Переводчик Translate.kg

көшөгө

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
көшөгө
көшөгөсү көгөрүү

көшөгө

Кыргызча-орусча сөздүк (Асанов Э.) (ky-ru)
  • действие (театр.)
  • завеса
  • занавес
  • занавеска
  • КӨШӨГӨ

    Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (ky-ky)
    «Келинге тарткан көшөгө, Көгөрө бербейт өзү эле» (Райкан). Бул үйдүн бир капшытын бөлүп, далдалап турган буюм. Абалы жөнөкөй эле болуп, боз үйгө шартташкан. Алда бара-бара кооздоло баштайт. Жука кездемеден (2,5—3 м, 2—2,5 мм тигилет да, үстүңкү кыюусуна илмектер кадалып, ага ичке бүчүлүктөр өткөрүлүп, илмектин эки учу ууктарга, мыктарга кере тартылып байланат.
          Көшөгө кыздын себи менен кошо келет. Жаңы үйлөнгөндөр салт боюнча көшөгөнүн ичине жатышат. Буга да узчулукка таандык сайма көчөттөрү көбүнчө илме сайма менен түшүп, туш кийиз өңдүү үйгө жасалга берет.

    көшөгө

    Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
    curtain ‘көөтн

    көшөгө

    Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
    зат. 1. Көргөзбөй далдалап туруу үчүн үйгө, сахнага тартылчу узун
    жазы парда. [Апар] Купуяга бирдеме деп шыбырап койду да, дароо көшөгөгө кирип кетти (Аалы).
    2. Драмалык чыгарманын орчундуу бир бөлүгү. Үч көшөгөдөн турган пьеса.
    ¨ Көшөгөң көгөрсүн — бак-таалайлуу, өмүрлүү бол деген мааниде көбүнчө жаштарга айтылуучу тилек. — Ыракмат кызым! Көшөгөң көгөрсүн !—деп [кемпир] үнүн каргылдантты (Байтемиров).

    көшөгө

    Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
    1. занавес; занавес, отделяющий постель новобрачных или молодых супругов;
    көшөгөнү көтөрүшүп, кыздын жүзүн көрүштү подняв занавес, они посмотрели лицо невесты (молодухи);
    көшөгөң көгөрсүн! да процветает твой занавес! (пожелание новобрачной или молодухе счастливого супружества);
    2. южн. то же, что туш кийиз (см. кийиз);
    3. театр. действие;
    төрт көшөгө четыре действия;
    түтүн көшөгө дымовая завеса.
    көшөгө көшөгөлө көшөгөлөн- көшөгөлөнүү көшөгөлөш көшөгө көшөгө көшөгө тарт- көшөгөлөнүү көшөгөлөн көшөгө көшөгө көшөгөлөн-