Переводчик Translate.kg

конференция

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. Кандайдыр бир маселелерди талкуулоо, чечүү үчүн мамлекеттик, илимий, коомдук, партиялык жана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн жыйналышы, кеңешмеси.

Конференция

Русско-кыргызский словарь юридических терминов и иных понятий (2014-г.) (ru-ky)
конференция

конференция

Русско-Киргизский словарь Юдахина (ru-ky)
ж.
конференция (кандайдыр бир маселелерди талкуулоо үчүн мамлекеттик, илимий, коомдук, партиялыкжана башка уюмдардын өкүлдөрүнүн жыйкалышы, кеңешмеси);
партийная конференция партиялык конференция;
международная конференция эл аралык конференция;
научная конференция илимий конференция.

конференция

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Sagynbaeva) (ky-tr)
konferentsiya
konferans

конференция

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
konferans.

Конференция

Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү (2005-ж.) (ky-k
КОНФЕРЕНЦИЯ (орто кыл. лат. conferentia , лат. confero – бир жерге чогултам) – кандайдыр бир мамлекеттердин, топтордун, уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле жеке адамдардын, окумуштуулардын белгилүү маселелерди талкуулоо үчүн чогулушу, кеңешмеси.

КОНФЕРЕНЦИЯ

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
КОНФЕРЕНЦИЯ (1952), «Манас» эпосун изилдөөгө арналган Бүткүл союздук илимий конференция, Научная конференция посвященная изучению эпоса «Манас» — негизги маселеси катары «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасын талкуулаган жалпы союздук илимий форум, «Манасты» изилдеп үйрөнүү багытындагы орчундуу баскыч, манастаануу илиминдеги бурулуш учур. 1952-ж. 6—10-июнда Фрунзе шаарында өткөн.
К-ны өткөрүүнүн демилгечиси СССР Илимдер акдемиясынын Президиуму болгон. Ал 1950-ж. 20-октябрда Москвада өткөрүлгөн кеңешмесинде Академиянын Кыргыз филиалындагы Тил, адабият жана тарых институтунун ишинин абалы жана кадр маселеси талкууланып, кабыл алынган токтомдо институттун ишин оңдоодогу зарыл чаралардын бири катары 1951-ж. эпостун элдүүлүгү, негизги варианттары жана курама вариант даярдоо маселелерине арналган «Манас» эпосу боюнча илимий сессиясын өткөрүү Илимдер академиясы Кыргыз филиалынын Президиумуна сунуш кылынган.
Мындай маселенин коюлушуна КПСС БКнын идеологиялык маселелер боюнча согуштан кийин кабыл алынган бир катар токтомдору, аларга байланыштуу өлкөдө түзүлгөн саясий жагдай, айрым элдердин баатырдык эпосторунун («Жангар», «Эдигей» жана башкалар) элдик эмес деп жарыяланышы жана 1946-ж. «"Манас» киргизский эпос» («Великий поход») деген ат менен (Чоң казаттын окуялары) орус тилинде Москвада басылып чыккан китептеги эпизоддорду сынга алган макалалар себеп болгон. Бирок СССР Илимдер акдемиясынын Президиумунун негизги максаты ошол коогалуу шартта «Манас» эпосун сактап калуу эле. Буга курама вариантты даярдоо жөнүндөгү сунуш да күбө. Кыргыз филиалынын Президиуму маселени өз убагында жана талап кылынган багытта даярдап үлгүрө албагандыктан К. белгиленген мөөнөттө өткөрүлбөй калат. 1951-ж. 29-сентябрда Москва, Ленинграддын окумуштуулары, СССР жана Кыргызстан жазуучулар союзунун өкүлдөрү, республиканын окумуштуулары катышкан Кыргыз филиалынын Президиумунун кеңири жыйынында илимий К-ны өткөрүү үчүн Тил, адабият жана тарых институтунун даярдыгы (эпостун көпчүлүккө арналган жана академиялык басылыштарын даярдоо) туура эмес жана жетишсиз деп табылат. Профессор Л. И. Климович, профессор А. К. Боровков баш болгон москвалык, ленинграддык окумуштуулар илимий сессияда «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгилешип, колдогу варианттар орчундуу кемчиликтерге ээ дешкен. Жыйын К-ны өткөрүү мөөнөтүн узартуу зарыл деген жыйынтыкка келген. СССР Илимдер акдемиясынын Президиуму 1952-ж. 21-январдагы көрсөтмөсү менен Кыргыз филиалынын Президиумун кыргыздардын эпосу «Манасты» изилдөө боюнча СССР Илимдер акдемиясынын институттарынын жана жазуучулар союздарынын өкүлдөрүнүн катышуусу менен илимий К. өткөрүүгө милдеттендирген жана К-нын филиалдардын кеңеши сунуш кылган программасын бекиткен. Негизги төрт доклад болору белгиленип, докладчылар дайындалган: «Манас» эпосунун калыптанышынын тарыхый шарттары (Об исторических условиях формирования эпоса «Манас»), докладчы профессор А. Ю. Якубовский; «Манас» эпосун изилдөөнүн жыйынтыктары жана милдеттери (Итоги и задача изучения эпоса «Манас»), докладчы профессор Л. И. Климович; «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасы (Проблема народности эпоса «Манас»), докладчы профессор А. К. Боровков; «Манас» эпосунун варианттарын талдоо (Обзор вариантов эпоса «Манас»), докладчы жазуучу Ө. Жакишев. Бир катар жардамчы докладдарды даярдоо да белгиленген. Тил, адабият жана тарых институтун 1952-ж. 1-апрелден кечиктирбей Кыргызстандын райондорундагы элдерден «Манастын» варианттарын жазып алуу ишин уюштурууну милдеттендирген. Докладдарды убагында жана сапаттуу даярдоону камсыз кылуу үчүн беш кишиден турган комиссия түзүлгөн: филология илимдеринин доктору Б. П. Сухотин (төрага), Л. И. Климович, филология илимдеринин кандидаты А. А. Валитова, филолгия илимдеринин кандидаты Г. С. Тихомиров, В. В. Фарсобин (мүчөлөрү). К-ны даярдоо жана өткөрүү филиалдардын кеңешине жана Кыргыз филиалынын Президиумуна жүктөлгөн. Көптөгөн дагы башка иш-чаралар көрүлүп, даярдык жанданып, зарыл аракеттер жүзөгө ашырылган: «Манастын» бүткүл кыргыз элине таандык чыгарма экендигин далилдөө максатында республиканын райондоруна илимий экспедициялар уюштурулуп, мурда эпостун тексттери жазылып алынбаган чөлкөмдөргө, айрыкча Түштүк Кыргызстан аймагына өзгөчө көңүл бурулуп, эпостун жаны варианттары кагаз бетине түшүрүлөт; айрым белгилүү манасчылардан эпостун тексттерин кайталап жазып алуу жүзөгө ашырылат (Саякбай уулунан; «Манас» эпосун жазуу, жыйноо иштерине активдүү катышып, өзү да эпосту айтып жүргөн Ы. Абдыракманов өз вариантын жазып өткөрөт). Төрт ай бою республикалык мезгилдүү басма сөз беттеринде «Манас» эпосуна арналган талкуу жүрүп, «Кызыл Кыргызстан», «Советская Киргизия» газеталарына жана башкалар газета-журналдарда негизинен эпостун элдүүлүк проблемасына арналган орус жана кыргыз тилдеринде түрдүү мазмундагы жыйырма бештен ашуун макала жарыяланган. 1952-ж. 2-февралда «Советская Киргизия» (кыргызчасы ошол эле күнү «Кызыл Кыргызстан» газетасына) газетасына жарыяланган тарыхчы Г. Нуровдун «"Чоң казат" китеби жөнүндө» (О книге «Великий поход») аттуу макаласы менен башталган бул талкууга республиканын акын-жазуучулары А. Токомбаев («Манас» — эпос киргизского народа — «Советская Киргизия», 1952, 28-март; «Кызыл Кыргызстан», 1952, 28-март), К. Баялинов («Манас» эпосу жөнүндө — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 25-май; киргизской эпос «Манас» — «Советская киргизия», 1952, 27-май), Т. Сыдыкбеков («Манас» эпосунун элдиги жөнүндө — «Кызыл Кыргызстан», «Советская Киргизия», 1952, 29-май), Ө. Жакишев («Манас» эпосунун варианттары жөнүндө — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 28-май; «Советская Киргизия», 1952, 20-май), түрколог окумуштуулар Б. Юнусалиев (К вопросу об эпохе и возникновении эпоса «Манас» — «Советская Киргизия», 1952, 23-май; «Кызыл Кыргызстан», 1952, 28-май), И. Батманов («Манас» эпосу жөнүндө — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 21-май), кыргыз окумуштуулары Ж. Таштемиров (Сырткы басып алуучуларга каршы кыргыз элинин жүргүзгөн күрөшү менен «Манас» эпосунун байланыштуулугу тууралуу — «Кызыл Кыргызстан»; 1952, 17-май; Очистить эпос «Манас» от антинародных наслоений — «Советская Киргизия», 1952, 5-июнь), Б. Керимжанова («Манас» эпосунун элдүүлүгү туура чечилүүгө тийиш — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 5-июнь), республикалык педин-ттун окутучуулары И. Шерстюк (О народности эпоса «Манас» — «Советская Киргизия», 1952, 18 март; «Кызыл Кыргызстан», 1952, 19-март), С. Мусаев (Элдик эпостун туура бааланышы зарыл — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 13-апрель), П. Балтин (Против фальсификации устных произведений — «Советская Киргизия», 1952, 15-май), москвалык окумуштуулар: С. Даронян (К вопросу о народности эпоса «Манас» — «Советская Киргизия», 1952, 13апрель), М. Богданова (Очистить эпос «Манас» от антинародных наслоений — «Советская Киргизия», 1952, 18-апрель; «Манас» эпосунун элдүүлүгү жөнүндө — «Кызыл Кыргызстан», 1952, 11-май; Об эпосе «Манас» — «Литературная газета», 1952, 27-май), В. Зимогляд («Великий поход» — реакционная антинародная книга — «Советская Киргизия», 1952, 15-май) жана башкалар катышкан.
К-нын ишине СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалы менен СССР Илимдер академиясы Тил жана адабият бөлүмү жетекчилик кылган. К-нын ишине төрт жүздөн ашуун адам, Кыргызстандын, Москва менен Ленинграддын жана Союздук республикалардын илимий кызматкерлери, жазуучулар, партиялык-советтик кызматкерлер жана башкалар катышкан.
К-нын негизги маселеси «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасы болуп ага, арналган докладдар эки топко бөлүнгөн: 1-топ: негизги доклад — «Манас» эпосунун элдиги жөнүндөгү проблема (Проблема народности эпоса «Манас»), докладчы Өзбек ССР Илимдер акдемиясынын корреспондент мүчөсү, профессор А. К. Боровков; кошумча докладдар — «Манас» эпосунун элдүүлүк проблемасына карата (К вопросу о проблеме народности эпоса «Манас»), докладчы Тил, адабият жана тарых институтунун директору, философия илимдеринин кандидаты А. Д. Цавлеткелдиев; «Манас» эпосунун элдүүлүгү жөнүндө (О народности эпоса «Манас»), докладчы М. И. Богданова; 2-топ: негизги доклад — «Манас» эпосунун варианттарына мүнөздөмө берүү, докладчы Ө. Жакишев; кошумча докладдар — Каралаевдин кариантына мүнөздөмө (Обзор каралаевского варианта), докладчы К. Маликов; «Манас» эпосунун алгачкы жазылыштары жөнүндө (О ранних записях эпоса «Манас»), докладчы СССР Илимдер академиясы Чыгыш таануу институтунун (Ленинград) илимий кызматкери, филология илимдеринин кандидаты А. А. Валитова, «Манас» эпосунун Ы. Абдыракманов түзгөн варианты (Вариант Ы. Абдыракманова), докладчы филология илимдеринин кандидаты Б. Керимжанова; «Семетейдин» элдүүлүгү проблемасына карата (К проблеме о народности «Семетей»), докладчы А. Токомбаев; «Сейтек» — «Манас» үчилтигинин бөлүгү катары («Сейтек» — как составная часть трилогии «Манас»), докладчы Т. Сыдыкбеков. Бул эки топтогу докладдардан тышкары негизги докладдын бири катары СССР Жазуучулар союзунун улуттук адабияттар бюросунун төрагасы, профессор Л. И. Климовичтин доклады («Манас» эпосун изилдөөнүн абалы жана милдеттери — Состояние и задачи изучения эпоса «Манас») угулган.
