Переводчик Translate.kg

кыжылда

Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү (1969-ж.),(ky-ky)
этиш. 1. Ачып кетүү, быкылдап ачып кетүү (мис., вино, бозо). [Кымыздын] жыты буруксуп, чаначтын ичинде кыжылдап кайнайт го? (Байтемиров).
  1. 2.                  Быкылдоо, өтө көп болуу. Чоң посёлканын.. ортосундагы.. кыжылдаган эл кумурскадай жайнайт (Сыдыкбеков). Кыя тарткан жол менен, Кыжылдаган кол менен («Манас»).
  2. 3.                  Түшүнүксүз башка тилде сүйлөө. Кырк миң солдат, мен жалгыз, Кыжылдайт, тилин билбедим (Токтогул).
  3. 4.                  Кыжы-кужу болуу, айтышуу, тартышуу, чырдашуу; дайынсыз көп сүйлөө. Кыжылдаган үндөрү адамдын кыжырына тиет (Бектенов).
кыжылда кыжылдаш кыжылдат кыжылда- кыжылдат- кыжылда- кыжылдат- кыжылдатуу кыжылдаш кыжылдашуу кыжылда-