Переводчик Translate.kg

күүлөн

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
этиш. 1. Катуу күүгө, кыймылга келүү; инерция боюнча кетүү, жөнөө. Токтогул жакындаганда жорулардын кай бирлери.. ылдый карай күүлөнө чуркашып,.. асманга көтөрүлүштү (Аалы). Күүлөнүп калган тулпарга, Канаттуу жетпейт сабалап (Аалы).
  1. 2.                  Күч алуу, күчөө, күчкө келүү, алга умтулуу. Күчкө келдик, күүлөндүк, Күчөп толкуп ирлендик (Каралаев). Күйүттү тепсеп өлтүргөн, Күүлөнүп турган элсиңер (Аалы).
  2. 3.                  Опурулуу, күчөнүү. Аныгын, чынын билбесең, Аламан сөзгө күүлөнбө (Бөкөнбаев).
күүлөнүү күүлөнт күүлөнүү күүлөн күүлөн- күүлөндүр- күүлөнүш күүлөнт- күүлөн- күүлөндүр- күүлөндүргүч күүлөндүрүү күүлөнт- күүлөнтүү күүлөнтүш күүлөнүү күүлөнүш