Переводчик Translate.kg

кырк

Кыргызча-орусча сөздүк (Асанов Э.) (ky-ru)
сорок

КЫРК

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
КЫРК — эпосто көбүнчө сыйкырдуу мааниде кездешүүчү эпикалык сан. Мунун пайда болушу байыркы мезгилдерде адамдардын табият жана коом кубулуштарына, кереметтүү, укмуштуу көрүнүштөргө түшүнүү аракеттеринде сырын чече албаган нерселерди таасирдүү дух, касиеттүү күч катары кабылдоолордун үрп-адатка айланышы менен байланышкан. «Манаста» сөз сыйкыры (магиясы) сыяктуу эле сан сыйкыры кеңири тараган (мисалы, үч, жети, тогуз жана башкалар). Бирок, мында «кырк» деген сандын өзгөчө учурлары бар. Барыдан да анын кыргыздардын этногенезисинин («кыргыз») чечмелениши менен чиеленип турушу өтө кызыктуу. Ал эми жалпы алганда ар түрдүү жагдайларда колдонулган «кырк» саны эпосто кыргыз элинин байыркы мезгилдердеги тарыхынан бери карай турмуш-салтынан, дүйнө түшүнүмдөрүнөн ачык кабар берет.
Эпостун окуясы кырк үйлүү кыргыздын Алтайга айдалып барышы менен башталат. Алардын турмуштары оңолот. Байлыгы ташыган Жакып баласынын жоктугуна арман кылат. Бир күнү түш көрүп, аны байбичесине айтат. Байбичесинин түштү жорутуп, кырк бээ союп, бата алалы дегенине Жакыптын ачуусу келет. Манас төрөлгөндө талаада жүргөн Жакыпка «сүйүнчүгө кырк киши кетти чапкылап» Акбалтанын аялы Сулайка күйөөсүн үгүттөп мындай дейт:
Кызыр чалган бай Жакып,
Кырк кара боз байлаган,
Кырк жылкыдан бирди албай,
Сенин кандай шоруң кайнаган (Сагымбай Орозбаков, 1. 62).

Албетте, жогоруда айтылган «кырк» деген эпикалык сандын колдонулушу эч качан кокус жеринен болгон эмес. Казак окумуштуусу А. Маргулан: «Кырк — элге салт болгон касиеттүү сан — күчтүүлүктүн, биримдиктин белгиси. «Кырк уруу эл», кийинчерээк феодалдык коомдогу «кырк нөкөр», «кырк дос», «кырк чоро», «кырк вазир» деген туюнтмалар адегенде уруу башчыларынын чыгаан бир адамдын тегерегине топтолуп, биригишин билдирет», — дейт (К. Мухаметканов. Феникс — «Манас» жана Мухтар Ауэзов. «Ала-Тоо», 1988, № 8, 103-б.). Манастын бүткүл «таржымалы» бул айтылганды толук ырастайт. Манас бала кезинен ашкан тентек чыгып, Чоң Жинди аталып, аны катыксын, тартипке келсин деп Ошпур койчуга кошуп бергенде, ал анын тилин албай, өз билгенин жасайт.
Бир күнү Манас кабылан
Оолугуп токтобой
Кырк үйлүүдөн кырк бала
Кыйбатын жыйып алыптыр
Чоң Алтайдын талаага
Чогулуп оюн салыптыр (Саякбай Каралаев, 1. 59).

Алар ошентип ойноп жатышса, кара калмак манжуудан 15 —16 жаштардагы 80 бала келип, улуу сымагы «кызыталак бурут, тентип келген бурут» деп кордоп, уруп-токмоктоп киришет. Мына ушунда Манас «кыргыздап» ураан чакырып, туур качырып кирип, кезиккенин жанчып, койгулаша кеткенин кокосун жулуп, жалпы эле калмакка бүлүк саларда атасы бай Жакып алдынан чыгып, арачалап калат. Күндөрдүн биринде Манас кырк баласы менен сайран куруп, койлорду каалагандай союп, этине эркин тоюп, Кең Алтайдын баткалда катуу уктап жатканда жылкычы алпы Канжаркол келип аларга бүлүк салат. Кырк баланын кыйсыпырын чыгарат. Мында да Манас калтаарып калбастан, өзүнүн эпчилдиги, мыктылыгы, эрдиги менен өзү келип тийген «балбанды союп жай кылат». Анан өзүнүн жолдошторуна карап мындай дейт:
Атаңдын көрү кырк бала,
Айтканым менен болуп бер,
Тегерете конуп бер,
Мага чоро болуп бер! (Саякбай Каралаев, 1. 66).