Негизги жана кошумча докладчылардан башка да К-га катышкан көптөгөн адамдар сүйлөгөн. Талкууланып жаткан маселе боюнча өз ойлорун айткандардын арасында М. Ауэзов, А. Бернштам, Б. Юнусалиев сыяктуу белгилүү окумуштуулар да болгон.
Беш күнгө созулган К. орус тилинде өтүп, кыргызча сүйлөгөн сөздөр орус тилине которулуп берилген. Докладдар, кошумча докладдар, ошондой эле чыгып сүйлөгөндөрдүн сөздөрү толук стенограммаланган. Стенограммалардын машинкага бастырылган үлгүлөрү Кол жазмалар фондусунда (851, 852, 853-инв.) сакталып турат (704 б.). К-нын жүрүшү, докладдардын, сүйлөгөн сөздөрдүн кыскача обзорлору «Кызыл Кыргызстан», «Советская Киргизия» газеталарынын 7—8—10-июндагы сандарына жарыяланган. Илимий К-нын материалдары толук жарык көрө элек.
К-ны ачкандагы кириш сөзүндө жыйындын төрагасы, СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары, философия илимдеринин кандидаты А. Алтымышбаев кыргыздар байыркы элдердин бири экендигин, алардын системалуу түрдө жазылып калган тарыхы болбогондуктан басып өткөн жолу жөнүндөгү маалыматтар материалдык жана рухий эстеликтеринде чагылдырылгандыгын эскерте келип, элдин тарыхы тигил же бул деңгээлде чагылдырылган чыгарма «Манас» эпосу экендигине токтолуп, эпосту эл арасынан жыйноо, басмага даярдоо, изилдөө багытында көп күч, убакыт, каражат сарпталып, бир катар иштер иштелгенин белгилеп, бирок чыгарманын элдүүлүгү жөнүндөгү маселе алиге тактала электигине, буга орус тилинде басылып чыккан («Великий поход», М., 1946) материал күбө болорн айтат. Китепте басма сөздө талаш-тартышты пайда кылган бир катар учурлар орун алгандыгын эскерте кетип, ага катышкандардын ойлоруда ар түркүн экендигине көңүлбурат. Жыйындын катышуучуларынан шкеактивдүү аралашып, талкуулануучу маселе боюнча объективдүү чечим кабыл алууга Академиянын Кыргыз филиалын Президиумуна көмөк көрсөтөт деп үмүттөнгөнүн билдирет.
Негизги докладчы профессор А. К. Боровков оозеки чыгармачылыкка марксчыл-ленинчил эстетиканын позициясында гана мамиле жасалууга тийиш, коммунисттик көз карашка тарбиялоонун талаптарына ылайыкташканда гана маданий мурас проблемасын туура чечүүнүн бирден бир туура жолу ачылат, башка мамиле сөзсүз өткөндү идеалдаштырууга (эпикалык чыгармачылыкта да) гана алып келет деген оюн билдирүү менен кыргыз эпосунун элдүүлүк маселесинде бир катар күдүксүз кыйынчылыктар бар деп эсептейт: 1) «Манас» эпосунун идеялык мазмунуна баа берүүдөгү биринчи кыйынчылык чыгарманын мүнөзү менен байланышкан. Анын акыркы убактарга чейин оозеки сакталып жана муундан муунга өтүп келиши эпостун дайым жаңыланып турушуна, анын курамынын, эпикалык образдарынын мүнөздөрүнүн, идеялык мазмунунун өзгөрүшүнө алып келген. 2) Эпостун курамынын жана түрдүү версияларынын жеткиликтүү изилденбегени, чыгарманын пайда болуш, калыптаныш учуру жөнүндө так түшүнүктүн жоктугу. 3) А. Н. Веселовскийдин «бир агым» («единый поток») теориясынын жана академик Н. Я. Маррдын «тил илиминдеги жаңы окуусунун» таасири «Манас» эпосун изилдөө ишинде укмуштуудай чаташууларга алып келгенин көрсөтөт. Докладчынын ою боюнча ушундай абалдын натыйжасында «Манастын» эң реакциячыл версиясы болгон Сагымбай Орозбаков айткан тексттер элдик жана демократиялык катары көрсөтүлгөн. Ошондой эле эпостун элге каршы мазмуну, исламды үгүттөө, башка элдерге душмандыкты жана талоончул согуштарды идеалдаштыруу эпикалык Манастын тээ алыскы, 9-кылымда эле кыргыз мамлекетин түзүү аракети деген жалган идея менен жаап коюлганы да жашырын эмес (7-б.).
Докладчы эпостун көптөгөн изилдөөчүлөрү «Манаска» түрдүү тарыхый шарттарда киргизилген кошумчалар, анын мазмунундагы катмарлар жөнүндө айтышарын эскерте келип, мындай «теориялар» эпостун өнүгүшүндөгү эки сызыктын — элдик жана феодалдык-клерикалдык багыттын айырмасын өчүрөт, феодалдык-клерикалдык идеологияны идеалдаштырууга алып келет — деп эсептейт. «Манастагы» реакциячыл феодалдык, бай-манаптык жана буржуазиялык улутчулдук идеялардын таасири менен киргизилген кошумчалар, докладчынын ою боюнча, өзгөчө мүнөзгө ээ, алар чыгармадагы катмар гана болбостон, редакциялык белгиге айланган. Буга С. Орозбаковдун, М. Мусулманкуловдун жана Тоголок Молдонун версиялары — далил. Докладчынын түшүнүгүндө реакциячыл көрүнүшкө айланып, мазмунга терең сиңип кеткен кошумчаларды алып салууга, эпосту ушул жол менен тазалоого мүмкүн эмес.
Андан нары докладчы «Манастын» мазмунун талдоого өтүп, Сагымбай Орозбаковду жана башкалар манасчылардын тексттерин сынга алат. Орчундуу кемчиликтер катары тексттерде Баабедин, Кызыр Иляс, Кырк чилтен жана башкалар сыяктуу түшүнүктөрдүн, ислам, түрк сыяктуу айрым сөз, терминдердин кезигишин түшүнөт. Эпостогу так эместиктер, кошумчалар «Манасты» терс чыгарма кылып көрсөтөт деп эсептеп, көптөгөн фактыларды келтиргенине карабай сөзүнүн корутундусунда профессор биздин милдетибиз колдо болгон материалдардын негизине таянып, эпос боюнча чыныгы, терең изилдөө жүргүзүү, үчилтиктин элдик негизин калыбына келтирүү — деп эсептейт (стенограмманын 5-39-б.).
Кошумча доклад жасаган А. Давлеткелдиев сөзүн өткөндүн маданий мурасына сын көз менен кароо зарылдыгын эскертүү менен баштап, «Манас» элибиздин тарыхынан, күрөштөрүнөн, саясий коомдук өнүгүүсүнөн кабар берген энциклопедиялык монументалдуу чыгарма экендигин белгилейт жана карама-каршы таптар коомунда бийлик ээлери өз кызыкчылыгын коргоо максатында эл чыгармачылыгынын материалдарын пайдаланганын, ал үчүн алардын мазмунуна кошумчалар киргизип, реакциячыл идеялар менен катмарлап, элдик негизин бурмалагандыгын, мындай абалга «Манас» эпосу да туш болуп, натыйжада негизи күмөнсүз элдик болгон бул чыгарма көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушарланган деп эсептейт.
Эпостун сюжеттик линиясындагы окуялар системасын кыскача эске сала келип, докладчы аларда панисламдык, пантүрктүк, улутчулдук жана баскынчылдык идеялар орун алган деп өкүнүү менен айтат, кайсыл үзүндүнү, кайсыл эпизодду албайлы ушул элге каршы реакциячыл идеяларга урунабыз дейт. Сөзүнүн далили катары эпостун мазмунундагы Жакыптын түшү (түштү балаң бүт дүйнөнү караткан баатыр болот экен деп жорууну бүт дүйнө жүзүн басып алууга умтулуу деп түшүнөт), Алмамбеттин мусулмандык белгилер менен туулушу сыяктуу көрүнүштөрдү келтирет жана талдоого алат. Ошондой болсо да, докладчы Каралаевдин жана башкалар варианттарда, ал гана эмес реакциячыл варианттарда да айрым прогрессивдүү учурлар бар, бирок алар терс катмарлардын алдында өтө эле терең жаткандыктан абдан көңүл буруп окуу аркылуу гана табууга болот дейт. Мисалы, Сагымбайдын вариантын барып турган реакциячыл деп эсептеп, андагы Манастын Алтайдан кыргыз жери Ала-Тоого келиши калмактардын кыргыздарды басып алуусу менен байланыштырылганы менен кыргыз жерин баскынчылардан бошотуу учурунда Манас эл жашаган жайларды, шаарларды талкалап, талап жүрүп отурушу сүрөттөлүү менен эркиндик идеясы, кыйраган, чабылып-чачылган элдин башын кошууга багытталган окуялар манасчынын айтуусунда баскынчылыкка айланып калган деп түшүнөт.
Докладчынын ою боюнча реакциячыл, элге каршы кошумчаларына, катмарларына карабастан «Манас» эпосун ошол кошумчалардан тазалап, негизги сюжеттик линиясын бардык прогрессчил демократиялык белгилери менен калыбына келтирүүгө мүмкүн — деген жыйынтыкка келет. Сөзүнүн акырында таза, кошумчаларсыз, чыныгы элдик вариантты табуу керек деген пикир айтылып жатканын эскерте келип, мындай варианттын болушу мүмкүн эместигин, эпостогу негизги элдик, демократтык багытты табуу, аныктоо үчүн колдогу варианттарды көңүл коюп тыкан изилдөө жана жаңыларын да жазып алуу керектигин белгилейт (стенограмманын 40—55-б.).
Кошумча доклад жасаган М. Богданова өз баяндамасын буржуазиялык улутчулдардын манасчыларга тийгизген таасиринин натыйжасында болгон эпостун жазууларындагы реакциячыл жана бир жактуу мүнөз, ошондой эле бастыруу учурундагы аларды сын көз менен карап тандап алуу ишинин такыр эле жүргүзүлбөгөнү «Манастын» негизги маңызын туура түшүнүүдөгү орчундуу тоскоолдук деп белгилөөдөн баштап, «Манаска» баа берүү ишинде узак убакыттар бою аны идеалдаштыруу жана элге каршы, реакциячыл катмарларын айтпоо тенденциясы өкүм сүргөнүнө көңүл бурат. Айрым учурларда мунун тескерисинче «Манастан» реакциячыл мотивди издеп таап жана ошонун негизинде бул чыгарманы элдик эмес деп жарыялоого шашылуу өкүм сүрүүдө. «Манасты» жеке бир киши жараткан чыгарма эмес, ошондой эле аны кээ бир феодалдык чөйрөдөгү жалданма ырчыга таандык дешке да болбойт, ал — көп муундардын коллективдүү эмгегинин жемиши. Эпосто жеке эле согуш окуяларын эмес, элдин көп жактуу жай турмушунун көрүнүштөрү да сүрөттөлөт. Бүтүн бир чоң чыгармага бириккенге чейин эпостун композициялык структурасы айрым уламыш, легенда, жөө жомок түрүндө жашап, бир бүтүнгө бириктирилишинин өзү балким кийинки учурлардын иши болушу да мүмкүн.
Докладчы «Манас» эпосу эң алды менен поэтикалык көркөм чыгарма экендигин, элдин тарыхый турмушу анын мазмунунда кеңири көркөм жалпылоолор аркылуу чагылдырылгандыгын баса белгилеп, «Манас» кээ бир изилдөөчүлөр таңуулаган конкреттүү тарыхый окуялардан алда канча кеңири деп эсептейт. Докладчы эпостогу тарыхый окуялар менен адамдар ойдон чыгарылган жана поэтикалык мүнөздөгү маалыматтар менен аралашып кеткендигине көңүл буруу менен, эпостун өзү таанышып чыккан орус жана кыргыз тилдеринде басмадан чыгып жарык көргөн тексттерине, Багыш Сазан уулунун вариантына таянып, чыгарманын өзгөчөлүктөрүнүн бири окуяларды сүрөттөөлөрдө, каармандардын образында карама-каршылыктардын болушу деп эсептейт. Ал карама-каршылыктарды эпостун түзүлүш жана өнүгүш жолундагы өтө узак мезгилде түрдүү эпостордон, уламыштардан, ырлардан куралгандыгынын натыйжасы менен түшүндүрөт.
