Переводчик Translate.kg

кылгыр

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
этиш. 1. Сорпонун же тамактын үстүнө аз гана жылтырап май чыгып туруу. Сорпонун майы кылгырып турат.
  1. 2.           Майлуу тамак жегенде май кекирүү, май кулгуу. Май кылгыра түштүм, Чаке (Сыдыкбеков).
  2. 3.           Көздөн тегеренип аз гана жаш чыгуу. Бекботонун көзүнөн жаш кылгыра түштү (Каимов). Чалдын оозун тиктеп, кейип олтурган Токтогулдун жашы кылгырып, солуп-солуп алды (Аалы).

Кылгырып кароо — көзүн жоодуратып, жашылдантып сүйкүмдүү тиктөө, кароо.
кылгыр- кылгырт- кылгырма кылгыр- кылгырма кылгырт- кылгыртуу кылгыруу кылгырыш кылгырма кылгырт кылгыруу кылгыр