Переводчик Translate.kg

кыбыра

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
этиш. 1. Өтө жай, илээлеп кыймылдоо (кибир жандыктар жөнүндө). Жаз келип, карлар эрип жер чымырап, Көк чыгып, торгой сайрап курт кыбырап (Турусбеков).
2. Акырын, жай, майда кыймылдоо; илээлеп жүрүү, басуу; бүлк-бүлк этүү. Көрүнүп бул кезекте бүлбүл караан, Кыбырап ал бечара басат араң (Шимеев). [Бугимовдун] жука эриндери кыбырап турат (Сасыкбаев).
Кыбырагандын баарын айтуу же жеткирүү — майда-чүйдөсүнөн бери эч нерсе калтырбай толук айтуу, жеткирүү Кыбыраганынын баарын Кычан, Атайүчөөбүз Тенти агайга.. жеткирип турабыз (Бейшеналиев).
кыбыра- кыбырат- кыбыратып кыбыратуу кыбыраш кыбырат кыбыра кыбыра- кыбырат- кыбыраш-