Бизге белгилүү версияларда Манас уруунун коргоочусу эле эмес, мал, согуштук олжо, кул жана башкалар үчүн да аракеттенгендигин байкоого болот — деп сөзүн улантат да, М. Богданова мындай көрүнүштүн себебин ошол тарыхый шарттын өзгөчөлүктөрү менен түшүндүрүү зарыл деп эсептейт, элдүүлүк деген түшүнүктүн өзү тарыхый категория экендигин эске сала келип, эпостун жаралуу, жашоо шартында элдүүлүктүн өзү бүгүн биз түшүнгөн мүнөздө болгон эмес да — дейт.
М. Богданова А. К. Боровковдун докладында айткан эки эпос (элдик жана феодалдык) болгон деген оюна каршы чыгып, түрдүү чөйрөдө аткарылганы менен «Манас» эпосу бир гана организм болгон — деп эсептейт. Докладчынын ою боюнча кыргыздарда жазуу жок болгондуктан «Манасты» эл да, феодалдык чөйрөдө да пайдаланган. Жазма адабияты бар жерде абал башка — жазма адабият бийлик төбөлдөрдү тейлеп, оозеки чыгармалар, анын ичинде эпос да, элдик негизин толугураак сактап калат.
Өзү кеңири таанышкан БСВны мүнөздөөгө өтүп, докладчы бул версия өзүнүн реакциялуулугу жактан Орозбаковдун версиясы менен тең тайлашат деген жыйынтыкка келет. Докладынын аягында М. Богданова эпостун барып турган реакциячыл варианттарында да элдин үнү айрым эпизоддор, мотивдер түрүндө даана байкалып турганын айтып, эпостун негизи элдик экендигине андагы элдин көп кылымдык турмушунун чагылышы, чыгармадан көптөгөн көркөм жанрлардын орун алгандыгы, уруулардын биримдешип, четтен басып келгендерге каршы туруу идеясынын чагылышы, Манастын образында да карама-каршылыктуу белгилердин болушу, чыгарманын эл арасында кеңири таралышы, карама-каршы таптык күчтөрдүн эпостун айланасында өз ара жүргүзгөн күрөштөрү жана башкалар далил болот — деп эсептейт. Докладчынын ою боюнча «Манас» биз билген жазылып алынган үлгүлөрүндө эл арасында жашоосу мүмкүн эмес. Аны түрдүү терс кошумчалардан, катмарлардан арылтуу, тандап алуу иштерин жүргүзүп, нукура элдик, мыкты үлгүлөрүн элге кайтарып берүү абзел. Академик И. А. Орбелинин жетекчилиги менен 70 версиянын негизинде түзүлгөн армяндардын «Сасундук Давид» эпосунун үлгүсү сыяктуу курама вариант түзүү зарыл (стенограмманын 56— 79-б.).
Негизги докладчылардын бири Ө. Жакишев сүйлөгөн сөзүндө В. И. Лениндин ар бир улуттук маданияттагы эки жактуулук жөнүндөгү окуусуна таянуу менен Октябрь революциясына чейин кыргыздарда да эки маданият болгонун, реакциячыл багыттын өкүлдөрүнө Калыгул, Арстанбек, Кылыч кирет, демократиялык топтун башында Токтогул турат деп белгилей келип, 20—30-жылдарда «Манас» эпосун жазып алууда, айрыкча. Сагымбай Орозбак уулунун вариантын жазууда орчундуу каталыктар кетирилген дейт. Бул ишти жетектеген буржуазиялык улутчулдар айтуучунун чыгармачылык иш процессине кийлигишип, панисламдык, пантүрктүк мүнөздөгү кеңештер беришип, Манастын образын баскынчы, ислам үчүн күрөшүүчү катары түшүндүрүүгө далалаттанган деп эсептейт. Докладчынын ою боюнча бүт эпосту баштан аяк реакциячыл деш туура эмес, эгер эпос жалаң эле агрессивдүү жана феодалдык идеялары менен гана чектелип, элдик кызыкчылыктар чагылдырылбаган болсо, эпос эл арасында биздин күндөргө чейин жашап, ушундай кадыр-баркка жетише алмак эмес, алда качан жашоосун токтотмок. Ушундай зор көлөмдүү жана жогорку көркөмдүктөгү эпостун элдин катушуусуз пайда болушу мүмкүн эмес.
Докладчы Саякбай Карала уулунун вариантына мүнөздөмө берүүгө өтүп, анын сюжетиндеги Алоокени жеңгенге чейинки окуяларды Манас баатыр элдин таламын талашкан адам катары сүрөттөлгөн эпизоддор катары эсептеп, чыгарманын кийинки окуяларынын көбүндө Манас исламды үгүттөөчү, түрктөрдүн башын коштуруучу, агрессор жана баскынчы катары берилген деп көрсөтөт. Ч. Валиханов, В. В. Радлов жазган тексттерге мүнөздөмө берип, ал окумуштуулардын кыргыздар ислам жөнүндө үстүрт гана түшүнүккө ээ деген маалыматтарына таянуу менен, «Манас» эпосуна ислам Кокон кандыгынын жана жадидизмдин таасири аркылуу 19-кылымда — 20-кылымдын башында кирген болуш керек деген божомолун айтат.
Сагымбайдын вариантына токтолуп, докладчы манасчы да, тексттерди кагазга түшүргөн адам да сабаттуу болгонун көрсөтүп, жазуу ишине жетекчилик кылган улутчулдар исламдык, түрктүк түшүнүктөрдү таңуулап киргизген дейт да жана Сагымбайдын өзү да кыргыз коомундагы бай-манаптык төбөлдөр жана улутчул интеллигенттер менен тыгыз байланышта болгон деп эсептейт. Докладчынын пикири боюнча Сагымбай Орозбаковдогу Манастын туулганы, балалык чагы, Каныкейди алганы жана «Көкөтөйдүн ашы» окуяларында гана айрым жай турмуш көрүнүштөрү сүрөттөлөт, калган окуяларда жалаң согуштук жүрүштөр менен башка элдерди каратуу баяндалат.
Докладчынын түшүнүгүндө Саякбай Карала уулунун кембагал бүлөдөн чыгышы ал айткан вариантка таасирин тийгизгени менен анын варианты да буржуазиялык улутчулдардын таасиринен таза эмес. Сагымбай сыяктуу эле Саякбайдан үчилтиктин биринчи бөлүмүн жазууга да улутчулдар жетекчилик кылышкан.
Докладчы Сагымбай менен Саякбайдын варианттарындагы окуяларды салыштырууга кеңири токтолот. Шапак Рысменде уулу, Багыш Сазан уулу, Молдобасан Мусулманкул уулу айткан тексттер сюжеттик композициясы, идеялык багыты боюнча Сагымбай Орозбаковду негизинен кайталагандыктан, элге жат экендиги кадиксиз деп эсептейт. Баяндамасынын аягында Ө. Жакишев колдогу варианттардын ичинен Саякбай Каралаевдин варианты нда элдик мотивдер басымдуулук кылат, бул ал тексттердин өзгөчө баалуулугун айгинелеп турат деп белгилейт, бирок ал да бириктирилген вариантка негиз боло албайт. Институттун фондусундагы варианттардын баарын дыкат карап чыгып, аларды элге жат идеялардан тазалоо зарыл деген корутундуга келет (стенограмманын 81 —107-б.).
Кошумча докладчы К. Маликов өз баяндамасында негизинен Саякбай Каралаевдин варианты га токтолорун эскертип, чыгарманын кыскача сюжетин баяндап, сырттан басып кирген душманга каршы туруу, мекенди бошотуу, чачыранды урууларды бириктирүү сыяктуу маселелерге басым жасап, Молтокан менен Алоокеге каршы күрөш, Алоокенин элди эзиши, жеринен айдалган кыргыздардын турмуш-тиричилиги, Манастын Аккуланы эгинге сатып алышы өңдүү окуялардан мисалдар келтирип, аларды эпостун элдик белгилери катары көрсөтөт. Саякбай Каралаевдин варианты ндагы элге жат идеялар баяндалган, буржуазиялык улутчулдардын таасири менен бурмаланган эпизоддор катары «Чоң казат», «Шоорук менен согуш», «Чубактын Букарды камаганы» сыяктуу окуяларды жана ушундай эле терс мүнөздөгү кошумчалар менен бурмаланган тексттер деп Кошой, Бакай, Ажыбай жана башкалар каармандардын өмүр баяндык маалыматтары айтылган үзүндүлөрдү эсептейт. «Чоң казат» толук бойдон идеялык талаптарыбызга туура келбейт, баштан аяк элдин кызыкчылыгына каршы турат дейт да, кытай эли менен совет элдеринин достугунун кызыкчылыгы үчүн бул бөлүмдү эпостун тутумунан такыр алып салууну сунуш кылат. Сөзүнүн акырында «Манас» эпосунун идеялык, көркөмдүк жактан талапка жооп бере турган текстин даярдоо үчүн колдогу варианттардан иргеп бир вариант түзүү зарыл. Бул үчүн Тоголок Молдодон башка манасчылар бүт сабатсыз экендигин эске алып, алардан жазылган тексттерди кайра иштеп чыгууга жол берүү керек — деп сөзүн аяктайт (стенограмманын 108—155-б.).
«Манастын» алгачкы жазылып алынган тексттери жөнүндө кошумча докладчы А. А. Валитова Ч. Валихановдун кыргыз жергесине качан келгенин, эмнелерди жазып алганын, алардын качан жарыяланганын эскертет, тексттерге кыскача мүнөздөмө берип, чыгарма көчмөн элге таандык экендигин айгинелеп турган билгилерге көңүл бурат. Үзүндү түрүндөгү жазуулардын негизинде эпикалык баяндын мүнөзүнө баа берүүнүн кыйындыгын эскерте келип, казак окумуштуусунун жазуулары өзгөчө баалуулугу Манастын алгачкы элдик образынын кандай болгондугун байкоого мүмкүнчүлүк бере тургандыгында дейт. Докладчынын ою боюнча Ч. Валиханов жазган тексттерде да элге жат, таңууланган издер бар, бирок элдик баатырдын образын феодалдарча чечмелөө кийинки айрым версиялардагыдай терең эмес.
В. В. Радлов жазып жарыялаган тексттерге мүнөздөмө берүүдө докладчы ал материалдар улутчулдардын таасирине туш болбогондугуна жана табигый шартта жазылгандыгы менен баалуу экендигине көңүл бурат, андагы эпизоддорду санап чыгып, тексттер үч адамга таандык экендигин эскертет. Докладчынын ою боюнча бул тексттерде да феодалдык түшүнүктөрдүн таасири бир топ күчтүү, элдик мотивдер жат идеологиянын таасири менен күңүрттөлүп баяндалат. Мунун себебин А. Валитова В. В. Радлов экспедиция учурунда бай-манаптардыкында токтогондуктан айтуучулар бай-манаптык идеологгияны баяндашкан болсо керек деген жоромол менен түшүндүрөт.
Докладчы Манастын душмандары катары калмактар аталганына көңүл буруп, эпостун окуяларын жунгар баскынчылыгы менен байланыштырат жана чыгармадагы негизги идея баскынчылыкка каршы туруу экенин белгилейт. Сөзүнүн акырында докладчы Ч. Ч. Валиханов, В. В. Радлов жазган тексттерде элге жат мотивдер бир кыйла экенине карабастан алардагы каармандардын алгачкы образдарынын жана элдик мотивдердин жетишерлик так байкалып турушу колдогу бардык варианттардын негизинде дыкат изилдөө иштерин жүргүзүп, нукура элдик образдарды калыбына келтирүүгө болот деген жыйынтык чыгарат (стенограмманын 156 —182-б.).
Кошумча докладчы Б. Керимжанова өз сөзүн «Кызыл Кыргызстан», «Советская Киргизия» газеталарынын беттеринде уюштурулган талкууда «Манас» эпосу боюнча эки түрдүү пикирлер айтылганын белгилөөдөн баштап, айрымдар эпостогу реакциячыл мотивдер менен катар элдик мотивдер да бар экенин белгилешсе, кээлери, мисалы, Г. Нуров «Чоң казатты» туура сындаганы менен жалгыз эпизодго гана таянуу менен бүт эпосту реакциячыл деп баалоого аракеттенгенин, ал эми П. И. Балтин Сагымбай Орозбаковдун негизинде гана бүт эпосту реакциячыл деп карагандыгын айтты. П. И. Балтиндин эпосту эл эмес көз каранды ырчылар түзүшү мүмкүн деген оюна каршы чыгып, «Манас» сыяктуу зор масштабдуу чыгарманы коллектив, эл гана жарата алат деген ишенимин билдирип, белгилүү 80дей манасчынын Тыныбек менен Сагымбайдан башкасынын тектери бүт эмгекчи эл арасынан чыкканына көңүл бурган.
