Переводчик Translate.kg

кыйыштыр

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
этиш. 1. Кыноо, бири-бирине эп келиштирүү. Кымбат сарай, кампаларын салышып, Кыйыштырып кемчилдерин бүтөгөн (Осмонкул). Көз тигип, Тейтек талбай уруп жатып, Кыналтып, кыйыштырып жатат шайлап (Бөкөнбаев).
2. Жемиш бактарынын сортторун жакшыртуу максатында бир бутагын же бүчүрүн экинчи бакка кыюу, кыйып отургузуу. Алма кыйыштырдык.
кыйыштыруу кыйыштыр кыйыштыр- кыйыштыруу кыйыштыр- кыйыштыруу