Валютное регулирование
Толковый словарь юридических терминов и понятий (2005-ж.) (ru-ky)
ВАЛЮТАЛЫК ЖӨНГӨ САЛУУ – эларалык эсептерди жана валюталык баалуулуктар менен бүтүм жасоо тартибин жөнгө салууга багытталган мамлекеттин ишмердиги. КРУБ В. ж. с. милдетин төмөндөгүдөй жүзөгө ашырат: чет өлкөлүк валюта менен аткарымдарды жүргүзүүнү жөнгө салуучу ченем актыларын чыгаруу; валюта ортомчуларына, банктарга лицензия берүү жана кайтарып алуу; КР мыйзамдарына ылайык, алардын ишине көзөмөлдүк кылуу.