Переводчик Translate.kg

кундуз

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. 1. Териси баалуу, сууда жашоочу кара күрөң түстөгү сүт эмүүчү жырткыч жаныбар жана анын териси. Будурунда бугу бар, Кумдак сууда кундуз бар («Манас»). Кезинде жаштар суу болбойт, Кубулуп кундуз сууда ойнойт (Маликов). Эптеп кундуз таап берсең, кызыма тебетей жасап коёюн (Касымбеков).
2. Аттын туягынын үстү жагына түшүп турган кырка жүн жана буттун ошол тушу. Аттын кундузунан кан алыптыр.

кундуз

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
1. выдра;
жакамдагы кундузум фольк.
1) выдра (выдровый мех) на моём воротнике;
2) перен. ласк. радость моя, надежда моя (обращение к младшему);
кундуз топу см. топу;
2. венец (место соединения копыта с кожей у лошади);
кундузунан кан алыптыр- он пустил (лошади) кровь из венца;
достара кундуз название звезды (в предзнаменованиях считается несчастливой);
кундуз кайыр чатк. название травянистого растения с синими и красноватыми цветочками (употребляется вместо чая).

кундуз

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Sagynbaeva) (ky-tr)
kunduz
kunduz

кундуз

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
кундуз
кундуз гүл

КУНДУЗ

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
КУНДУЗ (иранча хухане — көөнө, эски; диз — чеп, сепил, коргон) — топоним. Ооганстандын түндүгүндөгү шаар жана ага караган аймак. 17-кылымда каттаган уруусу түндүк тараптан көчүп барып отурукташкандан кийин К. ш-нын чөйрөсүндөгү жер «Каттагани вилаети» деп аталат. Эпостун айрым варианттарында: «Кундуз, Талкан жайлаган, Кундуздай кара ат байлаган, Аталык уулу эр Кошой» (Сагымбай Орозбаков, 2. 199),— деп айтылып, негизги каармандардын бири Кошойдун ата мекени катары баяндалат. Географиялык реалияда Ооганстандын түндүгүндөгү шаар жана өрөөн.

кундузда кундуздоо кундуз кундуз кундузда- кундуздат- кундуз кундуз кундузда- кундуздат- кундуздатуу кундуздаш кундуздоо кундуздуу кундузсуз кундузчуктар