Переводчик Translate.kg

кыйна

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
этиш. 1. Уруп, сабап этин, денесин оорутуу; соккуга алуу. Кыйнасын, эттеримди кескилесин, Өлүмгө башым байлайм, түк айтпаймын (Шимеев).
  1. 2.           Кыйын, оор абалга туш келтирүү; азапка салуу, катуу жапа чектирүү, кысмакка алуу. Кара оокатка жандарын кыйнагандар аманбы? (Токтогул). Эзгим келет кара ташты жаш менен, Сен кыйнаган жүрөгүмө чыдабай (Аалы). Кедейлерди «кой тап» —деп, Кыйнагандан болбогун (Токтогул).
  2. 3.           Тынчын алуу, тынчтык бербөө; кыстоо, кысмакка алуу. Мени кыйнаган маселенин бири — кой (Жантөшев). Балдары сүт деп ыйлады, Энесин болбой кыйнады. (Тоголок Молдо).
кыйна- кыйнал- кыйналт- кыйналтуу кыйналуу кыйначу кыйналуу кыйна- кыйналган кыйнал кыйна кыйна- кыйнал- кыйналдыр- кыйналт- кыйналуу кыйнан-