Переводчик Translate.kg

КОРГОШУН

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (ky-ky)
«Залкарын, бирок, аз таптым, Салмагы жактан коргошун» (Байдылда). Бул — устакерчиликте пайдалануучу зат. Салмагы оор, оңой эритиле турган кара көк түстүү металл. Муну «ыроо» деп да коет. Ал себет жасоодо, буюмду кепшерлөөдө пайдаланылат. Усталар бир топ буюмдарда колдонушат. Андан өгөө жасоого атайын калып кылат. Өгөөнүн майтарылбасы үчүн улам бир тарабын коргошунга чаап турат. Мындан кыт куюлат. Салмактуу болушу үчүн чоң бычактарга толто жасалат. Ийик баш куят, мергенчилер бараңга ок-бытыроо жасаган. Ал ок — бытыроолор салмактуу келип, алыс учуп, мээлеген бутасына түз барып тиет. «Кан деп учат, жан деп учат коргошун» (Мидин).

коргошун

Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
lead II. лэд

коргошун

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. Салмагы оор, жумшак, оңой эритиле турган кара көк түстөгү металл.
¨ Уу коргошун — уулуу өсүмдүктүн аты.

коргошун

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
свинец;
сөзү окуучулардын көкүрөгүнө коргошундай жабышты слова его крепко западали в сердца учащихся;
коргошун болуп баратам я в блаженном состоянии;
кучактап алып көрүшүп, коргошундай эришип фольк. обнявшись, они поздоровались, пришли в состояние полного блаженства;
уу коргошун бот. борец ядовитый, аконит; иссык-кульский корень.

коргошун

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Sagynbaeva) (ky-tr)
korgoşun
kurşun

коргошун

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
kurşun.
коргошун- коргошунда- коргошундуу коргошунсуз коргошун коргошун коргошун коргошун коргошун түс, карасур коргошун коргошунда-