Переводчик Translate.kg

ВВЕДЕНИЕ В ИЗУЧЕНИЕ МАНАСА

Энциклопедия - Аалам-Манастын музыкасы (ky-ky)
«ВВЕДЕНИЕ В ИЗУЧЕНИЕ «МАНАСА» («Манасты» изилдөөгө киришүү) — В. М. Жирмунскийдин 1948-ж. кол жазма укугунда жарык көргөн монографиясы (Фр., СССР Илимдер акдемиясынын Кыргыз филиалынын басмасы, 111-б.). Китеп «Алгы сөздөн» («Предисловие»), беш баптан, корутундудан жана пайдаланылган адабияттардын тизмесинен турат. «Алгы сөздө» автор монографиянын максаты (16-б.), өзгөчөлүгү, аны жазууда колдонулган негизги булактар жөнүндө кыскача баяндайт.
Биринчи бап — «Эпикалык салт» («Эпическая традиция»)— «Манасты» атадан балага мурасталып, такталып, өнүгүп, өсүп, өзгөрүп келе жаткан оозеки эпос экендигин белгилөөгө арналган. В. М. Жирмунский «Манастагы» окуялардын, мотивдердин жана сюжеттердин салттуулук белгилерин айтып келип, манасчыларды негизинен эки мектепке бөлгөн: биринчиси Тянь-Шань мектеби (Сагымбай Орозбак уулу), экинчиси Ысык-Көл мектеби (Саякбай Карала уулу). Ушул эле бапта Саякбай Карала уулу менен Сагымбай Орозбак уулунун өмүрү, чыгармачылыгы жөнүндө маалыматтар, Манасты жазып алуу, жарыялоо жана изилдөө тарыхы кыскача айтылган. «Манастын» сюжетин изилдөөгө арналган экинчи бапта баатыр «Манастын» эпикалык таржымалы (төрөлүшү, ат коюу, балалык чагы, биринчи эрдиги, үйлөнүшү, баатырдын иштери, өлүмү), өз туугандары жана вассалдары менен болгон мамилелери (Көзкамандар, жети кан окуясы жана башкалар), бейпил турмуштун, шаан-шөкөттөрдүн сүрөттөлүшү (Көкөтөйдүн ашы жана башкалар), Манастын казаттары (Чоң казат, Кичи казат жана башкалар), этнографиялык тарыхый материалдар жана дүйнө элдеринин эпикалык мурастарынын фактылары менен салыштыра изилденген. Үчүнчү бапта эпостун идеясы жана образдары талдоого алынат. Манас, анын кырк чоросунун образдары жана алардын эпостогу идеялык мазмундук милдеттери, сүрөттөлүш өзгөчөлүктөрү, жөнүндө кең-кесири сөз болот.
Монографиянын талаш-тартыш туудуруп, азыр да окумуштуулардын талкуусунан кала элек бөлүгү — төртүнчү бап — «Эпопеянын келип чыгышы жана өнүгүшү». Тарыхый, фольклордук материалдарды кеңири пайдалануу менен «Манастын» эпос катары калыптаныш тарыхын изилдеген. «Манастын» башка түрк элдеринин эпикалык мурастары менен болгон байланыштары ырааттуу түрдө талданган. Баптын негизин окумуштуунун «Манастын» эпос катары калыптаныш тарыхына карата айткан бүтүмү түзөт. Ал эпостун калыптанышы үч этаптан тураарлыгын көрсөткөн. Ал эми акыркы бапта болсо, «Манастын» уландысы болгон «Семетей» жана «Сейтек» эпосторунун сюжеттик — композициялык өзгөчөлүктөрү, образдары талданат. Эки эпосто тең «Манаска» караганда кийинки мезгилдердин таасири көбүрөөк тийип, баяндоо ыкмалары да бир беткей болуп калгандыгын белгилейт. Окумуштуу акырында, «Семетей», «Сейтек» эпостору 17 — 18-кылымда толук калыптанган болуу керек деген божомол айтат. В. М. Жирмунскийдин бул монографиясынын илимий мааниси азыр да өз күчүн жогото элек. «Манастын» калыптанышы, тарыхыйлыгы тууралуу айтылган пикири илимий көз караш катары жашап келет. Бул эмгек кийин айрым толуктоолор, тактоолор менен В. М. Жирмунскийдин өзүнүн «Народный героический эпос» (М.—Л., 1962), «Тюркский героический эпос» (Л., 1974) деген китептеринде жана авторлор коллективинин «Киргизский героический эпос «Манас»» (М., 1961) аттуу жыйнакта жарык көргөн.

ВВЕДЕНИЕ В ИЗУЧЕНИЕ МАНАСА