көнчөгүнө илинген иймектери кыймылдап турат (Жантөшев).
2. Уйдун салбыраган төш териси. Көнчөгү төмөн салбырап, Гудоктой үнү заңгырап, Асыл тукум букалар (Осмонкул).
¨ Көйнөк-көнчөк — ар кандай көйнөктөрдүн жалпы аталышы.

көнчөк

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
1. мочка уха;
эки кулагынын көнчөгүнөн илинген кичинекей иймек маленькие серьги, вдетые в мочки ушей;
2. подгрудок (быка, коровы);
3. этн. металлический подвесок на приплетённой косе (см. чачпак; к этой косе женщины привязывали напёрстки, ключи и т.п.);
жалаң алтын баары ачкыч, көнчөгүнө тактырып фольк. велев ей нацепить на көнчөк ключи, все золотые (и тем украсить её);
көнчөгүндө он башка оймок жүргөн экен го на её көнчок'е было десять разных напёрстков;
4. южн., то же, что мончок;
көкүрөгүң, көнчөгүң, көкөйдү кескен фольк. твои бусы на груди (и) твои груди извели (меня);
5. южн. тюбетейка, отделанная бисером, блёстками (головной убор невесты);
6. тяньш. один из видов сөйкө (см. сөйкө I);
7. верхняя узкая часть дверного полотнища юрты;
8. парное к көйнөк, көнөк I;
көнөк-көнчөктөр разного рода ведёрки;
көйнөк-көнчөк платьишки, рубашонки.
көнчөк көнчөктүү көнчөк көнчөк