Переводчик Translate.kg

корсулда

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
этиш. 1. Коркулдоо, корс-корс этүү (чочко жөнүндө). Токойдогу доңуздар, Кошо келет корсулдап, Айдаган малга кошулуп («Манас»).
2. Орой сүйлөө, тумшугу менен бир тийүү, корс этүү. Чакырасың келбесем, Корсулдайсың өзүмө,Кошуп ырдап бербесем (Токтогул). — Темир байкеңден да уяласыңбы?деп корсулдап койду (Сыдыкбеков).
корсулда- корсулдак корсулдат- корсулдатуу корсулдаш корсулда корсулдак корсулда- корсулдак