Жогоруда келтирилген мисалдардан дегеле Манастын келечеги үчүн ушул кырк үйлүү кыргыз, кырк бала чоң демөөр, уютку, кубат болгондугу ачык байкалат. Мында барыдан да кырк баланын кырк чорого чоктолуп жатышы алдыдагы албан иштерден үмүткөр кылат. Чынында да, кийин Манаска өбөк, жөлөк болуп, асыресе анын аскердик ийгиликтерин, рухун, согуштук жеңиштерин камсыз кылууда алар (к. Кырк чоро) зор роль ойногондугу белгилүү.
Манас Чегебай деген бала менен козуларды кайтарып жүрсө, бир карышкыр келип, бир козуну баса калып, куйругун жулуп алат. Манастын кыжыры кайнап, «кулагынан алайын, өлбөгөн жерде калайын» деп карышкырга чуркап барса, ал козуну көтөрө качып, кырды ашып кетет. Козунун каны менен Манас артынан кууп:
Жетип барып караса,
Аттары бар канаттуу
Адамдан башка сапаттуу
Аргымак бедөө минишкен,
Аземдүү тонду кийишкен,
Бир үңкүрдө кырк киши,
Бир өтөктө жык киши (Сагымбай Орозбаков, 1. 113).

Баягы жартысын карышкыр аймап таштаган козу бүтүн, жанында байланып, маарап турат. Буга Манас абдан айран таң калат: Мунун жөн-жайын, сырын сурап келгенде:
Адамдар анда кеп айтат
Аңдап көр, балам, деп айтат.
— Бөрү болгон биз деди,
Бөлөкчө жансыз сиз деди,
Кызыр Ильяс деген бар,
Сизди кырк күндөн бери издеди,
Кырк чилтен деген биз деди,
Козуңа салган тиш деди (Сагымбай Орозбаков, 1. 114).

Бул жерде К. санынын сыйкырдуулугу ачык байкалып турат. Мында кеп, албетте көчмөн элдин салтына, көзгө көрүнбөй кубулуп жүргөн, адамдардын асыресе баатырлардын жандоочусу, жолдоочусу болуп, болочок тагдырына чоң мааниге ээ болгон, кыйын кезеңге туш болгондо, кысталышта жардамга келип, колдоп, сүрөөнгө алып келген ыйык заттар Кыдыр, Кызыр, Кызыр Илияс (к. Кызыр Илияс) кырк чилтендин (к. Кырк чилтен) бөтөнчө жан катары, «Манасты самап, кастарлап, келечегине бир эске алынуучу нерсе: Мына ушулардын кылган иш-аракеттеринде кырк деген сандын аралашып, ажырагыс болуп жүргөндүгүндө. Бул асыресе Кыдыр Илиястын Манасты кырк күндөн бери издегенин, ага минтип кырк чилтендин өздөрү келип таап олтургандыктан ачык көрүнөт. Кыргыз элинде илгертен бери: «кырктын бири кыдыр, миңдин бири олуя» деген сөз жашап келген. Бул канчалык сан көп болсо, ынтымактуулукка ылайык, анын ичинен мыкты, жакшы нерсе артык болот деген практиканын натыйжасы экендиги белгилүү. Дегеле кырк дегендин күчтүүлүктү, дараметтүүлүктү, кубаттуулукту туюнтушу да ушуну менен байланышкан. Мисалы, Жакып баш болуп, кыргыздар Каныкейге кудалап барышканда, Каныкейдин атасы Атемир конокторду тосуп, сый-урмат көрсөтөт:
Кырка тиккен кырк үйү,
Кызмат кылды кырк бийи,
Кошо келген кырк нөкөр,
Кошулушун карап көр (Сагымбай Орозбаков, 2. 417).

Мындан Атемирдин ашып ташкан дүнүйөсүн адептүү каада-салт гана эмес, анын дөөлөтүн да элестетүүгө болот.
Эпосто кырк чоро барыдан мурда Манас баатырдын сөөлөтүн, кадырын, бийлигин, баркын элестетет. К. деген сандын эпосто жөнөкөй эле мааниде колдонулган учурлары да өтө көп. Алсак, «Анжыяндын кырк эшен, кырк эшенге барды эми», «Кызыл ала кылсамбы, кырдан кырк теке аткан мергендей», «Кызматка кыркты тургузду», «Кырк чанач кымыз киргизди», «Кырк миң дилде алышар», «Кырк күн оюн, кырк түн тоюн өткөрүп» жана башкалар Бирок, булардын баары, кантсе да, кокустук көрүнүш эмес. К. деген сандын түпкү сыйкырдуу катары кабыл алынып, аң-сезимге кеңири орношу анын мына ушундай кеңири пайдалана беришине да шарт түзгөн.
О. Исмаилов