Кыргыздарда «Манас» башка оозеки көркөм чыгармачылыктын үлгүлөрү менен катар маданий булактын милдетин аткаргандыктан феодал төбөлдөр «Манаска» таасирин тийгизгени шексиз. Ошондуктан эпостун бүгүнкү варианттарынын көпчүлүгүндө реакциячыл мотивдердин болушу кокустук эмес. Докладчынын ою боюнча терең талдоо жүргүзгөндө эпосто реакциячыл идеялар менен катар эле демократиялык, элдик мотивдер бар экенин «Манастын» дээрлик бардык тексттеринен байкоого болот. «Манастагы» терс катмарларды жоюу, элдик негиздеги тексттерди табуу максатында 1951 — 52-ж. аралыгында институтта көрүлгөн иш чараларга токтолуп, жаңы жазылып алынган, илимге мурда белгисиз варианттар жөнүндө айтып, ошолордун бири катары Ы. Абдыракманов түзгөн вариантты көрсөтөт. Анын тексти менен кенен таанышып чыкканын эскертип, вариантка мүнөздөмө берүүгө өтөт, андагы окуяларды санап, алардын диндик жана башкалар терс түшүнүктөрдөн тазаланганын белгилейт. Бирок бул жаңыдан кайра жазылып чыккан текст эпикалык баян эмес экендигин, мындай ык менен идеялуу чыгарма түзүү жолу жараксыздыгын айтып, «Манасты» сактап калуу үчүн курама вариант түзүүнү сунуш кылат (стенограмманын 183—195-б.).
Кошумча докладчы А. Токомбаев сөзүн менин оюм боюнча эпостун негизи элдик — деп белгилөө менен баштап, эл тарыхын бүгүнкү көз караш менен кароого жана аны бүгүнкүгө ылайыкташтырууга болбой турганын, фольклорду өнүгүүнүн жолунда белгилүү гана учурдун шартында сөөк болуп катып калган нерсе катары эмес, диалектикалык кыймылда кароо керектигин, эпос доорлордун көптөгөн тактарынан куруларын баса көрсөтөт. Докладчынын ою боюнча эпостун идеялык, мазмуну аны ким аткаргандыгына (кан сарайынын айтуучусубу же эл өкүлүбү) жараша болот. Ошондой эле эпостун чыгыш доору эске алынуусу зарыл. Демек, байыркы эпостон бүгүнкү күндүн идеяларынын так өзүн талап кылууга болбойт, «Манас» эпосун изилдеген айрым жолдоштордун эпостон так ушуну туура эмес талап кылып жатышканы өкүнүчтүү. Эпос элдик маданияттын балалык курагынын көрүнүшү — дейт.
Докладчы андан нары эпостогу каармандарды эл экиге бөлүп карай турганына токтолуп, эл үчүн, анын биримдиги, баш кошуусу үчүн аракеттенгендер Манас, Чубак, Алмамбет, Кошой, Бакай, Үрбү, Сыргак, Төштүк, Семетей, Күлчоро, Сарытаз, Каныкей, Айчүрөк жана башкалар көптөгөн каармандар экенин айтат. Экинчи топтогу элди бөлүп-жарган, өз жеке кызыкчылыгынын камын ойлогон каармандар: Манастын атасы Жакып, Абыке, Көбөш, Көзкаман, Толтой, Кыяз, Чынкожо жана башкалар Алардан башка Канчоро, Чачыкей, Кыргылчал жана башкалар сыяктуу чыккынчылар да бар. Демек эпосто эл идеясын жактаган жана элге каршы идеяларды көздөгөн карама-каршы күчтөрдүн өкүлдөрү бар деп көрсөтөт. Өзгөчө Сагымбайдын вариантында реакциячыл катмарлар көп, диндик мотивдер, тарых менен эч байланышы болбогон согуштук жүрүштөр бар деп эсептейт.
А. Токомбаев эпостун негизин түзгөн — элдик элементтер катары Манастын туулушу, Көкөтөйдүн ашы, Каныкейдин жомогу, Семетейдин үйлөнүшү сыяктуу көпчүлүк эл жакшы билген окуяларды эсептейт. Ар бир вариантты өзүнчө толук эмес деп эсептээрин, анткени жарым миллион сап ырдан турган чыгарманы бир айтуучу сюжеттик жана көркөмдүк жактан мүчүлүшсүз айтуусу мүмкүн эместигин айтып, түрдүү варианттардан бирин-бири толуктай тургандай кылып бириндеги мүчүлүштүктүн ордуна экинчисиндеги мыкты үлгүнү алуу аркылуу бир вариант түзүүнү сунуш кылат. Ушундай жол менен түзүлгөн чыгармаларга «Калебипоэгди», «Сасундук Давидди», «Калеваланы» мисалга келтирет. Докладчы «Семетейге» токтолуп, Саякбай Карала уулунун варианты боюнча анын сюжетин талдайт.
Баяндамасынын акырында докладчы «Манас» негизинде элдик, бирок көптөгөн феодалдык катмарлардан чыгарманы тазалоо керек, эпостун эң акыркы вариантын жыйноо, түзүү жана редакциялоо советтик окумуштуулар менен жазуучулардын ыйык милдети — деп жыйынтыктайт (стенограмманын 196—218-б.).
Эпостун «Сейтек» бөлүмү боюнча кошумча докладчы Т. Сыдыкбеков өз сөзүн чыгарманын үчүнчү бөлүгү көлөмү, композициялык түзүлүшү жана көркөмдүгү жактан «Манас» менен «Семетейден» төмөн тургандыгын, ушунун негизинде ал кийин түзүлгөн деген корутундуга келүүгө болорун эскертүүдөн баштап, Саякбай Карала уулу айткан вариант боюнча «Сейтектин» сюжетин талдап, башка варианттардан айырмачылыктарын көрсөтөт. Түрдүү айтуучуларга таандык тексттерде айрым окуялардын гана башкачараак айтылганы болбосо, идеялык багыты бирдей экендигине көңүл бурат. «Сейтекте» баскынчылык жортуулдар, динди таратууга аракеттер жок, тескерисинче элдик баатырлар Кыяз, Сарыбай сыяктуу баскынчыларга каршы күрөшүп, элди алардын эзүүсүнөн сактап, өз жеринин эркиндигин коргошот деп белгилейт. П. Балтиндин «Советская Киргизия» газетасындагы макаласында Семетей менен Сейтекти атасынын тагы үчүн гана күрөшкөн кан катары түшүнгөнүнө, эпостун бул бөлүмдөрүн да элге жат чыгармалар катары баалап, баш тартууну сунуш кылганына каршы чыгат. Докладчынын «Сейтекте» да кемчиликтер бар экендигин, алар тексттеги кайталоолор, узун-узун кайгыруулар экендигин көрсөтөт. Саякбай Карала уулу айткан «Сейтектин» 121 миң сап ыр көлөмүнөн редакциялангандан кийин 35 миң сап гана ыр калганын эскерте келип, азыр эпостун үчүнчү бөлүгү көркөмдүгү жогору, таасирлүү, мыкты поэма болуп калды деп чечкиндүү айтууга болот — деп белгилейт.
Эпоско кошумчалар кантип кирген? — деген суроого жооп катары ар бир айтуучу эпоско өз учурунун жана коомдук түзүлүшүнүн талаптарына ылайык мамиле кыларын, чыгарманын сюжетине талантына, түшүнүгүнө, диндик ишенимине карата өзгөртүүлөр киргизерин айтат. Мисал катары Сагымбай Орозбак уулу эпоско идеялык жактан зыяндуу толуктоолор киргизип, исламды туу кылып көтөрүп, Манасты дүнүйөнүн туш тарабына бөтөн жерлерди басып алууга жибергенин көрсөтөт. Сагымбайдын вариантында каармандардын образдары, аттардын сыпаты, жаратылышты сүрөттөө күчтүү берилгенин белгилеп, мунун себеби ал ушул жерлерди мурдагы манасчылардан кандай укса, ошондой эч өзгөртүүсүз, кошумчасыз айткан дейт. Айтуучунун эпоско өзү кошкон, анын жеке башына таандык саптар зыяндуу эле эмес, көркөмдүк жактан да начар деп эсептейт. Докладчы эпостон карама-каршы эки идеяны көрөт. Биринчиси — кылымдар бою эл башынан кечирип келген күрөшү менен эмгегин, каада-салттарын, кайгы-кубанычын баяндаган бөлүмдөрүндө берилген эмгекчилердин келечекке умтулуусун, үмүтүн, ой-тилегин баяндаган элдик идея. Экинчиси — кыргыз элинин тарыхында жок кандуу жортуулдарды жараткан элге каршы идея.
Баяндамасын докладчы «Манас» эпосун марксисттик-лениндик окуунун негизинде көңүл коюу менен кылдат редакциялап, элге жат жана идеялык жактан зыяндуу катмарлардан тазалап чыгып, совет элине таза түрүндө тартуулашыбыз керек — деп жыйынтыктайт (стенограмманын 219 — 241-б.).
Негизги үч докладчынын бири анын ичинде Климович өз баяндамасын «Манасты» изилдөө 19-кылымдын экинчи жарымынан башталгандыгын белгилөөдөн баштап, Ч. Балиханов менен Б. В. Радловдун эпоско берген бааларын келтирип, эпос кыргыздарга таандык ар түркүн поэтикалык чыгармаларды мазмунуна сиңирип алган деген корутундусун айтат.
Ч. Валиханов менен В. В. Радловдун «Ма-нас» эпосу жөнүндөгү негизги корутундулары Октябрь революциясына чейинки көрүнүктүү чыгыш таануучулар тарабынан дээрлик кабыл алынгандыгына көңүл буруп, академик В. Р. Розен, академик В. В. Бартольд, профессор П. М. Мелиоранский жана башка окумуштуулар алардын айткандарын кубаттаган, кайталаган, таянган фактыларды келтирип, революцияга чейин эле чыгыштаануу илиминде «Манас» эпосун терең изилдөөгө мүмкүнчүлүк бере турган материал топтолгону менен, эпосту атайылап изилдеген эмгек болбогонун көрсөтөт.
Эпосту системалуу жазып алуу 1922-ж. башталып, бир катар иштер иштелгенин белгилегени менен ал иштер туура эмес жүргүзүлүп, тексттер буржуазиялык улутчулдардын көзөмөлү жана кысымы менен жазылган деп атайын белгилеп айткан. Докладчынын ою боюнча эпостун текстин жазып алуу үчүн манасчыны тандоонун өзүн да кокустук дешке болбойт. Себеби, Сагымбай Ормон кандын сурнайчысы Орозбактын уулу, эпосту белгилүү манаптардын (Мамбетаалы, Дүр, Тезекбай, Чолпонкул) алдында айткан. Арстанбек, Молдо Кылычтардын эң реакциячыл чыгармаларынын духундагы поэма жазган, анда патриархалдык эскини идеалдаштырып, диидин начарлап кеткенине, алдамчылык менен эки жүздүүлүктүн кеңири тараганына кайгырган. «Манасты» Орозбаковдон жазуу иши буржуазиялык улутчул Э. Арабаевдин жана эл душмандарынын сунушу боюнча Нарын аймагында манап жана басмачы Абдылданын үйүндө жүргүзүлгөн. Орозбаковду пантүрктүк, панисламдык адабияттар менен жабдып, өзүлөрүнүн контрреволюциячыл умтулууларына ылайык тексттерди алуу үчүн жазылып жаткан тексттер айтуучуга кысым көрсөтүп турган улутчулдар тарабынан түздөн-түз текшерүүдөн өтүп турган. Докладчы андан ары өзүнүн ушундай пландагы оюн дагы тереңдеткен. Анын ою боюнча бул варианттагы мындай терс көрүнүштөр мурдатан эле айтылып келген, 1930-ж. «Кызыл Кыргызстан» газетасында Орозбаковдун вариантын бастырып чыгаруу аракети айыпталган. Ошол эле учурда Орозбаковдун вариантына негизделип түзүлгөн улутчулардын «Академиялык кечелери» катуу каршылыкка учураган. Ошону менен бирге эле докладчы басма беттериндеги «Манастын» маанисин такыр танып, аны эл душмандарына өткөрүп берген пикирлердин жарык көрүшүн улуттук нигилизмдин көрүнүшү дейт. Мисалы, 1934-ж. И. Тойчинов кыргыз эмгекчилеринде адабий байлыктын бардыгын тануу менен кыргыз жергесиндеги феодалдык түзүлүштү, феодалдардын башкаруусун көкөлөтүп мактаган, алардын баатырдык жеңиштерин көрсөткөн «Манас», «Семетей» сыяктуу өзгөчө бай эпостору, поэмалары бар — деп жазган. Ушул туура эмес көз караш ошол эле автор тарабынан кийин «Адабият энциклопедиясынын» («Литературная энциклопедия») беттеринде да баяндалган деп белгилейт.
Ушуга карабастан эпосту сын көз менен кароо иши колго алынбай келген деп эсептейт баяндамачы. Мунун себебин марксизм-ленинизм классиктеринин фольклор жөнүндөгү окуусунун жеткиликтүү пайдаланылбагандыгынан көрөт.
