
Валюта
Толковый словарь юридических терминов и понятий (2005-ж.) (ru-ky)
ВАЛЮТА (ит. valuta , сөзмөсөз – баа, нарк) – 1) мамлекеттин акча тутумунун негизин түзгөн акча бирдиги (м.: КР акча бирдиги – сом); 2) мамлекеттин акча тутумунун түрү (алтын В-сы, кагаз В-сы); 3) чет өлкөлөрдүн акча белгиси (банкнот, казына билети, тыйын), эларалык эсептешүүлөрдө колдонулуучу (чет өлкө В-сы) кредиттик жана төлөм документтери (вексель, чек ж. б.) (кара: ошондой эле Валюта баалуулуктары ).