Переводчик Translate.kg

кымыз

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
кумыс;
кымыз - кишинин каны, эт - кишинин жаны погов. кумыс - кровь человека, мясо- душа человека;
кызыл кымыз лучший кумыс (обычно на летних пастбищах);
жуткан кызыл кымызы тамагынан көрүнгөн фольк. (тело красавицы столь нежно, что) кумыс, который она пила, просвечивал сквозь глотку;
байтал бээнин бал кымыз фольк. вкусный кумыс молодой кобылицы;
төө кымыз кумыс из молока верблюдицы;
уй кымыз кумыс из коровьего молока (который приготовляли и пили бедняки);
тоңдурма кымыз замороженный куском кумыс (оставляемый до весны на закваску);
саамал кымыз кумыс, в который только что добавлено свежее кобылье молоко;
тунма кымыз кумыс ещё не взболтанный (утром пьют верхнюю часть, которая считается самой крепкой);
сөөк кымыз или сөөктөн чыккан кымыз кумыс осенний или зимний (бывает очень густым);
ууз кымыз кумыс весенний и в начале лета (считается лучшим);
кымыз чайка- взбалтывать кумыс в бурдюке (чем больше взбалтывается, тем вкуснее);
чайкаган кымыз таткандай такое приятное ощущение, будто попробовал хорошо взболтанного кумыса;
ысытып ичкен кымыздай ымшытат сени сөздөрүм стих. мои слова приведут тебя в блаженное состояние, как подогретый кумыс;
кымыз менен жуудуруп, кымбат менен буудуруп фольк. омыв (покойника) кумысом и завернув в дорогую материю (в древности, судя по эпосу, знатного покойника обмывали кумысом).

кымыз

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Sagynbaeva) (ky-tr)
kımız
kımız

кымыз

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
kımız.

кымыз

Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (Карасаев) (ky-ky)
кымыз

КЫМЫЗ

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
КЫМЫЗ — көбүнчө бээнин сүтүнөн ачытылып жасалган кычкыл суусун. Уй, топоз, төөнүн сүтүнөн да жасалган. К-ды малчылык менен күн көргөн байыркы көчмөн элдер ойлоп тапкан. Байыркы грек тарыхчысы Геродот (б. з. ч. 5-к.) скифтер К. ачытканын жазган. Алтай, башкырт, бурят, казак, калмак, каракалпак, кыргыз элдеринде К. эзелтеден эле белгилүү болгон. К-дын дарылык касиети бар экенин байыртадан эле байкашкан. Эпосто көңүл ачуу суусундук катары баяндалат. Мисалы, «күндүзү кымыз, түнү кыз», «Кымыз ичип кызышып, Сөөктөрү ысышып, Чекеден терин сызышып» (Саякбай Каралаев, «Семетей», 1. 313), «Кымыз ичип кылгырып» (Саякбай Каралаев, 2. 83),
Алты жүз мешке куйдурган
Алып келип кымызды
Аксакал бою балкытып,
Аны ичкен соң карпаңдап,
Аңгемени кылышты (Сагымбай Орозбаков, 2. 19) жана башкалар.

кымыз

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
зат. Көбүнчө бээнин сүтүнөн ачытылып жасалган суусун. Жайлоодогу биз ичкен Байтал бээнин бал кымыз (Осмонов). Чаначтын булуңдары тирсийип, күлдүрт-күлдүрт чайкалганда, ууз кымыздын жыты.. бур дей түштү (Сыдыкбеков).
кымыздуу кымыздык кымыз кымыз кымыз кымыз кымыздуу кымыздык кымыз кымыздык кымыздуу