кырк

Кыргызча-англисче cөздүк (2006-ж.) (Taalay Abdiev, Lira Sydykova)(ky-en)
II. forty ‘фооти

кырк

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
I сан. 40 саны, эсеби. Эр Төштүк аткан бугудан, Оң бутка илди бир кыркты, Сол бутка илди бир кыркты («Эр Төштүк»).
Кыркын берүү — кырк күн өткөндө мал союп өлгөн адамды эскерүү. Кырк чилтен к. чилтен. Кырк аяк к. аяк.
КЫРК II этиш. Туурасынан кесип таштоо, жүн сыяктуу нерселерди түбүнөн кесүү. Чоң араа жок, чочубагын кыркпаймын, Ак балта жок, анык ишен жыкпаймын (Калык). Ар бир коюн кыркканда, Төрт жарым кило жүн алган (Осмонкул).

кырк

Киргизско-Русский словарь Юдахина (ky-ru)
кырк I
1. сорок;
кырк сом сорок рублей;
кырк күн сорок дней;
кырк жыл сорок лет;
кыргыздыкы кырк жылда (или жылга) погов. киргизское - сорок лет (по старым киргизским установлениям срока давности не было, а поэтому напоминать или требовать можно было всё время, и даже через сорок лет);
2. сорок дней после родов;
3. этн. сорочины, сороковины (поминки на сороковой день после смерти; в некоторых местах южной Киргизии справляются на двадцатый день после смерти);
кырк ашын берип өткөрдү он справил сорочины;
4. (точнее кырк чоро) сорок витязей-сподвижников глазного богатыря;
кырктан чыккан баатыр знаменитый витязь, славный богатырь (букв. богатырь, превзошедший сорок богатырей);
кырк көйнөк этн. рубашечка, которую мать надевает ребёнку на сороковой день после рождения;
кырк челпек этн. сорок лепёшек (которые пекут в день надевания на младенца кырк көйнөк в юрте роженицы и раздают сорока детям);
тегирмендин кырк аягы (или ит аягы) лопасти мельничного колеса;
кырк чилтен см. чилтен;
кырк кыз см. кыз.
кырк II
кырк-кырк подражание щёлканью (напр. на счётах).
кырк- III
1. стричь; отсекать, пересекать (напр. прут); перерубать;
кой кырк- стричь овец;
багын кыркып кыйратып, баары жогун ыйлатып фольк. вырубив его сад и разгромив, всех довёл до слёз;
ала койду бөлө кырккан жүнгө жарыбайт погов. тот, кто пёстрых овец стрижёт отдельно, шерсти вдосталь не получит (стрижёт пёстрых овец, отделяя шерсть одного цвета от шерсти другого цвета);
ала койду бөлө кырк- перен. относиться не ко всем одинаково, миловать одних, обижая других;
ала койду бөлө кыркпай, элге тегиз кара относись ко всем людям одинаково, не дели на сынков и пасынков;
2. южн. (в картах) снимать;
мен кыркам я буду снимать, я сниму;
о верблюде при определении возраста по зубам: бир кырккан четырёхлетний, эки кырккан пятилетний, үч кырккан шестилетний и. т. д.;
чыбык кырк- см. чыбык 1;
чач кырк- см. чач I.

кырк

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Sagynbaeva) (ky-tr)
kırk
kırk

кырк

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
I kırk.

кырк

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
II kırk.
кырк кырка кыркынчы кырк- кырк кыркынчы кыркыраган кыркыш кыркалоо кыркынчы кыркыра кыркалат кыркма кыркмачы кыркын кыркаар кыркала кырк кырка кыркуу кыркырат- кыркыра- кыркырак кырк кырка кыркаар кыркаарда- кыркала- кыркалан- кыркалат- кыркма кыркмач кыркоол кырктыр- кырктыруу кыркуу кыркуучу кыркыл- кыркылуу кыркым кыркын кыркындата кыркындуу кыркынчы кыркыш кырк кыркырак, кырылдоо кыркуу кырк кырк кырктыр кыркым кыркынчы кыркым кыркым кыркмачы кыркыраш кырк сан кырк- кырк туур кырка кыркаар кыркаар кыркала- кыркалат- кыркалоо кыркма кыркмач кыркмачы кыркмачылык кырктыр- кырктыруу кыркуу кыркуур кыркуучу кыркчу кыркыл- кыркылдак кыркылуу кыркылуучу кыркылчу кыркын кыркын кыркындуу кыркынчы кыркынчы сан кыркыра- кыркырак кыркырактык кыркырат- кыркыратуу кыркыроо кыркыш кыркыш- кыркышуу