Докладчы эпосту тарыхка каршы ык менен изилдөөнүн көрүнүшү катары А. Н. Бернштамдын эмгектерин келтирип, аларга талдоо жүргүзөт, айрыкча окумуштуунун баатырдык эпос «Манас» элдин саясий жана экономикалык жактан өзгөчө өнүгүшүнүн шарттарында гана пайда болушу мүмкүн деген оюна катуу каршы чыгат. Ушуга байланыштуу Сагымбайдын вариантында кыргыз урууларынын башын коштуруу, бириктирүү идеясы берилген деген ойду айткандар менен макул эмес экендигин билдирет, жогоркудай пикирлери аркылуу А. Бернштам Орозбаковдун вариантындагы панисламдык, пантүрктүк идеяларды актоого далалат кылган деп эсептейт. Климович А. Н. Бернштамдын эпос чыгыш доору жактан байыркы дегенине, айрыкча эпосту 8—9-кылымдагы окуяларга байланыштырган оюна каршы туруп, окумуштуунун «жөө жомоктук-мифтик катмар» жөнүндөгү пикир-жоромолдору космополиттик түшүнүктөр деп билет.
Андан нары баяндамачы «Чоң казат» («Великий поход», 1946, М.) китебине мүнөздөмө берүүгө өтүп, бул китеп жарык көрө электе эле көтөрө чалып макталганына, ал турмак «Чоң Совет энциклопедиясында» («Большая Советская энциклопедия») алдын ала кабар берилгенине көңүл бурат, эми М. Богданова «Чоң казатты» басып чыгаруу аркылуу эпос орус окурмандарынын алдында жаманатты болду деп жазганын (1952, апрель) атайылап белгилейт. «Чоң казат» элдик эмес, эпизоддун феодалдык-клерикалдык редакциясы экендиги көрсөтүлгөн Нуров, Зимогляд жолдоштордун «Советская книга» журналынын 12-санына жарыяланган макаласы алты жарым жыл мурда эле жарык көргөндүгүнө карабастан, китепти коргоого аракеттенгендер болгонун, алардын бири Бернштам экенин, К. Рахматуллиндин «Чоң казатты» агрессивдүү эмес, душмандын алдын алуучу аракеттенүү дегенин, ал эми Абрамзон эпостогу диндик түшүнүктөрдү актоого далалаттанып, Алмамбеттин образын Огуз-каганга алып барып такаган ойлорду айткандыгын белгилеп, Жирмунский менен Зарифовду, котормочулар Л. Пеньковский менен М. Е. Массонду чыккан китептериндеги, макалаларындагы «Манас» жөнүндөгү ойлору үчүн сынга алат.
Докладчы андан кийин «Манастын» пайда болуу учуру жөнүндөгү маселеге өтүп, 16—18-кылымдар арасындагы жунгар-калмак агрессиясына кеңири токтолуп, эпосту ушул мезгил менен байланыштырат. «Манастын» чыгыш доорун андан мурда деш тарыхты бурмалоо, эпостун түзүлүшүнө жасалма жол менен мамиле кылуу болот — деп, жарыялап, андай жасалмалуулуктун бир көрүнүшү катары Б. Юнусалиевдин «Манас» эпосунун доору жана жаралышына карата» («К вопросу об эпохе и возникновении эпоса «Манас») — деген эмгегин көрсөтөт. Автордун эпостогу негизги идея кыргыз урууларын биримдештирүү — деген оюн эпостун материалдары менен бекемделбеген жоромол — деп, ал эми эпос 10—11-кылымда пайда болгондугу жөнүндөгү пикирди эч нерсе менен далилденбеген жобо — деп эсептейт.
Докладчы өз баяндамасында 1952-ж. «Советская Киргизия», «Кызыл Кыргызстан», «Литературная газетада» жарык көргөн макалаларга мүнөздөмө берүүгө да көп көңүл бурат. Анын ою боюнча К. алдындагы пикир алышууга арналган макалалардагы чоң кемчилик «Манас» эпосу жөнүндөгү илимий иштерди сындоо болбогондугу жана пикир айткандардын көбү «Манас» боюнча жарык көргөн эски адабияттарга таянышкандыктан туура эмес түшүнүктөр өтө эле арбын. Т. Сыдыкбеков, К. Баялинов эпостогу айрым сюжеттик сызыктардын эркин баяндамасын гана беришкен, ал эми С. Мусаев, М. Богданова «Манас» эң эски учурларда жаралып, андан бери түрлүү катмарланууга, терс таасирлерге дуушарланган — деп эсептешет. С. Мусаев — «Манас» эң байыркы учурлардын чыгармасы — десе, Богданова «Манастын» жаралышын тапка чейинки коомго таандыкташтырууга негиз бар дешке болот — деп көрсөтөт. Авторлор конкреттүү талданган материалдарга негизделбестен, логикалык ой курууга гана таянган, эпостогу айрым байыркы калдыктарга жамынып алып, чыгармадагы бардык реакциячыл көрүнүштөрдү актоого далалаттанышкан — дейт.
Баяндамачы эпостун эл арасында жашоосу жөнүндөгү маселеге да көңүл буруп, бул изилдене элек проблема экенин белгилейт жана Ө. Жакишевдин макаласындагы «Сагымбайдын варианты Тянь-Шанда жашайт», — деген оюн туура эмес деп эсептейт. Ошондой эле Шапак, Багыш, Молдобасандын варианттарына исламдык, түрктүк идеялардын кирип кетиши бул айтуучулардын сабатсыздыгы, ислам жөнүндө түшүнүгүнүн чектелгендиги менен түшүндүрүү аракети негизсиз деп көрсөтөт.
«Манастын» бүгүнкү жазуучулар менен акындарга тийгизген таасиринин натыйжасында айрым чыгармаларда өткөндү мактоо өңдүү кемчиликтер орун алганын жана башкалар бир катар маселелерге да кеңири токтолуп, докладчы төмөнкүдөй жалпы корутундуларга келет: советтик илим азыр «Манас» боюнча орчундуу материалдарга ээ. Аларды талдоо бул эпосто кыргыз элинин бир кыйла байыркы учурларына таандык тарыхы чагылдырылганын көрсөтөт, бирок, «Манас» негизинен 16—18-кылымдардагы жунгар-калмак агрессиясынын дооруна туура келет. Эпосто элдин турмушун, үрпадатын көркөм сүрөттөгөн көрүнүштөр көп. Бул эпос ак сөөктүк топ тарабынан же байманаптык чөйрөдө жаралбастан, анын негизи элге таандык экенин, демек «Манас» сакталып калууга тийиштигин көрсөтөт. «Манасты» өтө мусулмандаштыруу жана ага байланышкан кытайга каршы болуу, түрктүк, исламдык маанайдагы кошумчалар негизинен 19—20-кылымдарга таандык; эпостун түрдүү версияларындагы демократиялык белгилерди табуу зарыл, алар мындан кийинки иштерде кандайдыр багыт катары милдетти аткарышы мүмкүн;
«Манаска», ошондой эле «Семетей» менен «Сейтекке» жасалма түрдө кошулган айрым элементтер алынып, эпос манасчылар тарабынан берилген элге каршы түшүндүрмөлөрдөн тазаланышы керек (стенограмманын 238—307-б.).
Жыйындын төрагасы В. П. Сухотиндин сунушу боюнча докладдардын жана сүйлөнгөн сөздөрдүн негизинде практикалык сунуштарды иштеп чыгуу үчүн комиссия түзүлөт. Комиссияга А. К. Боровкор, Л. И. Климович, Ө. Жакишев, А. Д. Давлеткелдиев, Г. С. Тихомиров сунуш кылынат. К-га катышкандардын сунушу боюнча комиссияга А. Алтымышбаев, К. Баялинов да кошулат.
Л. И. Климович менен А. К. Боровковдун докладчылар катары жазуу жүзүндөгү жана оозеки суроолорго берген жоопторунан (стенограмманын 311—325-б.) кийин талкуу башталат.
Э. X. Будянский (Кыргыз мамлекеттик педагогика институтунун улуу окутуучусу) — өз сөзүндө «Манас» сюжети жана курулушу боюнча татаал чыгарма экендигин, анда түрдүү доорлордун калдыктары чырмалышып берилип, бери болгондо эле, уруулук мамилелердин белгилери үстөмдүк кылган учурдун, аталык уруу түзүлүшүнүн кыйрашынын жана феодалдык мамилелердин калыптанышынын шарттарындагы көрүнүштөрдүн элестерин табууга боло турганын белгилейт. Эпостун элдүүлүк негизин В. И. Лениндин эки маданият жөнүндөгү окуусунун негизинде чечүүгө болот деп эсептейт. Адегенде элдик массанын өзүндө пайда болгон эпикалык ыр өзүнүн андан кийинки кеңейишинде жана сюжеттик-идеологиялык татаалданышында башкаруучу төбөлдөрдүн да таасирине дуушарланганын, ошол эле учурда, үзүндүлөр түрүндө болсо да кеңири угуучуларга да тарагандыгын, бирок бул учурда башкаруучулардын таптык-идеологиялык куралы катары алардын түшүнүктөрүн эл арасына жайылтуу максаты үчүн кызмат өтөгөндүгүн айтат.
Корутундусу: уюткусу уруулардын башын кошуу, эркиндик, көз каранды болбостук үчүн күрөш идеясын баяндаган чыгарма катары «Манастын» негизи элдик, азыркы милдет — аны кошумчалардан тазалоо (стенограмманын 326-343-б.).
А. Хасанов (доцент, тарых илимдеринин кандидаты) — «Манастын» В. В. Радлов жазып алган тексттерине таянып, эпостогу айрым көрүнүштөрдүн реакциячыл мүнөзүнө (ислам дининин элементтери) жана демократиялык багытка (жунгардык баскынчыларга каршы күрөш), кыргыздардын Россиянын курамына кошулушуна, анын маанисине токтолот (стенограмманын 350—365-б.).
Ж. Самаганов (сынчы) — сөзүндө отуз жылдан берки «Манас» эпосуна байланыштуу терс көрүнүштөрдүн бетин ачкан Л. И. Климовичтин докладына ыраазы болгондугун айтып, өзү К. алдындагы талкууга катыша албай калгандыгына өкүнгөнүн билдирет, айрым адамдар азыр да эски адаты боюнча өзүлөрүнүн улутчулдук каталарын жашыруу үчүн «Манасты» сындагандарды кысымга алып, аракчеевдик режим түзүштү, — деп, далил катары А. Давлеткелдиевдин 1951-ж. «Манасты» изилдөөчүлөрдүн кеңири кеңешмесиндеги сөзүн, М. Богданованын талкуудагы макалаларын көрсөтөт. Б. Жамгырчинов коркуп, талкууга катышпай жүрөт, Э. Будянский калтырап коркуп олтурат, Жунусов Москвага качып кетти. Ушундай шартта «Манасты» изилдөө мурда кандай болсо дагы эле ошондой туңгуюкта кала берүүдө — дейт.
Андан нары өзү таанышып чыккан Ы. Абдыракмановдун вариантына токтолуп, азыркы атом доорунда мындай жаңы эпос жаратып, фольклорду фальсификациялоо туура эмес деп белгилейт.
К. ишин аяктай элек, бирок анын эпостун элдик же элдик эместигин чындап чече албасы айкын болуп калды. Доклад жасагандардын сөздөрүндө карама-каршылыктар өтө көп. Боровков Шапактын вариантын элдик десе, Жакишев жок, Каралаевдики элдик дейт. Маликов Жакишевди жактайт. Бирок, Боровков Каралаевдикин эң эле оңой четке кагарына ишенем. Анткени, анда кытайга каршы жүргүзүлгөн «Чоң казат» бар, анын үстүнө ал казат ислам дини үчүн жүргүзүлөт. Каралаевдин вариантындагы Алмамбеттин тарыхынын өзү эле — андагы исламдын ролуна күбө.
Сөзүн улантып, Ж. Самаганов курама вариант түзүү идеясына каршы чыгат, бирөөнүн мурдун, экинчисинин ээрдин, үчүнчүдөн дагы бир жерин алып, бир бүтүн нерсе жасоо мүмкүн эмес — дейт.
Кыргызстан КП БК биринчи катчысы И. Раззаковдун: «Сиздин өз пикириңиз кандай? «Манас» эпосунун идеялык негизи эмнеде?», — деген суроосуна Ж. Самаганов: «Жылдап даярданган бардык докладчылар менен кошумча докладчылар буга жооп бере алышкан жок, мен кантип жооп бермек элем», — дейт (стенограмманын 366 — 385-б.).
И. А. Батманов (түрколог, тилчи) — сөзүн эпоско илимий талдоо жүргүзүү иши болжол менен он беш жылдан бери жүргүзүлүп келе жаткандыгына карабастан «Манастын» элдүүлүгүн тактоо али колго алына электигин эскертүүдөн баштап, иштелген бирин-экин иштерде айрым кемчиликтер бар экендигин айтат да, анын себебин В. В. Радлов менен Ч. Валиханов жазып алган тексттерди кийин жазылгандарга салыштырып карабагандыктан көрөт. И. Батмановдун ою боюнча аталган эки вариант менен башка тексттерди салыштыруу «Чоң казат» эпостун органикалык бөлүгү эместигин айгинелейт. Ошондой эле «Манастагы» күрөш кытай менен эмес, ойрот-жунгарларга каршы жүргүзүлгөнүн жана бул 17-кылымдагы тарыхый окуяларга байланышканын, тарыхый маалыматтар боюнча ал кезде кыргыздар мусулман болбогонун, демек исламга байланыштуу түшүнүктөр чыгармага алда канча кийин киргизилгенин көрүүгө болот. «Манастагы» уруулардын башын кошуу идеясы кыргыздардын эл катары түзүлүү мезгили менен байланышкан. Буга эпостогу көз карандысыздык үчүн күрөш темасы айкалышканда чыгарманын эл арасына өзгөчө кеңири тарашынын сыры түшүнүктүү болот. Бул эки көрүнүш И. Батмановдун түшүнүгүндө эпостун негизин түзгөн уютку, бүгүнкү максат — чыгарманы терс кошумчалардан тазалап, ошол таза данды — уюткусун элге берүү. Бул үчүн жоюлуп калган «Манас» секторун калыбына келтирүү жана аны адис кадрлар менен толуктоо зарыл (стенограмманын 388—395-б.).
