Переводчик Translate.kg

күйүк

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
күйүк (зат а.), күйүгү,
күйүккө

КҮЙҮК

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
КҮЙҮК—топоним. «Кыястын Тооторудан ажырашы» окуясында Сейтек «Күйүк, Чакмак эки ашуу Белин качан басабыз» (Курама вариант, «Сейтек», 113),— деп К-тү ашып кыргыз элине качан барары айтылат. Географиялык реалияда Таластагы белгилүү ашуу.

күйүк

Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
burn бөөн;
scald скоолд

күйүк

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
I зат. Нерсенин карарып күйүп калган же чала күйгөн бөлүгү. [Үңкүрчөнүн] ооз жагында арчанын сыныктары, күйүк дүмүрлөрү жатат (Каимов). Мергенчи таш кордону алды да, күлдөрүн тазалап, күйүктөрүн кырды (Жантөшев).
КҮЙҮК II этиш. 1. Чуркагандан, бийик жерге баскандан дем алышы кыйындап, энтигип чарчоо. Чуркоодон күйүккөн Мамбеткул энтигип, ийни менен дем алат (Каимов).
2. Күйүт тартуу, убайым тартуу. Күйүккөн чериң басайын, Кабагың күндөй ачайын («Эр Төштүк»).

күйүк

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
күйүк I
1. горелый; гарь; ожог;
өрттөн калган күйүктөй подобно гари после пожара;
күйүк моюндар уст. пренебр. (баи о бедняках) черношеие (букв. с горелыми шеями);
2. перен. (о слове) ехидный, едкий;
3. перен. горе, печаль;
күйүктү бас- разогнать печаль;
ошону сага бербесем, ичтен кетпейт күйүгүм стих. если это я тебе не отдам, не рассеется моя печаль;
курсактан күйүк чачылды горе, что было внутри, развеялось.
күйүк- II
1. заботиться, беспокоиться; горевать, огорчаться;
күбүккөн жүрөк басылды опечаленное сердце успокоилось;
2. гореть любовной страстью;
3. быть не в состоянии перевести дух (напр. после быстрого бега); страдать одышкой; утомляться, уставать;
тоого чыгам деп, жаман күйүктүм я взбирался на гору, и у меня сильно захватило дыхание;
4. южн. (о лошади от гоньбы) запалиться.

күйүк

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Sagynbaeva) (ky-tr)
küyük
yanık

күйүк

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
1. göyük, yanmış;
2. hastalık ateşi.
күйүктүр- күйүк күйүк- күйүктүрмө күйүктүрүү күйүкчөөл күйүк күйүкчөөл күйүк күйүкчөөл күйүк күйүктүр- күйүк күйүк