Переводчик Translate.kg

кычкач

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
кычкач, кычкачты

КЫЧКАЧ

Кыргыздын кол өнөрчүлүгү (ky-ky)
зергердин аспабы. Муну менен жашыган күмүштү, күжүдөгү чоктонгон темирди кыпчып алып, дөшүгө коет. Бул жашык металлдан жасалат. Ичке, майда нерселерди кармоого эптүү эки учу учтуураак, жаактары бүкүрүңкү келет да, шакектелип коюлат.
      Кычкачтын бөлөк түрлөрү да бар. Мисалы, төрт чарчыланган анын ички учу быдырлуу келген, нерсени шып кыпчып чабууга, мык суурууга ылайыкташат. Аны усталар «аңырооз» дешет. Ал аттишке окшошуп кетет. Кычкачтар ар кандай түспөлдө жасалып, «кыпчуур», «чымчуур» деп бөлүнөт.

кычкач

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. Чокту, чычаланы, ысык темирди ж. б. кыпчып кармоо үчүн ылайыкталып темирден жасалган курал. Энеси эңкейип жерден кычкач алды (Бейшеналиев). Клименко очоктогу кызарган темирди кычкач менен кармап алды да, чоң дөшүгө тосо берди (Сасыкбаев).

кычкач

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
1. кузнечные плоскогубцы;
2. щипцы для углей;
ат кычкач или амбар кычкач или камбар кычкач тяньш. то же, что ат тиш (см. тиш).

кычкач

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
kıskaç, masa.
кычкач кычкачсыз кычкачта- кычкачтуу кычкач кычкач кычкач