Ы. Абдыракманов (эпосту жыйноочу, илимий кызматкер) кыргызча сүйлөгөндүктөн сөзүнүн стенограммасы жазылбаган, анын сөзүнүн кыскача маңызын орусча которуп берген Б. Юнусалиевдин баяндамасы гана жазылган. Сөзүндө эпостун элдүүлүгүнүн далили катары «Манас» кыргыз элинин арасында өзгөчө кеңири тараганын, ал эми манасчылар өзгөчө кадыр-баркка ээ болгонун айтып, өзү билген көптөгөн фактыларды келтирет. Эл түшүнүгүндө Манас кан эмес, баатыр экендигин белгилеп, баатыр эзелтен келе жаткан салт боюнча элдин коргоочусу экенин айтат да, «Чоң казат» баскынчыл согуш деген баага каршы чыгып, Коңурбай мурда өзү катылган, демек ага каршы күрөштү баскынчыл согуш дешке болбойт — деген корутунду оюн айтат (стенограмманын 396—400-б.).
Б. Орузбаева (илимий кызматкер) — сөзүндө Ж. Самагановдун Тил, адабият жана тарых институтунун кызматкерлери К-га начар даярдык менен келишкен — деген дооматы негизсиз экенин белгилеп, В. В. Радлов жазып алган тексттерге талдоо жүргүзөт да, бул материал жаңы курама вариантты түзүүдө контролдук варианттын милдетин аткарып бере алат — деп эсептейт (стенограмманын 402—410-б.).
С. Өмүрзаков (Фрунзедеги эки жылдык мугалимдер институтунун директору) — сөзүндө акыркы убактарга чейин эпосту изилдөө бир жактуу болуп, жалаң гана анын оң жактарын көрсөтүүгө аракеттенүү өкүм сүргөнүн, элге жат, реакциячыл көрүнүштөр жаап-жашырылып келгенин өтүп жаткан жыйын айгинелегенине көңүл буруп, «Манастын» айланасында күрөш узактан бери жүрүп келе жатканын, феодал төбөлдөр революцияга чейин эле аны фальсификациялап, өз куралына айландырууга умтулуп, реакциячыл, баскынчыл, панисламдык, пантүрктүк идеология менен сугарууга аракеттенип келгенин айтат. Бул күрөш 20—30-жылдарда ого бетер күчөп, буржуазиялык улутчулдар өз максаттары үчүн С. Орозбаковдун вариантын жазууну уюштурушкан, «Манас» эпосу идеологиялык диверсияда көрүнүктүү орунду ээлеген деп көрсөтөт. Буржуазиялык улутчулдардын ушул жалпы багытын саясий сокурлар гана байкабай калышы мүмкүн -дейт.
Андан нары С. Өмүрзаков Ы. Абдыракманов менен С. Каралаевдин өзү таанышып чыккан жаңы варианттарына токтолуп, алар мурдагы бардык варианттарга караганда сөзсүз жакшы — деп эсептейт. Бирок, анын ою боюнча, бул эки вариант тең али жеткире иштелбеген, кемчиликтер да бар. ошон үчүн экөө тең бизди канааттандыра албайт. Жаңы вариантты жазуучулар «Манас» айтуучулар менен бирдикте түзүшү керек. Ал вариантта кыргыздардын өз көз карандысыздык үчүн күрөшүн Орто Азиянын чегинен эч чыгарбай, окуяларды манжур-калмак жүрүшүнө тууралап, согуштардын санын азайтып берүү керек — деген корутунду чыгарат (стенограмманын 411 — 423-б.).
С. Табышалиев (комсомолдук кызматкер) — С. Каралаевдин вариантына токтолуп, анын сюжеттик линиясын кыскача айтып келип, эпостун алгачкы окуяларында элдик идея ачык берилсе, аяккы жагы согуш, олжо экенин белгилейт. Эпосто эки карама-каршы идея орун алган. Бул тарыхый шартка ылайык узак убактар чыгармага бийлөөчү төбөлдөр өз идеясын таңуулап келгендиги менен түшүндүрүлөт. Ошого карабастан чыгарманын негизи элдик экендигине эпостун элге кеңири белгилүү болушу далил.
С. Табышалиев андан наркы сөзүндө Боровковдун докладынын темасы «эпостун элдүүлүгү» деп аталганы менен баяндаманын мазмуну темага жооп бербей калганына, айрыкча корутунду бөлүгү, эпоско терс баа бергенине көңүл бурат. Ошондой эле Климовичтин докладынын биринчи бөлүгүндө да эпос терс делсе, экинчи бөлүгүндө оң делгенин айтып, анын 1946-ж. жазган макаласында «Манасты» мактаган ойлору басымдуу экенин эскертет, макаладан бир катар үзүндүлөр келтирип, окумуштуунун кайсыл пикирине ишенүү керек? — деген суроо коёт. Сөзүнүн жыйынтыгында курама вариант түзүү идеясын кубаттайт жана С. Каралаевдин мурда жазылган вариантын негиз катары пайдаланууга болот — деген оюн айтат (стенограмманын 424—440-б.).
А. Н. Бернштам (тарыхчы окумуштуу) — сөзүндө эпосту түп нускада окуй албаса да, котормолорго таянып, тарыхчы катары чыгармага байланыштуу айрым ойлорун айтып келе жатканын эскерте келип, ал ойлорунда эпосту идеалдаштыруу өңдүү айрым кемчиликтер кеткенин мойнуна алат. Бирок башкалардын көз карашын сындагандардын өздөрү чынчыл болсо жакшы болот эле — деп Климовичтин 1946-ж. жазылган макаласынан көптөгөн цитаталар келтирип, өзгөлөрдү сындаганда өзүнүн кемчиликтерин да эскере кетпегени өкүнүчтүү — дейт.
А. Н. Бернштамдын ою боюнча эпостун чыгыш доорун кыргыз элинин түзүлүш учуру менен байланыштыруу туура эмес жана эпосту 16—18-кылымдар менен байланыштырууга да кошулбайт. Г. Нуровдун 25-майдагы газетага жарыяланган макаласына токтолуп, автордун адис катары чабалдыгына, кеңири белгилүү көп нерселерди чаташтырып жибергенине көңүл бурат.
А. Н. Бернштам ошондой эле эпосто «кан» деген сөздүн учураганы үчүн эле чыгарманы канбектердики деш болбогон кеп, андай болсо атында «бай», «бек» деген адамдардын баары (Токомбай, Түгөлбай, Кубанычбек жана башкалар) эле бай, бек болуп калабы — дейт.
Сөзүнүн корутундусунда А. Н. Бернштам жаңы вариант түзүү идеясына каршы чыгып, эпосту өз доорунан ажыратууга болбойт — деп эсептейт да, эпоско таңууланган көрүнүштөрдү гана мурда жазылган тексттерден алып салууну сунуш кылат (стенограмманын 441 — 456-б.).
Б. Маленов (илимий кызматкер) — сөзүн Сагымбайдын вариантын улутчулдар бузган деп баштап, далил катары манасчынын 1937-ж. 31-декабрда «Кызыл Кыргызстан» газетасына жарыяланган арызында «Манасты» жазбасаң сотко берем деп опуза көсөткөндүк жөнүндө айтылганын келтирет. С. Каралаевдин вариантында да элге жат катмарлар бар экенин айтат. Институттун кызматкерлеринин жакында Ош, Жалал-Абад облустарына барган экспедициясы «Манас» боюнча көптөгөн материалдар таап кайтканын айтып, бул факт мурдагы айрым адамдардын эпос түштүк кыргыздардын арасында айтылбайт деген оюн төгүндөөрүнө көңүл бурат (стенограмманын 457—466-б.).
А. Каныметов (илимий кызматкер) — өзү таанышып чыккан Багыш Сазановдун вариантына токтолуп, окуялардын кыскача сюжетин баяндап, вариант реакциячыл, зыяндуу деп эсептейт. Биз «Манастын» таза вариантын таап, элге берүүбүз керек деген жыйынтыкка келет (стенограмманын 467 — 476-б.).
Г. Нуров (илимий кызматкер) — бүгүн «Манасты» изилдегендердин баары «Чоң казат» менен Орозбаковдун вариантынын реакциячыл мүнөзүн моюнга алышты деп белгилеп, булар эле эмес М. Мусулманкулов, Б. Сазанов, Тоголок Молдо айткан варианттар да баштан аяк реакциячыл экенин, «Манас» элдик деген ойду айткандар эпостун окуяларынын ар кайсы жерлеринен, ал турмак «Чоң казат» жана Орозбаковдун вариантынан да үзүп-жулуп алган фактыларга таянууга аракет кылып жатышканын, профессор Боровковдун докладынын «Манастын» элдүүлүгү жөнүндө эмес эле, элге жат экендиги жөнүндө болуп калышынын өзү да кокустук эмес деп көрсөтөт да, ар кайсы жерден үзүп алып көрсөтсө кандай гана реакциячыл чыгарма болбосун, ал түгүл «Куранды» да элдик деп «далилдөөгө» болот — дейт.
Нуровдун ою боюнча «Манастын» чыгыш доорун тактоо — эпостун элдүүлүгүн чечүүдөгү маанилүү маселе. Ч. Валиханов, В. В. Радлов жазып алган тексттерде, башка көптөгөн варианттарда да «ногой» эл, адам аты катары эскерилерин, ал ысым Алтын Ордонун белгилүү аскер башчысынын ысымына байланыштуулугун, кийин өзүнчө эл ошол ысым менен аталып калганын, бул элдин айрым бутактары кыргыздардын курамында да бардыгын эскертип келип, Нуров «Манастын» тарыхый негизи 14—16-кылымдарга таандык деген жоромол айтат.
Нуровдун эң алды менен «Манастын» эл арасында айтылып жүргөн үлгүлөрүн табигый шартта жазып алуу ишин жүргүзүү керек дейт. Ошолорду изилдөө гана «Манастын» негизги проблемаларын акырына чейин чечүүгө жана курама вариант түзүү жөнүндөгү маселени карап көрүүгө мүмкүнчүлүк бере алат (стенограмманын 477 — 509-б.).
К. Баялинов (Кыргызстан жазуучулар союзунун төрагасы) — буга чейин «Манасты» сын көз менен кароо болбогондугунун натыйжасында эпосту жыйноо үчүн жумшалган каражаттардын реакциячыл тексттерди жазууга жумшалып, текке кеткенин, жазуучулар сын көз менен карабагандыктан улуттук биринчи опера «Айчүрөк» эпостун сюжетинин негизинде түзүлгөнүн, бирок эпосто Сагымбайдын варианты сыяктуу реакциячыл тексттер менен катар негизинен элдик болгон варианттар да бардыгын эскертет, С. Каралаевдин вариантына токтолуп, мазмунун талдайт. Бул варианттын терс жактары катары кытайга каршы согушууну, Алмамбеттин окуясын жана башкалар эпизоддорду келтирет да, төмөнкүдөй корутунду чыгарат: эпос бизге жат идеялар менен өтө булганган, сюжеттик сызыгында, каармандардын образында карама-каршылыктар көп. Адабиятчы окумуштуулардын жана тарыхчылардын милдети — эпостун бардык варианттарын изилдеп, аларда кайсылар чыныгы элдик экенин, феодалдык төбөлдөр менен буржуазиячыл улутчулдардын таасири менен кирген кошумчаларды аныктап, эпосту алардан тазалоо (стенограмманын 510—525-б.).
Токтогонов (Кыргыз ССРинин эл агартуу министри) — «Манасты» изилдөөдө В. И. Лениндин эки маданият жөнүндөгү окуусун унутта калтыруунун натыйжасында орчундуу каталыктар кетирилгенин, ошонун кесепетинен мектептер үчүн түзүлгөн кыргыз адабиятынын программасы менен окуу китептеринде жаңылыштыктар орун алып келгенин айтып, Аюпова, Мусаев, Балтин тарабынан түзүлгөн программанын 8-класска арналган бөлүмүндө «Манас» бүгүнкү күнгө чейин борбордук орунду ээлеп келе жатканын, анда программанын түзүүчүлөрү С. Орозбаковдун вариантына таянышып, эпосту кыргыз оозеки чыгармачылыгынын улуу эстелиги деп атагандыгын, ал түгүл, реакциячыл айтуучу Сагымбайдын өмүр баянын окутууну таңуулаганын, Манас, Алмамбет жана башкалар каармандардын образдарын талдоо сунуш кылынганын, С. Мусаев, Ж. Таштемиров түзгөн кыргыз адабиятынын 8-класс үчүн хрестоматиясында (1952) кыргыздарды кытайлар эзген деген жалаа орун алып жүргөнүн белгилейт. Андан наркы сөзүндө М. Мусулманкуловдун вариантына токтолуп, анда исламдын таасири күчтүү деп белгилеп, көптөгөн мисалдар келтирип, өзгөчө реакциячыл Орозбаковдун вариантынан айырмасы жок деген корутунду чыгарат. «Манасты» тазалоо, кемчиликтерден арылтуу, эл арасынан жаңы вариантын издеп табуу зарыл милдет — деп, эсептегенин билдирет.
