Переводчик Translate.kg

ВАЛИХАНОВ

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
ВАЛИХАНОВ

Чокон Чынгызович (толук ысмы — Мухаммед — Ханафия, 1835, Куш-Мурун чеби, азыркы Кустанай шаарына жакын Аман-Карагай аймагы — 1865, Алтын-Эмел айылы) — казактын туңгуч илимпозу, демократ-агартуучусу, этнографы жана фольклорчусу, тарыхчы. Аблай кандын чөбөрөсү. Атасы Чынгыз 1834-ж. ошол Аман-Карагай округуна ага султан болуп шайланган. Ал илимди, адабият менен искусствону баалаган маданияттуу жана Г. Н. Потанин, Н. Ф. Костылецкий, П. П. Семёнов-Тянь-Шанский, Н. М. Ядринцев сыяктуу орус окумуштуулары менен тааныш адам болгон. 1847-ж. В. Омбудагы Сибирь кадеттик корпусуна окууга өтөт. 1853-ж. аны аяктап, Батыш Сибирь генерал — губернаторунун адьютанты болуп дайындалат. 1854— 57-ж. жети-суулук казактар жана тянь-шандык кыргыздар Россияга каратылгандан кийин Жети-Суу менен Ысык-Көлгө, кийинчерээк Кулжага бир нече жолу жөнөтүлгөн аскердик илимий экспедицияга катышкан. В-дун экспедицияга катышуудагы негизги тапшырмасы коңшу элдер менен соода байланышын түзүү болгонуна карабастан, ал казак менен кыргыздардын, 0рто Азия менен Казакстанда жашаган башка элдердин материалдык жана рухий маданиятын үйрөнүүгө киришет. Анын «Чоң кыргыз-кайсак ордосунун уламыштары менен легендалары», «Кыргыз санжырасы», «XVIII кылымдын баатырлары жөнүндөгү уламыштар» деген белгилүү эмгектери, «Ысык-Көл күндөлүгү», «Кулжа күндөлүгү» аттуу жол очерктери — Жети-Суу менен Ысык-Көлгө келген саякаттарынын натыйжасы. 1858—59-ж. В. Кокон көпөсү катары Кашкарга соода кербени менен ийгиликтүү саякат жасаган. 1860-ж. Петербургда бир жылча жашап калат. Ушул мезгилде ал Азиялык департамент менен Орус географиясы коомунда эмгектенет. П. П. Семёнов-Тянь-Шанскийдин жетекчилиги астында казак, кыргыздардын турмушу жөнүндөгү этнографиялык материалдын үстүндө иштейт да, ошол эле учурда Орто Азиянын картасын түзүүгө киришет. 1861-ж. оорусуна байланыштуу В. Петербургдан айлына кетет. Казак окумуштуусу манастаануу илиминин жана кыргыз фольклористикасынын башатында турган десек да болот. Ысык-Көлгө келген учурунда ал бугу уруусунан чыккан манасчыдан "«Манастын» «Көкөтөй хандын өлүмү жана анын ашы» деген бөлүмүн жазып алат. Бул үзүндү кыргыз элинин турмушун жана салтын деталдаштырып сүрөттөгөн окуялуу эпизоддордон экендиги жалпыга белгилүү. Анда ат чабыш, балбан күрөш, эр сайыш, жамбы атуу сыяктуу элдин салттык оюндары баяндалат. Окумуштуу «кыргыз сагасынын байыркылыгын» көрөгөчтүк менен тааный билип, байыркы кыргыздардын тарыхына тиешелүү тарыхый материалдардын негизги фактылары аркылуу эпоско кирген «кийинки кошумчалар менен көркөмдүктөр» жөнүндөгү түшүнүктөрүн бекемдеген. Байыркы кыргыздардын тарыхын орто кылым жана жаңы тарых менен салыштырып, Түштүк Сибирь байыркы көчмөндөрдүн туруктуу жайыты болгон деген талашсыз жыйынтыкка келет. «Менин оюмча, кандай гана болбосун — деп, белгилейт В. — азыркы кыргыздарды байыркы кыргыздардан таптакыр бөлүп салууга жетишерлик негиз жок, тескерисинче, жалгыз гана алардын аттарынын өзүнөн, алардын сөзсүз түрдө бири-бири менен байланышта экендиги көрүнүп турат. Бул жөнөкөй эле айтылган этимологиялык окшоштук же үндөштүк эмес» (Валиханов Ч. Ч., Собр. соч., в пяти томах, Алма-Ата, 1961, 360-б.). Кыргыз тилин жакшы билген жана түшүнгөн окумуштуу «бул тилде араб жана фарсы сөздөрүнүн дегеле жоктугун, болсо да өтө эле аз экендигин, ал эми моңгол менен байыркы түрк сөздөрүнүн көп экендигин» — баса белгилейт. Мындай фактылардын бардыгы кыргыз тилинин, «Манас» эпосунун сөздүк тутумунда байыркы түрк тилинин көптөгөн элементтери сакталгандыгын билдирет. Элдик оозеки чыгармалардын уйкаштыгына кайрылып В. «кыргыз акындарынын араб поэзиясындагыдай так эрежеге баш ийген ыр жок, бирок ошондой болсо да кыргыз ырлары өзүнө тиешелүү эрежелер менен рифмаларга ээ», — деп белгилейт. Муну менен окумуштуу түрк уйкашынын байыркылыгы жөнүндөгү ойду бекемдейт да, оозеки поэзиянын бай ыр түзүлүшүнүн материалы кыргыз ыр маданиятынын бир бөлүгү, ритм жана уйкаштык ар дайым көчмөн элдин канында жашап келген деген ойду айтат. Ал оозеки поэзияны «тубаса көркөм чыгарма» деп эсептеп, «ыр түзүүнүн татаалдыгын», андагы салыштыруунун молдугун белгилейт. Манастаануу илиминде манасчылар жөнүндөгү алгачкы пикирди да В. айткан. Ал манасчылардын укмуштай эске тутуу жөндөмдүүлүктөрүнө, алардын элдин басып өткөн тарыхый жана рухий турмушун толук чагылдырган, азыр бизге айрым бир белгилүү тарыхый маалыматтарды толуктоого жана аларды тактоого мүмкүнчүлүк берген өз доорунун керемет чыгармасын эл эсинде түбөлүк сактап келгендиктерине чоң маани берген. Мунун өзү «Манас» эпосун биздин күнгө чейин сактап жеткирүүдө чоң роль ойногон, байыркы оозеки айтуучулук салтты В. жогору баалаган деп айтууга мүмкүнчүлүк берет. Ал «Манас» эпосунун айрым бир эпикалык мотивдерине талдоо берүү менен ага гректердин эпикалык салттарынан окшоштук табат. Грек эпосундагы Полифемди кыргыз жомокторундагы жалгыз көздүү дөө менен бирдей карайт. Эпоско карата болгон мындай мамиленин өзү фольклористикадагы орток сюжеттерди салыштырып издөөгө жол ачып берди. В. оозеки поэтикалык чыгармаларды изилдөөдөгү өз ара байланыш жана өз ара таасир тийгизүү проблемасынын алгачкы баскычында турган. Ошентип, оозеки чыгармаларды талдоодо козгогон проблемаларын жөн гана санап чыкканыбызда да В-ду терең изилдөөчү катары баалоого толук негиз бар.
Р. Кыдырбаева

ВАЛИХАНОВ