Переводчик Translate.kg

кызар

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
этиш. 1. Кызыл түскө кирүү, кызыл түскө өтүү, кызыл түс пайда болуу; канталап же кан жүгүрүп чыгуу. Спираль заматта кадимкисиндей кызарып чыкты (Бейшеналиев). Чыгыш тарап өрттөй кызарып, күн чачырай баштады (Байтемиров). Малиновскийдин болук бети кулагынан бери кызарып чыкты (Сасыкбаев).
2. өт. Уялган, кысылган абалда болуу. Мыскал эчтеке айта албай, кызарып кетти (Сыдыкбеков). Динар... бир аз кызарып кошо күлдү (Сыдыкбеков).
Көзү кызаруу — кызыгуу, көңүлү түшүү; абдан эңсөө, чыдамсыздык менен күтүү. Азыркы.. челекчи Афанас бүйрө адам го. Алма-өрүгүн көрсөк, көзүбүз кызаруучу (Сыдыкбеков). Элимден кабар келсе деп, Эки көзүм кызарды (Токтогул). Кызарып-татаруу — абдан ачуусу келгенде же күч келгенде буулуга тартып кызарып кетүү. Чымырканып бети-башынан бери кызарып-татарганы менен [ Сапар челекти].. жерден үзө албады (Бейшеналиев).

кызар

Кыргызча-Түркчө сөздүк (Абдыгулова) (ky-tr)
kızar.
кызарт кызар- кызараңда- кызараңдат- кызараңдатуу кызараңдаш- кызараңдашуу кызараңдоо кызарт- кызартуу кызаруу кызарыңкы кызарыш кызаруу кызар- кызаруу кызар кызаруу кызарыңкы кызарт кызараңда кызар- кызарт- кызартуу кызарыңкы кызарыш- кызаруу кызар