Агартуу министирлигинде кыргыз адабияты боюнча 8—10-класстар үчүн түзүлгөн программаны кайра кароо үчүн комиссия иштеп жатканын, айрыкча 8-класска арналган материалдар өзгөртүлө тургандыгын билдирет (стенограмманын 526 — 538-б.).
П. И. Балтин (педагогикалык институттун улуу окутуучусу) — бул жерде «Манас» жалпысынан элдик чыгарма экендигинин далилин укпагандыгын, түрдүү айла-амалдардын жардамы менен колдо болгон варианттардын тексттерин тазалоо аркылуу элдик катары көрсөтүүгө болорун гана укканын айтып, көркөм чыгарма катары эпостун бардык элементтери, компоненттери жалпы идеялык максатка баш ийдирилгени эске алынбай жатат дейт. Бул же тигил варианттын элдик негизинин далили катары айрым үзүндүлөр келтирилип, ал жулуп алынган үзүндүлөрдүн эпостун жалпы көркөм тутумунда аткарган идеялык-көркөмдүк милдети эсепке алынбай жатканын белгилеп, эгер мыңдай ык менен элдүүлүктү далилдөө мүмкүн болсо, ата-энени сыйлоо, ууру кылбоо, жалган күбө өтпөө жана башкалар жаман идеяларбы? — деп Библиядан үзүндүлөр окуп, ушул жол менен андагы катмарларды алып салууга жана анын элдик негизин далилдөөгө мүмкүн экендигине көңүл бурат. Сөзүнүн аягында П. Балтин 8-класстын программасы үчүн С. Мусаев жеке жооп берерин, «Манастын» элдүүлүгү жөнүндө маселе өзү үчүн бүгүн да белгисиз бойдон калып жатканын, эпостун эл арасында айтылып жүргөн версияларын жазып алууну кеңири уюштуруу зарыл деп эсептээрин айтат (стенограмманын 539 — 555-б.).
Б. Юнусалиев (түрколог, тилчи) — негизги докладчылар А. К. Боровков менен Л. И. Климович өз баяндамаларында эпостун мүчүлүш, кемчилик жактарына кеңири токтолгондору менен эпостун оң жактары жөнүндө эч нерсе айтышпагандыктарын эскертип, А. К. Боровковдун ойлору, келтирген фактылары дээрлик «Манас» эпосу элге жат чыгарма деген корутундуну талап кылып турат, бирок ал сөзүнүн аягында эпоско оң баа берүү менен логикага коошпогон жыйынтыкка келди. Ал эми Климович сөзүнө караганда жалаң гана «Чоң казаттын» басылып чыккан үлгүсүнө таянат да, ошол жалгыз эпизоддун негизинде бүт эпоско баа берүүчү бүтүмгө келет. Мындай ык логикалык жактан туура эмес деп белгилейт. Докладчылардын экинчи тобу — негизинен эпостун терс жактарына жеткиликтүү көңүл бурбай, оң көрүнүштөргө көп токтолууга аракет жасаган Ө. Жакишев, К. Маликов, А. Токомбаев жана башкалардын баяндамалары.
Кыргыз урууларын баш коштуруу жана элди четтен келген баскынчылардан коргоо идеялары бардык варианттарда кызыл сызык катары өтөт. Б. Юнусалиев эпостогу башкы идея дал ушул идея деп эсептейт. Андан нары Ы. Абдыракмановдун, С. Каралаевдин варианттарынан үзүндүлөр келтирип, кыргыздарды кытайлар басып алып, катуу эзип турганы баяндалган эпизоддорго көңүл бурат да, мындай шартта баскынчыларга бүт элдин каршы турушу байыркы бардык элдерге мүнөздүү экенин эскертет. Кыргыздарга каршы кыйраткыч жортуулдар тарыхта бир эле жолу эмес, көп болгонун, буга 7 — 8-кылымда түрктөрдүн, 9—10-кылымда кидандардын (кара кытайлардын), 11 — 12-кылымда Чыңгызкандын, 15 —18 кылымдарда калмак-жунгарлардын жана башкалардын баскынчыл жортуулдарын көрсөтүүгө болорун айтат. Профессор А. К. Боровков, анын артынан Климович, Богданова, Валитовалар эпостогу негизги мотив катары калмактардан коргонууну эсептешерин, бирок ошол эле учурда биримдешүүнү четке кагып, ал турмак идеяны пантүрктүк үгүт менен байланыштыруу (А. К. Боровков) аракеттери жасалганына көңүл буруп, коргонуу аракети менен биримдешүү далалатын логикалык жактан ажыратып кароо мүмкүнбү? — деп суроо коёт, биримдик болгондо гана коргонууга мүмкүн экенин адамдар миң жылдар мурда эле билгенин эскертет. Эпостогу бул башкы идеяны тануу — чыгарманы элге жат деген корутундуга келүүгө баш коюу. Балтиндин «Манас» элге жат деген корутундуга келиши кокустук эмес, так ушул «аргументке» таянып аракеттенүүнүн ачык көрүнүшү. Ишке мындай мамиле нагыз нигилизмге жата турганын белгилейт.
Б. Юнусалиев андан наркы сөзүндө Л. Климовичтин эпос 10—11-кылымда пайда болгон деген пикирге каршы чыгышын, Нуровдун Эне-Сай кыргыздары Тянь-Шанга калмак баскынчылары менен кошо келген деген жоромолун, «Манастын» чыгышын ногой (татар) менен байланыштырууга кылган аракетин сынга алат.
Сөзүнүн жыйынтыгында Б. Юнусалиев «Манастын» чыгыш доору жөнүндөгү маселеге токтолот. Кыргыз тили менен алтай тилинин жакындыктарына көңүл буруп, маанисин белгилейт да, кыргыздар эл катары ошол тарапта калыптанган, эпос да 12-кылымдарга чейин түзүлгөн деген божомолду айтат (стенограмманын 556— 583-б.).
К. Сооронбаев — «Манас» эпосу жашоо процессинде өзгөрүүлөргө, толуктоолорго учураганын, эзүүчү таптын өкүлдөрү элге кеңири белгилүү жана көңүлчөөк айтуучуларды өз кызыкчылыгы үчүн пайдаланууга аракет кылганын, муну С. Орозбаковдун вариантынын фактысынан көрүүгө мүмкүн экендигин эскертет, андагы өзү терс көрүнүш катары эсептеген бир катар мисалдарды келтирет. Бул варианттагы терс көрүнүштөрдүн себептери айтуучунун сабаттуу адам болгону, өзү феодалдык төбөлдөрдүн арасынан чыкканы, андан эпосту жазуу ишине буржуазиялык улутчулдар жетекчилик кылып, көзөмөл жүргүзгөнү деп көрсөтөт. Докладчы өзү таанышкан башка варианттар, алардын ичинде С. Каралаевдин, Ш. Рысмендеевдин, Б. Сазановдун варианттары ушул деңгээлде болбосо да кемчиликтерден таза эмес дейт. Эпос негизинде элдик деп эсептеймин. Бирок, жазылгандардын арасында идеал вариант жок, демек азыр колдо бар жана эл арасындагы варианттардын негизинде эпостун түрдүү зыяндуу кошумчалардан тазаланган курама вариантын түзүү керек — деген корутундуга келет (стенограмманын 584-595-б.).
М. Ауэзов (академик) — өзү «Манасты» изилдеп үйрөнүү ишине 30-жылдардын башынан киришкенин, кийин ал ишин бир нече жолу толуктаганын айтып, ал мезгилде колдогу жалгыз вариант С. Орозбаковдон жазылган тексттер болгондуктан ошого таянганын жана ошол шартта фольклористикада өкүм сүрүп турган туура эмес түшүнүктөргө, ошонун ичинде эпосту феодалдык, княздык-кошундук чөйрөгө таандык чыгарма катары эсептөө салтына негизделгендиктен жеке эле Сагымбайдын вариантын гана эмес, бүт «Манасты» феодалдык деген туура эмес корутундуга келгенин, кийин ал көз карашын кайра карап чыкканын жана ошол Сагымбайдын эле вариантында айтуучу өзү киргизген терс кошумчалардын бардыгын эскертүү менен бирге коллективдүү чыгарма болгон эпостун алгачкы негизи элдик деген жыйынтык чыгарганын айтат.
М. Ауэзов «Манас» кыргыз элине керекпи же жокпу? Курама вариант түзүү мүмкүнбү? Эгер мүмкүн болсо кантип түзүү керек? — деген үч суроо коюп, түз, так коюлган биринчи суроого негизги докладчы болгон Боровков жооп бербегенин, чынында, анын докладынын 99% терс, бир гана проценти оң көрүнүштөргө арналганын белгилеп, кошумча докладдардын жана басмага жарыяланган материалдардын басымдуу бөлүгүндө суроого так айтылган оң жооп бардыгын айтып, «Манас» кыргыздарга керек, буга анын 34 жылдан бери советтик кыргыз элинин арасында колдонулуп келишинин өзү да далил. Кыргыз тилинин, поэтикасынын, жалпы элдик рухий маданиятынын казынасы экендиги да «Манастын» өз элине керектигинин далили — дейт.
Экинчи суроосуна М. Ауэзов курама вариант түзүүгө мүмкүн — деп жооп берет, муну өз учурунда үч манасчы айткан тексттерди бириктирип В. В. Радлов да далилдегенин эскертет.
«Манастын» түрдүү варианттарында жалпылык мүнөздөгү белгилер эң эле көп экенин белгилей келип, ошол жалпы белгилерге таянып бир текст түзүүгө болот деген оюн айтат. Үчүнчү суроонун жообун ашыкча кайталоолорду, кошумчаларды жана башкалар кыскартуу аркылуу эпостун эски түшүнүктөрүн, мүнөздүү белгилерин сактоо жолу менен аракеттенүүдөн көрөт.
Эпостун жаралыш доору жөнүндөгү маселеге кайрылып, Климовичтин бул багыттагы ойлоруна каршы чыгат жана жалпы эле «Манас» эпосун бир гана учурга таандык деш ката болор эле деген ой айтат. Орхон жазууларын эске салып, айрыкча Күлтегиндин урматына коюлган эстеликтеги жазуулардан кеңири үзүндүлөр келтирип, анда кыргыздар эскерилерине көңүл бурат жана ошол кездеги окуялардын, согуштардын эпоско негиз болушу да мүмкүн деген жоромолду айтат. Анын ою боюнча эпоско калмак-жунгар учурунун да таасири болушу мүмкүн, бирок чыгарманын негизи алда канча мурдагы учурларга тиешелүү деген жыйынтыкка келет. Сөзүн элдикин элдин өзүнө берүү кеңеши менен аяктайт (стенограмманын 596—616-б.).
К. Укаев (студент) — тенденциялуу, эпоско нигилисттик мамиле катары П. Балтиндин макаласындагы, сүйлөгөн сөзүндөгү ойлорду, өз оюн так айтпайт, принципиалдуу эмес деп, Ж. Самагановду, Алмамбеттин образын туура талдабагандыгы үчүн Зимоглядды сынга алып, айрым адамдардын эпостон «Чоң казатты» алып салуу керек деген ойлор айткандыгына каршы чыгат (стенограмманын 617 — 626-б.).
С. Ильясов (тарых илимдеринин кандидаты) — эпостун чыгыш доорун тактоо анын элдүүлүгүн белгилөөгө көп жактан жардам берерин эскерте келип, оозеки чыгарма болгон «Манас» эпосун бир гана доорго, учурга таандыкташтыруу туура болбойт дейт. «Манаста» байыркы катмар бар экенин көпчүлүк изилдөөчүлөр танбастыгын, эпосто эскерилген мифтик жандыктар жана башкалар буга далил болорун, эл жашаган жерлерде такталган чек аранын жоктугу, атайын армиянын болбогондугу, алык-салыктын жоктугу, согуштун олжо үчүн жүргүзүлүшү жана башкалар көрүнүштөр эпос чагылдырган доорлордон кабар берерин көрсөтөт. «Манаста» эскерилген көп адам аттарынын 13—14кылымдардагы тарыхый адамдар менен окшоштугуна көңүл буруп, эпос ошол мезгил менен да байланышса керек — деген жоромол айтат.
С. Ильясовдун ою боюнча эгер «Чоң казат», Чубактын согуштары өңдүү айрым эпизоддор алынып салынса, С. Каралаевдин вариантындагы калган бөлүмдөрдө реакциялуулукка караганда элдик мотивдер басымдуулук кылат (стенограмманын 627 — 636-б.).
