Вексель опротестованный
Толковый словарь юридических терминов и понятий (2005-ж.) (ru-ky)
НААРАЗЫЛЫК КӨРСӨТҮЛГӨН ВЕКСЕЛЬ – вексель кармоочу карызкордун төлөөдөн баш тартуусун нотариус аркылуу күбөлөгөн вексель. Нааразычылык өз учурунда (төлөм күнүнөн кийинки бирнече күндүн ичинде) аяктоосу векселди кармоочуга башкы карызкор үчүн тең жоопкерчилик тартуучу баардык кишилерге карата доо коюуга мүмкүндүк берет.