Переводчик Translate.kg

коңур

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
коңур
коңур ала
коңур баш (чөп)
коңур жел
коңур кургак
коңур күз
коңур мырза (бүркүттүн
түрү)
коңур салкын
коңур топурак
коңур үн
коңур чач
коңур чечен

коңур

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
сын. 1. Кара күрөң түс. Койчунун коңур күрөңүн Токутуп Жакып миниптир («Манас»).
  1. 2.                  Салкын, муздак. Аба коңур тартты (Баялинов). Коңур күздө Керимкул да кечкурун айылга түштү («Ала-Тоо»).
  2. 3.                  өт. Жоош, салмактуу, бир мүнөз. Дүйшөнкул жаш кезинен эле коңур, жоош, бирөөгө жамандык ойлобогон жигит эле (Бөкөнбаев).

¨ Коңур үн — ичке эмес, жоон эмес орто үн. Сатардын коңур үнү бирде көтөрүңкү, бирде басыңкы чыгып, ал бир нерсени түшүндүрүп жаткансыды (Таштемиров). Коңур кургак — кичине ымдалышкан, сууланган, чала кургак. Сууга коңур кургак кылып умачталган шактан, Сагын ар койго бир чыныдан салды (Жантөшев). Коңур мырза — бүркүттүн бир түрү. Коңур чечен — угумдуу, жакшы сүйлөгөн чечен.

коңур

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
1. тёмно-бурый, смуглый;
кой сүйөт баласын "коңурум" деп фольк. овца ласкает своего ягнёнка, говоря "мой тёмно-бурый";
коңур чач тёмные, каштановые волосы;
2. перен. (о характере) мягкий, нежный;
жаш кезинен эле коңур, жоош, бирөөгө жамандык ойлобогон жигит эле это был парень, который уже с детства обладал мягким характером, смирный, никому не желал зла;
коңур үн низкий приятный грудной голос;
үнү уламдан-улам кубулжуп, бирде коңур, бирде ичке чыгып голос его то и дело переливался то на низких, то на высоких нотах;
коңур күү печальная мелодия, элегический напев;
коңур жел прохладный летний ветерок;
коңур салкын лёгкая и приятная прохлада;
коңур кургак полусырой, слегка подсохший;
коңур кургак талкан полусырое, рассыпчатое толокно (когда оно только чуть смочено молоком);
коңур күз часто употребляемый эпитет осени (с её сыростью и умеренно прохладной погодой);
коңур чечен хороший оратор с мягким приятным голосом;
коңур баш мятлик луковичный (трава);
коңур мырза, чегир коңур виды беркута.
коңур коңурдоо коңурлат- коңурсу коңурсу- коңурсут- коңурсутуу коңурсуу коңурсуш коңурук коңуруксуз коңуруктуу коңурук коңурук тарт- коңурсу коңурсут коңурсуу коңурук коңур коңур коңурдоо коңурлат- коңурсу коңурсут- коңурук