И. Сарманова (педагогикалык институттун мугалими) — коллективдүү чыгарма болгон оозеки көркөм материалдарга жазма документ катары мамиле кылууга болбой турганын, ал муундан муунга өткөндө өзгөрүүлөргө учураарын эскертип, «Манас» негизи элдик чыгарма, аны жат кошумчалардан тазалап, элге берүү зарыл деген ой айтат (стенограмманын 638—640-б.).
А. Алтымышбаев (СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалынын президиумунун төрагасынын орун басары) — «Манас» эпосун талдоодо жана баа берүүдө чыгарма калыптанган жана анын мүнөзүнүн, мазмунунун, формасынын калыптанышы үчүн таасирин тийгизген тарыхый шарттарды эске алуунун зарылдыгын белгилей келип, бул багытта аракеттенип, Манасты Яглакар менен салыштырууга аракеттенген, экөөн бири бирине прототип деп түшүнгөн профессор Бернштамдын аракетинен туура натыйжа чыкпаганына көңүл бурат, өзү Б. Юнусалиевдин 1952-ж. 23-майында «Советская Киргизия» газетасына жарыяланган макаласындагы эпостун балким анча чоң эмес варианты 9-кылымдын экинчи же 10-кылымдын башталышында пайда болсо керек деген оюна жакын пикирде турарын көрсөтөт; В. В. Бартольддун 10-кылымдын башында пайда болуп, кыргыз урууларынын мамлекетин кыйраткан жана 1234жылга, башкача айтканда моңголдордун Орто Азияга келишине чейин жашаган кара кытайлар мамлекети жөнүндөгү маалыматтарына таянып, кыргыздар менен кара кытайлардын күрөшү узакка созулганын жана ал күрөштө толук көз карандысыздыкка да жетише албаганын айтат да, эпостун мазмуну элдин жеңишин эмес, жеңилишин көбүрөөк баяндаганын, үч бөлүмдүн тең аягы башкы каармандардын өлүмү менен бүтөрүн белгилейт. Буга караганда эпос кыргыз уруулары жеңилишке учурап, баатырлары набыт болгондо көз карандысыздык үчүн күрөштө курман болгондорду жоктоо катары түзүлгөн. Демек, чыгармадагы айрым айтуучулар тарабынан киргизилген агрессиячыл мүнөзгө ээ материалдар «Манас» эпосунун өзөктүк мазмуну менен эч кандай байланышы жок, алар кийин кирген катмарлар.
А. Алтымышбаев сөзүн улантып, айрым адамдардын мисалы, М. И. Богданованын «Советская Киргизия» газетасына жарыяланган макаласында белгилүү варианттарда негизинен уруу феодалдарынын кызыкчылыгы көздөлгөн, чыныгы элдик варианттар али жазылып алына элек дегенине, ал эми Балтиндин ошол эле газетага жарыяланган макаласында чыныгы элдик вариант жок — деп эсептегенине көңүл буруп, экөөнүн тең аша чаап кеткендиктерин белгилейт. Жаратылышта идеалдуу таза, түбөлүктүү өзгөрбөй бир калыпта сакталган эч нерсе жок экендигин эске албай жатышканын айтып, мындан он, он бир кылым мурда жаралган эпос өзгөрбөй бир калыпта турушу эч мүмкүн эмес. Бирөөлөр табууга аракеттенип, экинчилери андайдын болушун такыр эле танып жаткан варианттар — азыр биз билген, изилдеп жаткан тексттердин эле өзү. Алар алгачкы варианттын бизге белгисиз жана белгилүү айтуучулар тарабынан кылымдар бою иштелип чыккан үлгүлөрү — дейт.
А. Алтымышбаевдин ою боюнча дээрлик бардык варианттарда бул же тигил деңгээлде элдик жана элге жат элементтер орун алган. Баштан аяк элдик же элге жат вариантты табууга мүмкүн эмес. Алдыдагы милдет — ар бир вариантты элге жат элементтерден ажыратуу, чындыкты калыбына келтирүү (стенограмманын 641—657-б.).
М. И. Богданова корутунду сөзүндө И. Климович, Ж. Самаганов, Г. Нуров, П. Балтиндин өз адресине айткан сын пикирлерине каршы аргументтер келтирет (стенограмманын 658 — 663-б.).
Л. И. Климович корутунду сөзүндө К. жалпысынан жемиштүү болгонун белгилеп, ал ушуга чейин орун алып келген «Манаска» сын көз менен кароо абалын жоёт жана «Манасты» басмага даярдоодогу практикалык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтөт — деген ойлорун айтат. Өз адресине Керимжанова, Юнусалиев, Богданова, Бернштам, Табышалиев, Нуров, Ауэзов жана башкалар тарабынан айтылган сын пикирлерге токтолуп, жооп берет, алардын айткандарына макул эместигин билдирет. Балтиндин «Манасты» Библияга салыштырууга кылган аракетине каршы болот, Токтогоновдун «Манасты» мектепте окутуу, баркын көтөрүү аракеттерине каршы айткандарын кубаттап, бул өзгөчө маанилүү иш экендигин белгилейт. «Семетей», «Сейтек» боюнча өз ою бар экенин, анын башка учурда айтарын эскертет (стенограмманын 664—685-б.).
Ө. Жакишев, Б. Юнусалиевдин сүйлөгөн сөзүндөгү айрым докладчылардын эпостогу оң жактарды гана айтышты деген ою менен макул эместигин белгилеп, терс жактары да айтылганын, өзү Орозбаковдун вариантын баштан аяк элге, тарыхка каршы деп эсептээрин айтты. Ауэзовдун ойлорун кубаттай турганын эскертип, фактыларды этибарга албагандыгы, оң көрүнүштөргө көңүл бурбагандыгы үчүн Климович менен Боровковду сынга алып, өзү окуп чыкпай туруп, колдогу он вариантты бүт элге каршы деп жарыялай салган Боровковго таң калганын билгизет. Эпоско нигилисттик мамилеси, ар кимге асылганы үчүн Балтинди сынга алат (стенограмманын 686— 689-б.).
A. К. Боровков корутунду сөзүндө кошумча докладчылардын варианттар боюнча баяндамалары эчтеке бере албагандыгын, эпостогу оң жана терс көрүнүштөрдү белгилөө менен гана чектелишкендигин белгилей келип, «Манасты» терс кошумчалардан тазалоо керек дешип, бирок эмнеден, кантип, кандай жол менен тазалоону айтышпагандыгын көрсөтөт. Андан нары өз докладындагы айтылган катмар жана редакциялоо жөнүндөгү ойлорго дагы көңүл буруп, бул түшүнүктөрдү ажырата билүүнүн зарылдыгына кеңири токтолот.
B. П. Сухотин (СССР Илимдер акдемиясынын Президиумунун «Манас» боюнча илимий К-ны уюштуруу комиссиясынын төрагасы, филология илимдеринин доктору) — маданий мураска мамиле маселелеринде түрдүү элдерде орчундуу кемчиликтер орун алганын эскерте келип, ошондой эле абал «Манаска» баа берүүдө да бардыгын, ал К-да таасын көрүнгөнүн белгилеген. Ошондой болсо да кыргыз элинин кылымдар бою жашап келген «Манас» эпосунун негизи элдик экендигине анын ою боюнча дээрлик бардыгы макул болгонун айтып, бул чыгармада кыргыз элинин четтен келген баскынчылар менен күрөшү чагылдырылгандыгында шек жок экендигин баса көрсөткөн. Ошону менен бирге эле негизи элдик бул эпосто улутчулдук, пантүрктүк, панисламдык катмарлардын да бар экендигин өтүп жаткан К. таасын айкындады деп белгилейт. Адабиятчылардын милдети эпоско жасалма жол менен киргизилген элементтерди таап, тазалап, бастырып чыгарууга негиз боло турган вариантты түзүү — деп көрсөтөт.
Жыйындын төрагасы К-нын катышуучуларына иштин ийгилигин камсыз кылууга активдүү жардамдашкандыктары үчүн ыраазылыгын билдирип, К-нын чечимин даярдоо комиссиясынын мүчөсү Давлеткелдиевге чечимдин долбоору менен тааныштырууга сөз берет.
К. он пункттан турган чечим кабыл алган. Биринчи пунктунда кылымдар бою кыргыз элинин арасында жашап келген «Манас» эпосунун негизи элдик деп эсептейт, бирок ошону менен бирге эле анын белгилүү варианттарында орчундуу карама-каршылыктар орун алгандыгы көрсөтүлгөн. Экинчи пунктта «Чоң казат» («Великий поход», М., 1946) китебинин басылып чыгышы жаңылыштык деп белгиленген. Үчүнчү пунктта колдогу болгон варианттардын бири да бастырып чыгарууга жараксыз деп көрсөтүлгөн. Ошондой эле К-нын чечиминин пункттарында Тил, адабият жана тарых институтунун «Манасты» жыйноо боюнча орчундуу иштер иштегендиги, бирок эпосту үйрөнүү багытында татыктуу илимий-изилдөө иштеринин жоктугу, жолго коюлбагандыгы; республикалык басма сөз беттеринде жүргүзүлгөн кеңири илимий талкуунун «Манас» эпосун изилдөө багытындагы эмгектерди сындоону жайылтууда маанилүү роль ойногондугу белгиленип, эпосту изилдөөнүн жакынкы милдеттери көрсөтүлгөн. Чечимдин жетинчи пунктунда К. «Манас» эпосунун комментарийлер жана киришүү макала менен коштолгон курама вариантын бастырууга даярдоо зарыл деп эсептейт — деп жазылган. Чечимдин башка пункттарында көрсөтүлгөн милдеттерди (Тил, адабият жана тарых институтунун, Жазуучулар союзунун, университеттин тиешелүү кафедраларынын кызматкерлеринин күчү менен, борбордук институттардын кызматкерлерин, айрым «Манас» айтуучуларды да тартуу аркылуу жүзөгө ашырууга тийиш экендиги, Тил, адабият жана тарых институтунун тутумунда оозеки көркөм чыгармачылыкты изилдөөчү сектор уюштуруунун зарылдыгы белгиленип, К-нын материалдарын өзүнчө жыйнак түрүндө орус жана кыргыз тилдеринде бастырып чыгаруу сунуш кылынган.
1952-ж. 1-августта СССР Илимдер акдемиясынын Президиумунун жыйынында «Манас» эпосуна арналган илимий К-нын жыйынтыктары, Тил, адабият жана тарых институтуна жардам көрсөтүү маселеси талкууланып, алты пункттан турган № 465-токтом кабыл алынган.
Ал токтомдун 1-пунктунда «Манас» эпосу боюнча өткөрүлгөн илимий К-нын чечими кубатталган, калган пункттарда «Манас» эпосунун курама вариантын 1953—55-ж. ичинде түзүү белгиленип, ишке көмөк көрсөтүү үчүн А. К. Боровков, М. И. Богданова, К. К. Юдахин консультнт болуп бекитилген, К-нын материалдарын жыйнак түрүндө бастыруу Илимдер акдемиясынын басмаканасынын 1953-жылдагы планына киргизилген, 1953-жылдан СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалынын Тил, адабият жана тарых институтунун тутумунда оозеки көркөм чыгармачылыкты изилдөө секторун 7 кызматкер менен ачуу СССР Министрлер советинен суралган.
С. Мусаев

конференция

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
конференция.

конференция

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
конференция

конференция

Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
conference ‘конфэрэнс

конференция

Словарь пользователя
жыйын, жыйналыш, чогулуш, жыйналуу, чогулуу

конференция

Словарь пользователя
кеңшүү, пикир алышуу

Конференция

Кыргызча-орусча юридикалык терминдер сөздүгү (ky-ru)
Конференция

Конференция

Русско-киргизский словарь юридических терминов (ru-ky)
Конференция

Конференция

Толковый словарь юридических терминов и понятий (2005-ж.) (ru-ky)
КОНФЕРЕНЦИЯ (орто кыл. лат. conferentia , лат. confero – бир жерге чогултам) – кандайдыр бир мамлекеттердин, топтордун, уюмдардын өкүлдөрүнүн, ошондой эле жеке адамдардын, окумуштуулардын белгилүү маселелерди талкуулоо үчүн чогулушу, кеңешмеси.
конференция конференция такоолу конференция конференция конференция конференция конференция конференция ООН по торговле и развитию конференция конференция конференция